Мамлекеттик айыптоо Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранды

Мамлекеттик айыптоо Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранды

Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда баш калаанын мурдагы жетекчилери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов боюнча сот иши уланды. Ага ылайык, мамлекеттик айыптоо Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранды. Жалпысынан бул иштин алкагында 13 кишинин жоопкерчилиги каралып жаткан. Сот жараянын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоо Бишкектин мурдагы вице-мэри Ренат Макеновду, мэриянын кызматкерлери Урмат Мырзакановду, Бакыт Турусбековду, Азамат Гүлжигитовду 8 жылга, мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүркановду, «Айкөл курулуш» компаниясынын жетекчиси Сейиткан…

Прочитайте больше

Москва Иран менен Ирактын мамилелерин бузгандарга эскертүү берди

Москва Иран менен Ирактын мамилелерин бузгандарга эскертүү берди

Орусиянын Жогорку даражалуу дипломаты Иран менен Ирактын мамилелерин бузууга аракет жасагандарга эскертүү берди. “Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү  Иран менен Ирактын алакалары бузулуусуна тынчсызданаарын билдирди. Белгилей кетсек, Василий Небензя Ирак кошуна өлкөлөр менен мамилелерин калыбына келтирүүгө укугу бар экенин жана эч ким буга тоскоолдук жартпоосу керектигин айтты. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан бери Иракта  башаламандыктар болуп, бир топ эл өлкөдөгү экономикалык жагдайга каршы нааразчылыктарын билдирип, митингге чыгышкан. Ал эми акыркы апталарда…

Прочитайте больше

Түркия бельгиялык эки согушкерди өз мекенине депортациялады

Түркия бельгиялык эки согушкерди өз мекенине депортациялады

Түркиянын ички иштер министрлиги кечээ, 29-ноябрда ИШИМ террордук уюмунун мүчөсү болгон Бельгиянын эки жаранын өз мекенине депортациялаганын маалымдады. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. “Sky News” телеканалы маалымдагандай, Түркия ИШИМдин катарына кошулуп кеткен бир тууган эже-сиңди, 24 жаштагы Фатима Бенмазиан жана 31 жаштагы Рахма Бенмазианды Бельгияга өткөрүп берди. Бельгиянын Федералдык прокуратурасы ИШИМдин мүчөсү болгон эже-сиңди кечээ, жума күнү кечинде Брюсселдин аэропортуна конгонун маалымдады. Прокуратуранын билдиришинче, ИШИМ террордук уюмунун катарына кошулгандыгы үчүн Фатима менен Рахмага сыртынан өкүм чыгарылып, 5…

Прочитайте больше

Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин жыйыны өтөт

Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин жыйыны өтөт

Бишкекте 28-ноябрь күнү ЖККУга мүчө мамлекеттердин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков кабарлады. Маалыматка ылайык, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына Кыргызстан, Казакстан, Беларусия, Россия, Тажикстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышат. Жыйындын жүрүшүндө ЖККУнун ишинин алкагында эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча актуалдуу маселелер тууралуу пикир алмашуу болот. “ЖККУнун ЖКК отурумунун күн тартиби 21 маселеден турат. Кыргызстан тарабынан демилгеленген глобалдык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө максатында ЖККУнун Жамааттык…

Прочитайте больше

Орусия: Американын Ирандагы акыркы окуяларга байланышы бар

Орусия: Американын Ирандагы акыркы окуяларга байланышы бар

Орусия ТИМнин басма сөз катчысы учурда пайда болгон Ирандагы бардык маселелерге Американын аракеттери себептүү экенин билдирди. Бул тууралуу Mehr агенттиги Спутникке шилтеме берип маалымдады.Орусия ТИМнин басма сөз катчысы Мария Захарова америкалык коллегасынын Иран боюнча билдирүүсүнө карата жооп кайтарды:  Иранда пайда болгон маселелердин көбүнө Американыны бул өлкөгө каршы аракеттери себептүү. Мария Захарованын айтымында, Иранда күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшү Американын Иранга каршы “санкциялык оор жана мыйзамсыз кысымдарынан “ улам келип чыккан. Ал ошондой эле ирандыктардын дары-дармек, азык-түлүк жана башка…

