Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотуу иши боюнча сот өкүмү чыкты, Атамбаевге 11,2 жыл чегерилди

Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотуу иши боюнча сот өкүмү чыкты, Атамбаевге 11,2 жыл чегерилди

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу сот өкүмү чыкты. Ишти караган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов 23-июнда өкүмдү угузуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлүү деп тапты жана аны 11 жыл эки айга эркинен ажыратуу, сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу чарасын чегерди. Тагыраак айтканда: Toyota, Mitsubishi, BMW, MAN маркаларындагы беш автомашина, Чүйдүн Кой-Таш, Арашан жана Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылдарындагы жалпысынан жети жер тилкеси жана бир жайыт, Ден соолукту чыңдоо…

Прочитайте больше

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал коопсуздук кеңешинде талкууланып жатат

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал коопсуздук кеңешинде талкууланып жатат

Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өтүп жаткан жыйында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал талкууланууда. Жыйынга бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери катышып жатат. Президенттик аппараттын маалыматына караганда, мамлекет башчыга вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Кыргызстанда 19-июнга карата 132 адамдан коронавирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан бери Кыргызстанда бир суткада вирус аныкталган эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин 16-июнда бир суткада 100 адамдан аныкталган….

Прочитайте больше

Эрдоган: «Кудс дүйнөлүк мусулмандардын кызыл чийини болуп саналат»

Эрдоган: «Кудс дүйнөлүк мусулмандардын кызыл чийини болуп саналат»

Эрдоган, Палестинанын жерлеринин эч кимге берилишине жол бербей тургандыгын айтты. Президент АКШдагы мусулмандарга видеолуу Орозо айт майрамы билдирүүсүн жөнөттү. Билдирүүсүндө: «Жараткандан бул ыйык күндөрдүн Америкадагы мусулмандар менен бүткүл Ислам дүйнөсүнүн жана адамзаттын тынчтык, коопсуздук, ынтымагынын негизинде жашай турган мезгилдин сүйүнчүсү болушун тилеймин»,-деп баштаган Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус(Covid-19) пандемия процессинин дүйнөдө эч бир аймак, улут же өлкө үчүн иерархиялар жана бөлүүчүлүктөрдүн жарактуу болбогонун көрсөткөнүн белгиледи. «Үч диндин ыйыгы болгон, алгачкы кыбылабыз Кудс-ү Шерифтин дүйнөлүк мусулмандардын кызыл…

Прочитайте больше

Чек ара кызматы: Тажикстан чек арадагы абалды атайын курчутуп жатат

Чек ара кызматы: Тажикстан чек арадагы абалды атайын курчутуп жатат

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстан акыркы учурларда кыргыз-тажик чек арасында абалды атайын курчутуп жатканын билдирди. Мекеме тараткан билдирүүдө чек арада жагдайды «жасалма дестабилдештирүү» тажик тарапка пайдалуу болуп жатканы айтылат. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 23-майдан баштап эле Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Кыргызстандын Баткен районунун Мойнок жергесинин аймагына мал жаюуга аракет кылып жатышкан. «Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагында малдын мыйзамсыз жайылып жүргөнүнө байкоо жүргүзүшкөн, бирок Ворух анклавынын жашоочуларына чара көрүшкөн эмес», – деп айтылат маалыматты….

Прочитайте больше

Бишкек: Балдар ооруканасында бейтаптардан, энелерден жана кызматкерлерден COVID-19 табылды

Бишкек: Балдар ооруканасында бейтаптардан, энелерден жана кызматкерлерден COVID-19 табылды

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Гематология бөлүмү жаңы бейтаптарды кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу 7-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, коронавирус бул жерде дарыланган бир нече баладан, алардын апаларынан жана эки кызматкерден табылган.: “Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө чыңалган эпидемиологиялык кырдаал түзүлгөнүн кабарлаганбыз. Ал жерде 17-24-апрелде бир бейтап бала жаткан апасы менен. Ооруканадан чыккандан кийин бир нече күн Бишкекте болуп, анан Тогуз-Торо…

