Бишкекте коомдук унаалар эртең менен жана кечинде гана каттайт. Алардын иштөө тартиби

Бишкекте коомдук унаалар эртең менен жана кечинде гана каттайт. Алардын иштөө тартиби

Бишкекте коомдук унаалардын ишине өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди. Анын айтымында, коомдук унаалар иш күндөрү түшкү маал тыныгуу менен иштеп, дем алыш күндөрү такыр ишке чыкпайт. “Коомдук унаалар – троллейбус, автобус жана кичи автобустар эртең менеки саат 07:00дөн 10:00гө чейин иштеп, саат 10:00дөн 17:00гө чейин тыным алышат. Андан кийин 17:00дөн кечки 21:00гө чейин иштешет. Ишемби жана жекшемби күндөрү каттамга чыгышпайт”, – деди ал.

Прочитайте больше

Трамп тарыхта эл аралык сот жообуна тартылган биринчи президент!

Трамп тарыхта эл аралык сот жообуна тартылган биринчи президент!

Америкалык жарандын Ирандын Трампты камакка алуу талабы тууралуу кызыктуу Твиттери.  Jam News агенттигинин маалыматына ылайык, Трамптын оппоненттеринин бири Твиттердеги баракчасында Ирандын АКШнын президентине каршы доо арызы жөнүндө мындай деп жазган: “Трамп эл аралык деңгээлде камакка алуу талабы коюлган биринчи президент!” Белгилей кетсек, Ирандын Сот бийлиги маркум генерал Касем Сулейманинин террордолушуна шектүү 36 адамды жоопко таруу чечимин чыгарган.Буга кошумча террордоого буйрук берген АКШ президенти Дональд Трампты эл аралык издөөгө алуу талабы коюлган.

Прочитайте больше

COVID-19: Бир суткада беш бейтап каза болду, оору жуккан 439 адам жаңы катталды

COVID-19: Бир суткада беш бейтап каза болду, оору жуккан 439 адам жаңы катталды

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бул илдетке чалдыккандардын бир суткадагы саны кайрадан эң көп көрсөткүчкө жетти. 1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, кечээтен бери 439 бейтап жаңыдан катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 195 адам. Чүй облусунда 175, Жалал-Абад облусунда 24, Баткен облусунда 13, Талас облусунда 12, Нарын облусунда 10, Ош шаарында жана Ош облусунда бештен адам. Бир сутка ичинде беш бейтап каза болду: Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 57 жана…

Прочитайте больше

Кремль: Путин, Рухани жана Эрдоган бүгүн виртуалдык үч тараптуу жолугушуу өткөрүшөт

Кремль: Путин, Рухани жана Эрдоган бүгүн виртуалдык үч тараптуу жолугушуу өткөрүшөт

Орусия президентинин маалымат катчысы Путин, Рухани жана Эрдогандын катышуусунда Сирия боюнча Астана процессинин алкагында үч тараптуу сүйлөшүүлөр видеоконференция аркылуу өткөрүлөрүн билдирди. Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Кремль Орусиянын президенти Владимир Путин, Түркиянын президенти Режеп Таиб Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышууларында 1-июлда  видео конференция өткөрүлөрүн тастыктады.Белгилей кетсек, Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бүгүн журналисттерге маек берип, Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн “Астана сүйлөшүүлөрүнүн” алкагында Орусия, Түркия жана Иран президенттеринин видеоконференциясы боюнча тараган айрым…

Прочитайте больше

Иран Трампты Интерполдун издөө тизмесине киргизди

Иран Трампты Интерполдун издөө тизмесине киргизди

Иран бийликтери генерал Сулайманини өлтүргөндүгү үчүн АКШнын президентинин камалышын талап кылышууда. Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Иран АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругу менен Иран Ислам Революциялык Сакчылар Корпусунун (IRGC) генералы Касем Сулейманинин өлтүргөндүгү үчүн анын Интерполдон эл аралык издөөгө алынышын талап кылды.“Касем Сулейманини террордоо  планына катышы бар 36 адамды аныктоого мүмкүн болду, алардын арасында АКШнын жана башка өлкөлөрдүн саясий жана аскер ишмерлери бар”,- деди Тегерандын прокурору Али Мехр. Прокурордун айтымында, бул адамдарга “киши өлтүрүү” жана “терроризм” боюнча…

Прочитайте больше

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19дун келип чыгышын иликтөө үчүн Кытайга эксперттик топ жиберет

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19дун келип чыгышын иликтөө үчүн Кытайга эксперттик топ жиберет

