Голландиялык укук коргоочулар Рохинжа мусулмандарын колдоп чыгышты

Голландиялык укук коргоочулар Рохинжа мусулмандарын колдоп чыгышты

Голландиянын адам укуктарын коргоочу активисттер Мьянмага санкция киргизүүнү талап кылышты. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Эл аралык кылмыш соту Мьянма аскерлеринин рохинжалык мусулмандарды жапырт өлтүрүү иштерин териштиришүүдө.Белгилей кетсек, бул соттук отурумдан бир күн мурда голландиялык адам укуктарын коргоочу активисттер Мьянма өкмөтүнө санкция киргизүүнү талап коюшту. Мьянманын ТИМ жетекчиси жана башкаруучу партиянын лидери Aung San Suu Kyi Лагада өтүп жаткан 3 күндүк сот отурумуна катышып, соттун суроолоруна жооп бермекчи. Рохинжа мусулмандарынын коргоочулары жана Мьянма өкмөтүнүн колдоочулары жакын…

Прочитайте больше

Түркия франциялык 11 согушкерди Парижге өткөрүп берди

Түркия франциялык 11 согушкерди Парижге өткөрүп берди

Түркиянын ички иштер министрлиги чет өлкөлүк террорчуларды өз мекенине кайтаруу процессинин алкагында, ИШИМдин мүчөсү болгон Франциянын 11 жараны мекенине депортацияланганын маалымдады. Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “RT Arabic” телеканалына шилтеме берип жазды.  Түркиянын ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, чет өлкөлүк согушкерлерди мекендерине өткөрүп берүү операциясы улантылып жаткандыгы айтылды. Анкара  9-ноябрда ИШИМ террордук уюмунун туткундалган согушкерлерин өз мекенине депортациялоону баштаганын билдирген. Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу буга чейин Түркия ИШИМ согушкерлери үчүн мейманкана эмес деп билдирген.

Прочитайте больше

Орусия Олимпиада оюндарына катышуудан четтетилдиОрусия Олимпиада оюндарына катышуудан четтетилди

Орусия Олимпиада оюндарына катышуудан четтетилдиОрусия Олимпиада оюндарына катышуудан четтетилди

Дүйнөлүк антидопинг агенттиги (ВАДА) Орусия спортчуларын алдыдагы 4 жылдын ичиндеги бардык Олимпиада оюндарына катышууларына тыюу салынганын билдирди. «Mehr News» агенттигинин маалыматына ылайык, мындай чечимди ВАДАнын аткаруу комитети чыгарды.Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин комитети буга чейин Орусиянын спортчулары улуттук желегинин ордуна Эл аралык олимпиада комитетинин желеги менен 2020-жылдагы Олимпиада оюндарына катыша алышарын билдирген эле. Кечээ, дүйшөмбү күнү Швецияда антидопинг агенттигинин расмий өкүлдөрүнүн жыйынынан кийин, Орусиянын спортчулар командасы 2020-жылы Токиодо өтө турган жана 2022-жылы Кытайда өтө турган кышкы оюндарга катышуудан…

Прочитайте больше

Дүйнөдө курал сатуу көбөйдү

Дүйнөдө курал сатуу көбөйдү

Стокгольмдагы эл аралык тынчтыкты иликтеген институт – SIPRI акыркы бир жылда дүйнөлүк рынокто курал сатуу көбөйгөнүн жарыялады. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги жазды. Аталган институт 2018-жылы дүйнөдө курал сатуу 4,6%га көбөйгөнүн билдирди. Институттун маалыматына караганда, дүйнөдөгү курал-жарак өндүргөн ири 100 компаниянын курал сатуу көлөмү 420 миллиард долларды түзгөн. Курал-жарак базарында АКШ дагы эле биринчи орунда, америкалык компаниялардын курал-жарак сатуусунун жалпы көлөмү 246 миллиард долларды түзүп, бир жылдын ичинде 7%га көбөйгөн. Америкалык компаниялар АКШнын президенти Дональд Трамптын Орусия…

Прочитайте больше

Палестина басып алынгандан бери 1 млн. палестиналык камакка алынган

Палестина басып алынгандан бери 1 млн. палестиналык камакка алынган

Палестиналык бир борбор 1948-жылдан бери 1 млн. палестиналык сионисттик күчтөр аркылуу камакка алынышканын жарыялады. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, палестиналык тутукундарды изилдөө борборунун катчысы Рияз аль-Ашкар мындай деди: сионисттик режимдин күчтөрү аркылуу палестиналыктардын камалууларынын саны өсүп жатканына карабастан, өз жерин бошотууга болгон аракеттер жана туруштук берүүлөр күчөөдө. “Палестиналыктарды басынтуу жана жазалоонун эң тараган ыкмасы бул – аларды камакка алуу болуп саналат жана тилекке каршы сионисттик күчтөр бул ыкманы ар дайым колдонушат. Алар бул үчүн атайын көптөгөн…

