Россия ТИМи: Америкалыктар Сириядагы ички жаңжалды чечүүгө кызыкдар эмес

Америкалыктар Сириядагы ички чыр-чатакты чечүүгө кызыкдар эмес, деп билдирди Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов.

Бул туурасында ал  Казакстандын борборунда Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Астана форматындагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында билдирди.

Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Астана форматындагы сүйлөшүүлөр бүгүн, 20-июнда Россия менен Сирия өкмөтүнүн делегацияларынын жолугушуусу менен башталды.

Бул мындай форматтагы сүйлөшүүлөрдүн 20-раунду. Россия тараптан Россиянын президентинин эки атайын өкүлү – Александр Лаврентьев жана Тышкы иштер министринин орун басары да болгон Михаил Богданов катышууда.

“Америкалыктар ал жерде өздөрүнүн администрациясы менен квази-мамлекет уюштуруп жаткан бир катар күрт уюмдарына таянышат жана аларды колдошот. Бул таптакыр кабыл алынгыс. Бул Сириянын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузуу болуп саналат. Албетте, биз күрттөрдүн көйгөйлөрүн диалог аркылуу чечүүнү жактайбыз. Бирок, тилекке каршы, менин оюмча, америкалыктар буга кызыкдар эмес жана алар күрт союздаштарына Дамаск менен диалогго барууга жол бербей жатышат”, – деп Богданов билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.

Ал белгилегендей, сүйлөшүүлөр процесси өз ара урматтоо жана аймактык бүтүндүк, мамлекеттердин биримдиги жана суверенитетинин принциптерине негизделиши керек.

“Акыркы 12 жылдан ашык убакыттан бери көптөгөн көйгөйлөр пайда болду: качкындардын кайтып келиши, коопсуздук маселелери жана терроризмге каршы биргелешип күрөшүү. Биз бул маселелерди бири-биринен ажыратпай чечебиз. Мисалы, качкындардын кайтып келиши бир гана террордук күчтөрдү жок кылууну талап кылбастан, экономикалык маселе, экономиканы калыбына келтирүү, талкаланган шаарлардын, айылдардын инфраструктурасын калыбына келтирүүнү талап кылат. Бул биргелешкен күч-аракет менен жасалышы керек. Биз араб өлкөлөрүнүн колдоосуна да үмүттөнөбүз”, – деп кошумчалады Богданов.

Ал 10-майда Москвада Россия, Сирия, Түркия жана Ирандын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болгонун эске салды.

“Бизге Сирия менен Түркиянын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди жөнгө салуу процесси үчүн жол картасын даярдоо тапшырмасы берилди. Бул иште жылыш болот деген үмүттөбүз”,- деди ал.

Астанада ошондой эле Россия, Түркия, Сирия жана Ирандын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде төрт тараптуу жолугушуу өтөт, анын негизги максаты мамилелерди жөнгө салуу маселеси болуп саналат.

Сүйлөшүүлөргө Түркиядан тышкы иштер министринин орун басары Бурак Акчапар, Сириядан – тышкы иштер министринин орун басары Айман Сюзан, Ирандан – тышкы иштер министринин жардамчысы Али Асгар Хаджи катышууда.

Эске салсак, 10-майда Москвада Россия, Түркия, Иран жана Сириянын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде төрт тараптуу жолугушуу болуп, анын жыйынтыгында министрлер Дамаск менен Анкаранын мамилесин жөнгө салуу боюнча жол картасынын долбоорун даярдоого киришүүнү тапшырышкан.

Анда Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров жол картасынын артыкчылыктуу темаларын атаган. Алардын арасында Сирия өкмөтүнүн бүткүл өлкө боюнча көзөмөлүн калыбына келтирүү, сириялык-түрк чек арасынын коопсуздугун камсыз кылуу, чек арадан кол салууларды жана террорчулардын кирип кетүү мүмкүнчүлүгүн жоюу маселелерин чечүү бар.

Комментарий жиберүү