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйшөмбү күнү коронавирустун келип чыгышын иликтөө үчүн Кытайга келерки жумада адистердин тобу жөнөтүлөрүн билдирди. Бул тууралуу аталган уюмдун баш катчысы Тедрос Адханум билдиргенин «Fars News» агенттиги маалымдады.Тедрос Адханом Женевада өткөн маалымат жыйынында, “Баардыгын, анын ичинде вирустун келип чыгышын дагы билгенден кийин, биз аны менен жакшы күрөшө алабыз. Жакында бул маселени иликтөө үчүн Кытайга команда жиберебиз”, – деди. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы бул кадам вирустун кандайча жайылып жаткандыгын түшүнүүгө жана дүйнөнү келечектеги инфекцияларга…

Прочитайте больше

Президент Жээнбеков: Азырынча кайрадан карантин киргизүүгө барбайбыз

Президент Жээнбеков: Азырынча кайрадан карантин киргизүүгө барбайбыз

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү ант бергенден кийин сөз сүйлөдү. Мамлекет башчы эпидемиологиялык кырдаалга кайрылып, “азырынча чектөөлөр аркылуу абалды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бар” деп, кайрадан карантин киргизип кырдаалды күч менен көзөмөлдөө азырынча зарыл эместигин белгиледи. Ошол эле мезгилде президент өзгөчө кырдаал режими, карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин тескерисинче оору күчөп кеткенин ага жоопкерчиликтүү мамиле жасалбай жатканы менен байланыштырды: “Чектөөлөр алынгандан кийин оору күч алып, медицина кызматкерлеринин буга чейинки кылган ишин жокко чыгара турган…

Прочитайте больше

NASA коронавируска каршы шуру жасап чыгарды

NASA коронавируска каршы шуру жасап чыгарды

NASA космостук агенттигинин инженерлери 3D принтеринин жардамы менен коронавирус жуктуруунун алдын ала турган шуру жасап чыгарышты. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Daily Mail” басылмасына шилтеме берип кабарлады. “Pulse шурусунун максаты – COVID-19 вирусунун жайылышын азайтуу. Илдет вируска булганган жерлерди кармалагандан кийин бетке (көз, ооз жана мурун) кол тийгизүү аркылуу жугат. Шуруну тагынган адам колун бетине тийгизерде шурудагы кулон дирилдеп эскертип турат”, – деп айтылат  NASAнын билдирүүсүндө. Бирок NASA бул шуру коронавирустан коргоочу беткаптын жана башка жеке коргонуучу каражаттардын…

Прочитайте больше

Иран коронавирустун вакцинасын адамдарга сынай баштайт

Иран коронавирустун вакцинасын адамдарга сынай баштайт

Ирандын Саламаттык сактоо жана билим берүү министри Саид Намаки Иран COVID-19дун вакцинасын өндүрүүдө абдан натыйжалуу кадамдарды жасаганын жана жакында бул вакцина адамдарга сынала башталарын билдирди. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады. Намаки Тегеранда өткөн “Pharmex West Asia 2020” деп аталган эл аралык фармацевтикалык көргөзмөнүн ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө ирандык изилдөөчүлөр коронавирустун вакцинасын өндүрүүгө аракет кылып жатышканын айтты. Анын айтымында, вакцина жаныбарларга ийгиликтүү сыналды жана жакында ал адамдарга сынала баштайт. Ал ошондой эле өлкө ичинде дары-дармек жана медициналык жабдуулар…

Прочитайте больше

Бисмиллахтын пазилети

Бисмиллахтын пазилети

Суроо: Аузу жана Бисмиллахтын (Аузубиллахиминашшайтанирражим Бисмиллахиррахманиррахим) мааниси кандай? Жооп Аузубиллахиминашшайтанирражим – “Аллахтын ырайымынан узак болгон жана каар-азабына учурап, дүнүйөдө жана акыретте хэлак болгон (куруган) шайтандан Аллаху таалага сыйынамын, коргономун, жардам күтөмүн. Ага жалбарып кайрыламын” деген маанини билдирет. Бисмиллахиррахманиррахим – “Бар болгон бардык нерсеге аны жаратуу менен жана жашоодо кармап туруу менен, жок болуудан коргоо менен жакшылык кылган Аллаху тааланын жардамы менен бул ишимди кыла алуудамын” деген маанини билдирет. Бисмиллахтын пазилеттери Суроо: Бисмиллахтын пазилеттери кандай? Жооп Алгач жазылган бул –…

Прочитайте больше

Коронавирус террорчулардын жаңы куралына айландыбы?

