Жо Байден расмий түрдө 2020-жылкы шайлоодо демократтардын талапкери болду

Жо Байден расмий түрдө 2020-жылкы шайлоодо демократтардын талапкери болду

Жо Байден АКШнын 2020-жылкы президенттик шайлоосуна талапкер катары көрсөтүлөт. Fars News агенттигинин эл аралык тобунун билдирүүсү боюнча, Жо Байден АКШнын 2020-жылдагы президенттик шайлоодо Демократиялык партия тарабынан расмий түрдө талапкерлигин көрсөтүүгө керектүү сандагы добуштарды топтоду. Associated Press 5-июнь күнү кечинде Демократиялык партия АКШнын 2020-жылкы президенттик шайлоодо Дональд Трамптын атаандашы катары Жо Байдендин талапкерлигин көрсөтөөрүн жарыялады. Экс-президент Барак Обаманын орун басары болуп иштеген Жо Байден бул тууралуу мындай деди: “Демократиялык партиянын  талапкерлеринин арасынан менин тандап алууңар  мен үчүн…

Прочитайте больше

Ирандын Жогорку лидеринин АКШдагы наарачылыктар боюнча жаңы билдирүүсү

Ирандын Жогорку лидеринин АКШдагы наарачылыктар боюнча жаңы билдирүүсү

Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи АКШнын көптөгөн штаттарында өтүп жаткан массалык демонстрациялар боюнча өзүнүн Твиттердеги баракчасынан жаңы билдирүү жасады. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Хаменеинин Твиттердеги баракчасында англис тилинде мындай деп жазылган: “Бүгүнкү күндө Американын ар кайсы шаарларында болуп жаткан окуялар ар дайым жашырылып келген чындыктын натыйжасы. Бирок, азыркы учурда бул чындык ачыкка чыгып, АКШ өкмөтүнүн шылдың болушуна алып келди”. Ирандын Жогорку лидери буга чейин афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнө алып келген америкалык полиция кызматкеринин жүрүм-турумун АКШнын…

Прочитайте больше

Жириновский: АКШ революциянын алдында турат

Жириновский: АКШ революциянын алдында турат

Орусиядагы Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский АКШдагы демонстрациялар бул өлкөдөгү революцияга алып келиши мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу «Ir.Sputnik» агенттиги кабарлады. АКШда афроамерикалык Жорж Флойд полиция тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин бул өлкөнүн бир катар ири шаарларында нааразычыллык акциялары жана башаламандыктар башталган.  “Америка революциянын алдында турат. Ал жерге солчул уюмдардын өкүлдөрүн тезинен жиберүү керек. Аларга АКШдан Анжела Дэвисти таап, андан бул өлкөдөгү элдик нааразычылыкты жетектөөнү өтүнүү тапшырмасын бериш керек. Ошондо, балким, бул революция ийгиликтүү аяктайт, ал эми Дональд Трамп…

Прочитайте больше

Йемендин экс-президентинин абалы оор

Йемендин экс-президентинин абалы оор

Йемендик булактар Йемендин экс-президентинин абалы оор экенин маалымдашты. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Йемендик булактар бир нече жылдан Сауд Аравиясында баш калкалап келген Йемендин экс- президенти Абдуррахман Мансур Хадидинин абалы начарлап баратканын кабарлашты.Yemen News 29-майда маалымат булактарынын атын атабастан, Мансур Хади катуу ооруп, шал болуп калганын жарыялады.Белгилей кестек, Йемендик саясий ишмер Мунир ал-Маури экс-президент Мансур Хади акыркы күндөрү инсультка кабылганын жана оор абалга байланыштуу АКШга дарылануу үчүн бара албай калганын айтты.Аль-Мауринин айтымында, отставкадагы Йемендин президенти азыр…