Прочитайте больше

Жээнбеков: Той-аштарга тыюу күчүндө кала берет

Жээнбеков: Той-аштарга тыюу күчүндө кала берет

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген айрым чектөөлөр алынса да, той-аштарга жана башка эл көп чогулуучу иш-чараларга салынган тыюу азырынча алынбайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Президент Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында сүйлөп жатып айрым чектөөлөр өзгөрүүсүз каларын айтты: «Мисалы, маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө салынган тыюу күчүндө калат. Жогорку окуу жайлары, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирүүдө/чыгууда санитардык-карантиндик блокпосттор өз ишин улантат». Коопсуздук кеңешинин жыйынында экономикалык ишмердүүлүккө кайрадан баскыч-баскычы…

Прочитайте больше

Окумуштуулар сууну ичип ашыкча салмактан арылса болорун аныкташты

Окумуштуулар сууну ичип ашыкча салмактан арылса болорун аныкташты

Туура жана үзгүлтүксүз кадимки сууну ичүү ашыкча салмактан арылууга шарт түзөт. Мындай жыйынтыкка япониялык окумуштуулар келгенин Focus.de порталы жазды. Адистердин айтымында, ойгонгондон кийин кофе же чайдын ордуна бөлмө температурасындагы бир стакан сууну ичүүнү сунуштайт. Сууну тишти жууганга чейин ичип, 45 мүнөттөн кийин гана тамактануу керектелет. Суу – адамдын ачкачылык сезимин басаңдатууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле окумуштуулар эрте мененки тамактануудан кийин эки саат бою эч нерсе жебөөгө чакырат. Мындан улам, күн ичинде үзгүлтүксүз бир стакан сууну…

Прочитайте больше

Генералдын өлүмүнүн алгачкы кесепети: мунай менен алтын

Генералдын өлүмүнүн алгачкы кесепети: мунай менен алтын

Ирандын жогорку даражалуу генералы Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүнөн кийин Жакынкы Чыгышта туруксуздук башталды. Анын бир кесепети мунай менен алтындын баасы кымбаттады. Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, алтын акыркы алты жылдан берки эң жогорку чекке көтөрүлүп, унциясы 1,576.85 долларга жетсе, Brent үлгүсүндөгү мунайдын беррели 70 доллардан ашты. Мындан тышкары АКШнын 10 жылдык баалуу кагаздарынын кирешелүүлүгү 1,77 пайызга жогорулап, инвесторлордун аларга карата кызыгуусу күчөгөнү байкалган. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

16-декабрда кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Баткен облусунун Көк-Таш айылында Тажикстандын жарандары тактала элек чек ара тилкесинде тосмо тосуп башташкан. Буга нааразы болгон Кыргызстандын 30-40тай жараны чогулуп кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Окуя болгон аймакка Кыргызстандын Чек ара кызматынын кызматкерлери барып, тактала элек чек ара тилкесиндеги курулушту токтотууга чакырган. Бирок алар талапты аткарышкан эмес. Учурда…

Прочитайте больше

ЖЭБ иши: Сапар Исаков менен Айбек Калиев 15 жылга кесилди

ЖЭБ иши: Сапар Исаков менен Айбек Калиев 15 жылга кесилди

Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот өкүмү чыкты. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга кесилип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажырады. Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга абакка кесилди. Калган айыпталуучулар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн жана чыгымды төлөп бергени үчүн бошотулду. Судья «Электр…

Прочитайте больше

Кечкисин тамактануу жүрөк оорусуна алып келет

Кечкисин тамактануу жүрөк оорусуна алып келет

Адамдын организми кечки тамакты сиңире албайт. Андыктан аял кишинин кечки тамактануусу жүрөк оорусуна алып келүүсү мүмкүн. Мындай чечимге америкалык кардиолог Эвелина Грейвер келгенин MedicalXpress сайты жазып чыкты. “Биздин организм кечкисин тамакты жакшы сиңире албайт, аны менен бирге биз бул маалда аз кыймылдайбыз. Ошондуктан калория түрүндөгү энергияны коротпойбуз”, – дейт Грейвер. Буга чейин Нью-Йорктогу Колумбия университетинде 112 аял киши катышкан изилдөө жүргүзүшкөн. Изилдөөгө катышкан аялдардын орточо курагы 33 жаш болгон. Катышуучулар изилдөөгө чейин, изилдөө учурунда жана…