Коронавирус террорчулардын жаңы куралына айландыбы?

КМШнын Антитеррордук борборунун жетекчиси Андрей Новиков террордук топтор коронавирусту коомдук жайларда, мамлекеттик мекемелерде жана башка жерлерде атайылап жайылтып жатышканын билдирди. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Новиков ТАСС агенттигине берген маегинде, эл аралык террордук топторго байланышы бар жалдангычтар жаңы күчтөрдү тартуу менен коронавирусту атайылап ар кайсы жерлерге жайылтууну көздөп жатышат деп билдирди. “Мамлекеттер өз жарандарынын өмүрүн жана ден-соолугун сактоону негизги максат кылып, элдин саламаттыгынын коопсуздугун камсыз кылууга аракет кылып жатканда, эл аралык террордук топтордун жалдангычтары оор кырдаалды…

Прочитайте больше

Бангладеште эки кеме сүзүшүп, 28 киши каза тапты

Бангладеште эки кеме сүзүшүп, 28 киши каза тапты

Бүгүн, 29-июнь Бангладештин борбор шаары Даккадагы Буриганга дарыясында эки кеме сүзүшүп, кеминде 28 киши каза таап, ондогону дайынсыз болууда. Бул тууралуу Бангладештин расмий өкүлдөрү маалымдашканын “Fars News” агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, кемелер сүзүшкөндөн кийин 50дөн ашык жүргүнчүсу бар болгон кеменин бири оодарылып, чөгүп кеткен.  AFP агенттиги бул окуя боюнча өзүнүн баяндамасында кемелердин кырсыкташына кеме жүргүзүү линияларындагы коопсуздук стандарттарынын алсыздыгы себепчи болгондугун жазды.

Прочитайте больше

Трамп коомдук нааразычылыктардан улам Твиттердеги расисттик билдирүүлөрүн алып салууга аргасыз болду

Трамп коомдук нааразычылыктардан улам Твиттердеги расисттик билдирүүлөрүн алып салууга аргасыз болду

АКШнын президенти 28-июнда Твиттердеги баракчасына расисттик видеосун жарыялагандан кийин, бир саат өтүп кайра алып салууга аргасыз болду. Эл аралык Tasnim News агенттиги билдиргендей, АКШ президенти Твиттердеги расисттик видеосун алып салгандан кийин, Ак үй Дональд Трамп үчүн кечирим сурады.Белгилей кетсек, Трамп Твиттерде жарыялаган видеонун бир бөлүгүндө, Трамптын күйөрмандарынын калпагын кийген бир киши “Американын ак күчү” деген терминди колдонгон. Бул терминди америкалык ак жуумал расисттер колдонушат.Бул видео расисттерге каршы активисттердин кыжырына тийип, күзүндө боло турган шайлоодо Дональд Трамптын добушун…

Прочитайте больше

Өлкө боюнча пневмония менен 300дөй киши ооруп жатат

Өлкө боюнча пневмония менен 300дөй киши ооруп жатат

Республикалык штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып, өлкөдөгү медициналык мекемелерде орундар жетиштүү, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок экенин маалымдады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 28-июнга карата өлкөдөгү медициналык мекемелерде даярдалган 1976 орундун 1047сине бейтаптар жаткырылды. Калган 929 орун бош турат. “Учурда ооруканаларда орундар жетиштүү. Бирок акыркы учурда бейтаптар көбөйүп жатканына байланыштуу орундар тез эле толуп калышы мүмкүн. Ошондуктан жаңы орундарды даярдоо боюнча бир катар чаралар…

Прочитайте больше

Түркияда 2016-жылдагы төңкөрүшкө катыштыгы бар 121 адам өмүр бою эркинен ажыратылды

Түркияда 2016-жылдагы төңкөрүшкө катыштыгы бар 121 адам өмүр бою эркинен ажыратылды

Түркияда 2016-жылдагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракети боюнча өткөн сот жараянында конституциялык түзүлүштү бузууга  жана Эрдогандын бийлигин кулатууга аракет кылган деген айып менен 121 адам өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Түркиянын мамлекеттик маалымат каражаттары маалымдашканын “Fars News” агенттиги кабарлады. “Аlarabiya” телеканалы маалымдагандай, Анкарадагы сот 121 кишинин ичинен 86 адамды конституциялык түзүлүштү бузууга  аракет кылган деген айып тагып, өмүр бою абак жазасына кести. Түркия бийлиги 2016-жылдагы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштүн артында динаятчы Фетхуллах Гүлен турат деп…

Прочитайте больше
1 2 3 4 84