Прочитайте больше

Сионисттик режим палестиналык кабарчылардын укуктарын бузушууда

Сионисттик режим палестиналык кабарчылардын укуктарын бузушууда

Палестина кабарчыларынын бирикмеси сионисттик режимдин аскерлери палестиналык кабарчылардын укуктарын бузуп жатышканын билдирди. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Палестина кабарчыларынын бирикмеси сионисттик режимдин аскерлеринин кол салууларынан өткөн айда эле 15 кабарчы жабыркап, ооруканаларга түшүшкөнүн жарыялады. Бирикменин билдирүүсүндө, кабарчылардын укуктарын бузуу көрүнүштөрү көбүнчө Халил шаарынын түндүгүндөгү Суриф айылында болгон.  Бул аймакта сионисттик аскерлердин кол салууларынан бир кабарчы көзүнө ок тийип, дагы ону жаракат алган. Берилген маалыматтарга караштуу, палестиналык кабарчыларга түздөн-түз кол салынган жана өткөн айда алардын 23ү газдан…

Прочитайте больше

SANA: Йеменде 1700 күндө 800 бала майып болду

SANA: Йеменде 1700 күндө 800 бала майып болду

Йемендин Улуттук куткаруу өкмөтүнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы сауд коалициясынын Йеменге каршы согушунда 1700 күндө 800дөн ашуун бала майып болуп калганын маалымдады. Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. Юсеф аль-Хазаринин айтымында,  сауд коалициясынын курчоосунун натыйжасында эл аралык Сана аэропорту  жабылып калып, андан улам Йемендин 350 миңдей жараны дарылануу үчүн чет өлкөгө чыга албай жатат. Алардын ичинен 42 миңге жакыны көз жумган. “Аlmasirah” телеканалы маалымдагандай, Юсеф аль-Хазари сауд коалициясынын Йеменге каршы улантып жаткан чабуулдарынан улам беш…

Прочитайте больше

Мамлекеттик айыптоо Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранды

Мамлекеттик айыптоо Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранды

Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда баш калаанын мурдагы жетекчилери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов боюнча сот иши уланды. Ага ылайык, мамлекеттик айыптоо Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранды. Жалпысынан бул иштин алкагында 13 кишинин жоопкерчилиги каралып жаткан. Сот жараянын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоо Бишкектин мурдагы вице-мэри Ренат Макеновду, мэриянын кызматкерлери Урмат Мырзакановду, Бакыт Турусбековду, Азамат Гүлжигитовду 8 жылга, мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүркановду, «Айкөл курулуш» компаниясынын жетекчиси Сейиткан…

Прочитайте больше

Москва: Американын санкциялары жоопсуз калбайт

Москва: Американын санкциялары жоопсуз калбайт

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Американын бул өлкөнүн жарандарына жана компанияларына каршы киргизген акыркы санкциялары жоопсуз калбайт деп билдирди. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. RT телеканалы маалымдагандай, Орусиянын тышкы иштер министрлиги Американын Орусияга каршы жаңы чаралары саясий аракет болгонун билдирди. Белгилей кетсек, 5-декабрда АКШнын каржы министрлиги “кибер коопсуздугуна” байланыштуу Орусиянын жана Украинанын 17 жаранына, ошондой эле орусиялык 7 компанияга санкция салган. Американын каржы министрлиги Орусиянын хакерлер тобунун мүчөлөрүн интернет вирустарды таркатуу аркылуу 100 миллиондон ашуун доллар уурдаган…

Прочитайте больше

Багдад башаламандык жараткандарга каршы чыкты

Багдад башаламандык жараткандарга каршы чыкты

Багдаддын миңдеген тургундары өлкөнүн аалымдарын колдошуп, Америка менен сионисттик режимдин башаламандык жаратуудагы иш аракеттерин айыпташты. “Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Ирактагы акыркы башаламандыктарга жооп катары миңдеген багдаддыктар тынчтык маанайдагы демонстрацияга чыгышты. Ирактын ас-Сумария ньюз агенттиги багдаддыктар өз өлкөсүнүн атактуу аалымдарына каршы чыккандарды жана башаламандык жараткандарга жооп катары Тахрир аянтына тынчтык маанайдагы демонстрацияга чыгышты. Берилген маалыматтарга караштуу, бул демонстрацияга эч кандай коопсуздукту сактоо күчтөрү кийлигише алышкан эмес. Демонстрацияга чыккандар өлкөнүн кадыр-барктуу аалымы жана шиялардын муфтийи Аятолла саид…

