Россия тактикалык өзөктүк курал колдонсо, ал АКШ Хиросимага таштаган бомбадан үч эсе жогору болот

АКШнын президенти Жо Байден орус мамлекет башчысы Владимир Путиндин Украинадагы согуштун жүрүшүндө тактикалык өзөктүк курал колдонууга буйрук берүү боюнча коркутуусун “реалдуу” деп атады.

Байден бул тууралуу дүйшөмбү күнү өзүнүн шайлоо өнөктүгүнүн демөөрчүлөрү менен Калифорния штатында жолукканда айтканын Reuters агенттиги жазды.

“Эки жыл мурда Колорадо дарыясы соолуп калышы мүмкүн деп айтканымда баары тең мени таңыркап карашкан. Путин тактикалык өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенин айтканда да мага ошондой карашты. Бирок бул реалдуу”, – деди Байден.

Акыркы бир жылдын ичинде АКШнын түштүк-батышы үчүн ичүүчү суунун негизги булагы эсептелген Колорадо дарыясындагы суунун азаюусу кескин тездеди. Бул климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу. Быйыл АКШнын бин нече штаты сууну керектөөнү азайтуу боюнча буга чейин болуп көрбөгөндөй чараларга барды.

Ишемби күнү Байден Россиянын Беларустун аймагына тактикалык өзөктүк курал жайгаштыруусун кескин сынга алып, аны “таптакыр жоопкерчиликсиз кадам” деп атаган. Россиянын Тышкы иштер министрлиги өзөктүк курал Беларуска “мөөнөтсүз” жайгаштырыларын билдирген.

Байден кайсы маалыматтардын негизинде Россия өзөктүк курал колдонушу мүмкүн деген жыйынтыкка келгенин тактап айткан жок. Буга чейин АКШ армиясы менен президенттик администрациянын өкүлдөрү азырынча Россиянын өзөктүк соккуга даярдык көрүп жатканынын белгилери жок экенин билдирип, АКШнын өзөктүк күчтөрүнүн согушка даярдык деңгээлин өзгөртпөй тургандыктарын белгилешкен.

Бир катар батыш талдоочулары Россия фронтто кооптуу абал жаралса Украинада тактикалык курал колдонушу мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Өткөн жумада белгилүү кремлчил саясат таануучу Сергей Карагановдун макаласы чоң резонанс жараткан. Макалада ал орус бийлигин Польшага же Борбордук же Чыгыш Европада жайгашкан НАТОго мүчө өлкөгө өзөктүк сокку урууга чакырган.

Путин өткөн жумада Петербургдагы экономикалык форумда сүйлөп жатып, Россия өз доктринасына ылайык өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенин айткан.

Байден өз сөзүндө континенттер аралык соккулар үчүн пайдаланыла турган стратегиялык эмес, кубаттуулугу кыйла аз тактикалык өзөктүк курал жөнүндө айтты.

Бирок тактикалык өзөктүк курал деле чоң кыйратуучу күчкө ээ. Александр Лукашенконун айтымында, Беларуска жайгаштырылган өзөктүк курал АКШ 1945-жылы Жапониянын Хиросима шаарына таштаган бомбадан үч эсе кубаттуу.

Комментарий жиберүү