Прочитайте больше

Моралес Боливиядагы кризисти чечүү үчүн БУУдан жардам сурады

Моралес Боливиядагы кризисти чечүү үчүн БУУдан жардам сурады

Боливиянын отставкага кеткен президенти Эво Моралес расмий түрдө БУУну, дүйнөдөгү католиктердин башчысы Францискти жана Европа өлкөлөрүн Боливиядагы кризисти чечүү үчүн ортомчу болууга чакырды. Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги “Euronews” телеканалына шилтеме берип жазды. Өткөн аптада Мексикага башпаанектеп кеткен Эво Моралес өзүнүн Твиттердеги баракчасына: “Мен Эл аралык уюмдарды, БУУну, католиктердин чиркөөсүн жана Европадагы дос өлкөлөрдү Боливиядагы тынчтык үчүн биздин сүйлөшүүлөргө кошулууга чакырам. Зордук-зомбулук коомдук жашоого жана тынчтыкка каршы чоң коркунуч болуп саналат”, – деп жазды. Боливиянын экс-президенти Эво…

Прочитайте больше

Лукашенко кийинки президенттик шайлоодо талапкерлигин коет

Лукашенко кийинки президенттик шайлоодо талапкерлигин коет

Беларустун учурдагы башчысы Александр Лукашенко 2020-жылы жайында өткөрүү пландалып жаткан президенттик шайлоодо талапкерлигин кое турганын билдирди. «Мен креслого жармашпайм. Эгер силердин буга каршы экениңерди сезсем, мен албетте, сарсанаа болом. Ошентсе да силер муну шайлоодо көрсөтүп, менин талапкерлигимди колдобой койсоңор болот», — деди ал. Беларус лидери президенттик шайлоодон кийин өлкөнүн Конституциясын өзгөртүү ниети бар экенин кошумчалады. Александр Лукашенко Беларусту 25 жылдан бери башкарып келет. 1994-жылы өлкөдө президенттик кызмат түзүлгөндөн кийин антикоррупциялык комиссиянын жетекчиси Лукашенко шайлоочулардын көбүнүн…

Прочитайте больше

Франция: Парижде Украина боюнча төрт тараптуу жыйын өтөт

Франция: Парижде Украина боюнча төрт тараптуу жыйын өтөт

Франциянын жетекчилиги Парижде Украина боюнча төрт тараптуу жыйын өтөрүн жарыялады. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.Франциянын Елисей сарайы жарыялаган маалыматка ылайык, бул жыйынга Орусия, Украина, Франция жана Германия мамлекеттеринин башчылары катышат. Жыйын 9-декабрда өтөт.2014-жылдан берки Украина менен Донбасс аймагындагы Орусиянын колдоосундагы күчтөрдүн ортосундагы чыр-чатактардан 13 адам каза болгон. 2015-жылы жарыяланган ок атууну токтотууга карабастан, азыркы учурда дагы чыр-чатактар уланып келет.Жакында эле, Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө чакырган.Ал Facebook баракчасына видеотасма…

Прочитайте больше

Ливандын жаңы өкмөт башчысы шайланды

Ливандын жаңы өкмөт башчысы шайланды

Ливандын негизги саясий партиялары өлкөнүн өкмөт башчылыгына талапкер боюнча макулдашышты. Бул тууралуу «Sputnik News» агенттиги Ливандын маалымат булактарына шилтеме берип маалымдады.Ливандын тышкы иштер министри Жебран Басиль  Мухаммада Сафади кийинки өксөттү түзүүгө макул болгонун билдирди. Ливандын мурунку каржы министри Мухаммад Сафадинин өкмөт башчы болуусу боюнча макулдашуу Саад Харири менен “Амал” кыймылынын мүчөсү Али Хасан Халил жана “Хезболла” кыймылынын өкүлү Хусейин Халилдин жолугушуусунда жетишилген. Ливандын Бша мыйзамына ылайык, өлкө президенти христиан дининдеги, өкмөт башчысы сунни агымындагы мусулман жана парламентинин…

Прочитайте больше

Путин: Трамп менен жолугушуу азырынча планымда жок

Путин: Трамп менен жолугушуу азырынча планымда жок

Америка президенти менен эч кандай жолугушуу пландалган эмес. «Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын президенти Владимир Путин “БРИКС” жыйынынан кийин өткөн басма сөз жыйынында Американын президенти менен эч кандай жолугушуу пландалбаганын билдирди.Аталган эки өлкөнүн лидерлери Чилиде Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭК) жыйынында жолугуша алышмак. Бирок, бул жыйын эки өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу жокко чыгарылган.Владимир Путин басма сөз жыйынында Дональд Трамптын “Жеңиш күнү” Орусияга иш сапары менен келүүсү Америкадагы шайлоо алдында үгүт жасоо үчүн туура кадам болот деп…