Прочитайте больше

Судан өз аскерлерин Йеменден чыгарат

Судан өз аскерлерин Йеменден чыгарат

Судандын премьер-министри Йемен согушуна катышып жатышкан өз аскерлерин өлкөгө кайтараарын кабарлады. Бул тууралуу Mehr агенттиги “ан-Нашра” маалымат порталына шилтеме берип маалымдады. Белгилей кетсек, Судандын премьер-министри Абдуллах Хамдук Йемендеги аскерлерин кайра өлкөгө чакыртып алаарын билдирген. Ал бул тууралуу мындай деди: Йемендеги судандык аскерлердин катышуусу мурдагы режимдин калган мурастарынан. Албетте, Йемен согушу аскердик чара көрүү менен чечилбейт. Андыктан бул согушка катышып жаткан ар бир өлкө аскердик ыкмаларын токтотуу менен саясий жолдор аркылуу бул маселени чечүүлөрү керек. Ал мындай деп…

Прочитайте больше

ЖЭБ иши: Сапар Исаков менен Айбек Калиев 15 жылга кесилди

ЖЭБ иши: Сапар Исаков менен Айбек Калиев 15 жылга кесилди

Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот өкүмү чыкты. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга кесилип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажырады. Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга абакка кесилди. Калган айыпталуучулар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн жана чыгымды төлөп бергени үчүн бошотулду. Судья «Электр…

Прочитайте больше

Ирактагы Американын эң чоң базасына чабуул жасалды

Ирактагы Американын эң чоң базасына чабуул жасалды

ЖМКалар Ирактагы Американын эң чоң аскердик базасына 5 ракета аттырылганын кабарлашты. Бул тууралуу Fars агенттиги ас-Сумария ньюс маалыматына шилтеме берип маалымдады. Белгилей кетсек, Ирактын аль-Анбар провинциясында жайгашкан «Айн аль-Асад» Американын ири аскердик базасына 5 ракета учуп түшкөн. Эске салсак, бул базаны өткөн жылы жаңы жылдын алдында Дональд Трамп жубайы менен көрүп өткөн. Ал эми Трамптын орунбасары Майк Пенс бир канча кун мурда Ирактын жетекчилери менен эч кандай расмий жолугушуу өткөрбөстөн, Айн аль-Асад базасына келип кеткен….

Прочитайте больше

Ооганстанда япониялык уюмдун унаасына жасалган чабуулда 5 киши набыт кетти

Ооганстанда япониялык уюмдун унаасына жасалган чабуулда 5 киши набыт кетти

Ооганстандын Нангархар провинциясында япониялык “Peace Japan Medical Services” өкмөттүк эмес уюмунун унаасына куралдуу чабуул жасалып, андан улам анын 5 кызматкери көз жумду. Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “Ava” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү япониялык уюмдун унаасына жасалган куралдуу кол салууда 5 киши каза болгонун тастыкташты. Билдирүүгө караганда, чабуул белгисиз адамдар тарабынан жасалган. Окуяда каза тапкандардын бардыгы ооган жарандары болгон. Буга чейин айтылган маалыматтарда кол салууда япониялык уюмдум жетекчиси Тэцу Накамуру жаракат…

Прочитайте больше

Израилдин түрмөлөрүндө 100дөн ашуун палестиналык майып бар

Израилдин түрмөлөрүндө 100дөн ашуун палестиналык майып бар

Палестинанын туткундар иши боюнча уюму азыркы учурда Израилдин абактарында 100дөн ашуун палестиналык майып камакта экенин маалымдады. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Аталган уюмдун маалыматына караганда, камакта жаткан бул майып адамдардын кээ бирлеринин акыл-эс жана физикалык жактан көйгөйлөрү бар. Палестинанын туткундар иши боюнча уюмунун изилдөө жана документтештирүү бөлүмүнүн башчысы Абдул Насер Форуане 3-декабрда жасаган билдирүүсүндө Израиль мүмкүнчүлүгү чектелген палестиналыктарды камакка алуу менен бардык эл аралык келишимдерди, айрыкча майып адамдардын укугу боюнча келишимдерди бузуп жатат деди. Анын айтымында,…

Прочитайте больше
1 2 3 66