Прочитайте больше

Японияда зер буюмдар көргөзмөсүндө 1,8 миллион долларга бааланган алмаз уурдалды

Японияда зер буюмдар көргөзмөсүндө 1,8 миллион долларга бааланган алмаз уурдалды

Япониянын Йокогама шаарында зер буюмдар көргөзмөсүндө салмагы 50 карат (1 карат — 0,2 грамм) болгон алмаз уурдалганын Kyodo маалымат агенттиги жазды. 1,8 миллион долларга бааланган алмаздын жоголгонун көргөзмөнүн катышуучусу байкаган. “Көргөзмөгө келген катышуучу алмазды акыркы жолу, ал жоголгонго чейин бир саат мурун көргөн. Алмаздан башка зер буюмдар уурдалган эмес”, – деп жазат агенттик. Ууруларды аныктоо үчүн ал жактагы камерадагы тасманы көрүп чыгышкан. Анда көрүнгөндөй, бир учурда алмаздын жанында улгайган адам туруп калып, аны бир нече…

Прочитайте больше

Дастин Порье аукциондо Хабибдин футболкасын сатты

Дастин Порье аукциондо Хабибдин футболкасын сатты

UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы убактылуу чемпиону Дастин Порье Ebay аукционунда өзүнүн спорттук чолок шымын, кол кабын жана Хабиб Нурмагомедовдун футболкасын сатты. Бул тууралуу MMAJunkie басылмасы билдиргенин Чемпионат жазып чыкты. Аукциондо анын кийимдери 60 миң долларга сатылган. Түшкөн каражаттар Порьенин кайрымдуулук фондуна которулат. Америкалык мушкер ар бир беттештен кийин спорттук кийимдерин сатып, кайрымдуулук иштерге жумшайт. Эскерте кетсек, Абу-Даби шаарындагы UFC 242 турниринде Нурмагомедов менен Порье беттешкен. Таймаштын соңунда эки мушкер футболкалары менен алмашышкан. Хахиб Нурмагомедов…

Прочитайте больше

Үй жаныбарлары бар адамдарда жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу аз болот

Үй жаныбарлары бар адамдарда жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу аз болот

Окумуштуулар үй жаныбары бар адамдарда, айрыкча ит баккан кишилерде жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу аз болорун аныкташты. Бул тууралуу чехиялык дарыгерлер билдирип чыкканын MedicalXpress басылмасы жазды. Окумуштуулар жүрөк-кан тамыр системасы калыбында болгон 1 миң 769 адамга изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөгө катышкан адамдардын жашоо образы, тамактануусу, кан басымы, кандагы канттын өлчөмү, салмагы, холестерин жана физикалык активдүүлүгү эске алынган. Жыйынтыгында, үй жаныбарларын кармаган адамдар көп кыймыл аракетте болору жана туура тамактанары аныкталган. Ал эми, ит ээлеринин (жаш курагы,…

Прочитайте больше

Ирандык Халк дүйнөнүн эң коркунучтуу адамы менен күрөшөт

Ирандык Халк дүйнөнүн эң коркунучтуу адамы менен күрөшөт

Мартин  Форд  Сажад  Карийби менен күрөшүүгө даяр  экенин жарыялады. ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, «дүйнөдөгү эң коркунучтуу адам» аталган Мартин Форд Сажжад Карийби менен күрөшмөкчү. Белгилей кетсек, англиялык бул  мушкер аралаш күрөш өнөрлөрүндө ийгиликке жетпей калган. Учурда Польшада өтө турган KSW аталган ММА мелдештеринде ирандык Халк менен күч сынашмакчы.

Прочитайте больше
1 2