Прочитайте больше

Түркия Израилдин Газа секторуна жасаган чабуулдарын айыптады

Түркия Израилдин Газа секторуна жасаган чабуулдарын айыптады

“Анкара Израилдин акыркы эки күндөн бери Газа секторуна жасап жаткан чабуулдарын чечкиндүү түрдө айыптайт”, – дейт айтылды Түркиянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө. Бул туурасында “Mehr News” агенттиги “Anadolu” агенттигине шилтеме берип жазды. Түркиянын тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө Израилди саясатка айланган агрессивдүү аракеттеринен баш тартууга чакырды. Буга чейин Палестинанын “Ислам жихады” кыймылы Израилдин согуштук учактарынын чабуулу “Ислам жихады” кыймылынын саясий лидери Акрам аль-Ажуринин Сириянын борбор шаары Дамасктагы үйүнө дагы багытталганын жана андан улам аль-Ажуринин бир баласы набыт…

Прочитайте больше

Вашингтон менен Тель-Авив Жакынкы Чыгыш жыйынына катышуудан баш тартышты

Вашингтон менен Тель-Авив Жакынкы Чыгыш жыйынына катышуудан баш тартышты

Массалык кыргын салуучу куралдардын ири арсеналына, анын ичнде дүйнөдөгү өзөктүк куралдарга ээ Америка менен Израиль БУУнун “Жакынкы Чыгышта массалык кыргын салуучу куралдарсыз аймак түзүү” аттуу конференцияга катышпайт. Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги кабарлады.Берилген маалыматтарга ылайык, аталган конференция 18-ноябрдан 22-ноябрга чейин Нью-Йорк шаарында өтөт.Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов бул маалыматты жарыялоо менен, Жакынкы Чыгыштын өлкөлөрү өтүнүч жасай турган болсо, Москва бул өлкөлөргө мындай аймакты түзүү үчүн жардам берүүгө даяр экенин баса белгиледи.Михаил Ульяновдун билдирүүсүнө ылайык, Жакынкы Чыгышта…

Прочитайте больше

Эрдоган Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Эрдоган Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Анда Сириядагы акыркы абалдар сүйлөшүлдү. Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Сирия маселеси тууралуу абалдар каралган сүйлөшүүдө эки лидер, 22-октябрдагы (Түркия-Сирия чек арасында түзүлүүсү пландалган коопсуз аймактагы террористтердин бул жерден чыгартылышын көздөгөн) Сочи макулдашуусуна баш ийе тургандарын тастыкташты. Эрдоган-Путин сүйлөшүүсүндө айрыкча эки тараптуу карым-катнаштардын өнүктүрүлүшү жана соода көлөмүнүн арттырылышына карай ташталган кадамдар дагы сүйлөшүлдү.

Прочитайте больше

Столтенберг: «Украина НАТОго мүчө болушу мүмкүн»

Столтенберг: «Украина НАТОго мүчө болушу мүмкүн»

НАТОнун баш катчысы «1+1» каналына маек куруп берди. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Украинанын НАТОго мүчө болушу мүмкүн экенин белгиледи. Украинадагы «1+1» каналына маалымат берген Столтенберг Украинанын НАТОго кошулуу ыктымалдуулугуна баа берди. Черногориянын НАТОго эки жыл мурда кошулгандыгын эске салган Столтенберг: «Түндүк Македония бир канча айдын ичинде НАТОго мүчө болот. Польша менен Балтика өлкөлөрүнүн Берлин дубалы кулагандан кийин НАТОго мүчө болоорун эч ким ойлогон эмес»,-деп сереп салды. Украинанын НАТОго мүчө болушу мүмкүн экенин баса белгилеген…

Прочитайте больше

Премьер-министр М.Абылгазиев жана Ирандын биринчи вице-президенти Э.Жахангири эки өлкөнүн кызматташтык маселелерин талкуулашты

Премьер-министр М.Абылгазиев жана Ирандын биринчи вице-президенти Э.Жахангири эки өлкөнүн кызматташтык маселелерин талкуулашты

Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасына) иш сапар менен барган Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн маданий жана тарыхый байланыштарын, ошондой эле кыргыз-иран мамилелеринин потенциалын эске алуу менен эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын орчундуу маселелери талкууга алынды. Мухаммедкалый Абылгазиев жана Эсхак Жахангири аракеттешүүнүн өз ара кызыкчылык жараткан тармактарында кызматташууну тереңдетүүгө эки жактуу кызыкдарлык көрсөтүштү. Анын ичинде Иранга айыл чарба жана мал…

Прочитайте больше
1 2 3 6