Прочитайте больше

КМШ мамлекеттеринин премьер-министрлер кеңеши видео конференцияда жыйын өткөрөт

КМШ мамлекеттеринин премьер-министрлер кеңеши видео конференцияда жыйын өткөрөт

КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары 15 маанилүү маселени, анын ичинде коронавируска каршы биргелешип күрөшүүнү видео-конференция алкагында талкуулашат. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.Өзбекстан 2020-жылдын 1-январынан тартып Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) төрагалык кылып келе жатат.Буга чейин Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов коронавирус чыккандан кийин, видео конференция аркылуу Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин премьер-министрлер кеңешинин жыйынын өткөрүүнү сунуш кылган. Видео конференция Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун жетекчилигинде өтөт жана ага Азербайжан, Берарусь Республикасы, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Армения, Кыргызстан өлкөлөрүнүн өкмөт…

Прочитайте больше

Иранда парламенттин жаңы спикери шайланды

Иранда парламенттин жаңы спикери шайланды

Иран парламентинин жаңы спикери болуп Тегерандын экс-мэри жана полициянын мурдагы жетекчиси Мохаммад-Багер Галибаф шайланды. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Мохаммад-Багер Галибаф 230 добуш алып биринчи жылга 11-чакырылыштагы парламенттин спикери болуп шайланды. Мостафа Мирсали 12 добуш жана Ферейдун Аббаси 17 добуш алды. Бул шайлоодо жалпы 267 добуштун 8и жараксыз деп табылды.  Февраль айында шайланган 11-чакырылыштагы парламент кечээ өз ишин баштаган. 2008-жылдан бери парламентти башкарып келген Али Ларижани учурдагы чакырылыштагы парламентке талапкерлигин койгон эмес. “ILNA” агенттиги маалымдагандай,…

Прочитайте больше

Лавров: Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсүнө ортомчу болууга даярбыз

Лавров: Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсүнө ортомчу болууга даярбыз

Орусия кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүгө ортомчу болууга даяр. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 26-майда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлеринин онлайн жыйынынан кийинки пресс-конференцияда билдирди. Лавров маалымдагандай, Москва бул сунушун жыйын учурунда да билдирди. «Тажикстан менен Кыргызстан ортосунда чек арадагы курч кырдаал биринчи жолу болгон жок. Биз союздаштарыбызды диалог жүргүзүүгө, күч колдонуудан алыс болууга чакырабыз. Өзүбүздүн ортомчулук кызматыбызды сунуш кылууга даярбыз. Кырдаал канчалык тез тынчыса, ошончолук жакшы…

Прочитайте больше

Жозеф Боррель: Америка баштаган дүйнөлүк тартиптин аяктап баратканына күбө болуп жатабыз

Жозеф Боррель: Америка баштаган дүйнөлүк тартиптин аяктап баратканына күбө болуп жатабыз

Дүйшөмбү күнү Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси АКШнын жетекчилигинин доору аяктап келе жаткандыгын баса белгилеп, Кытайга карата күчтүү стратегияны талап кылды. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, далилдер көрсөтүп тургандай, Кытай АКШнын ордуна дүйнө лидерлигине келип жаткан чакта, Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Жозеф Боррель бул Азия өлкөсүнө каршы “күчтүү стратегияны” кабыл алууга чакырды.Бул тууралуу Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча министри дүйшөмбү күнү өткөн жыйында билдирди.“Аналитиктер көптөн бери АКШ баштаган дүйнөлүк тартиптин аяктап баратканын…

Прочитайте больше

Кубанын президенти: Иран өз аракети менен Американын Венесуэлага койгон курчоосун сындырды

Кубанын президенти: Иран өз аракети менен Американын Венесуэлага койгон курчоосун сындырды

Куба өкмөтүнүн жетекчиси Твиттер баракчасында Иран акыркы аракети менен АКШнын Венесуэлага жасаган согуштук курчоосун сындырганын жарыялады. TASNIM News агенттигинин маалыматына ылайык, Кубанын президенти Miguel Diaz-Connell 24-майда өзүнүн Твиттер баракчасында билдирүү жазды.Белгилей кетсек, Ирандын  мунай ташыган 5 танкери Венесуэланын дарыяларына мунай жеткирген. Бул тууралуу Miguel Diaz-Connell Твиттер баракчасында: “Иран Американын кысымдарынан улам күйүүчү майдын жетишсиздигине кабылган өлкөнү баалап, көтөрдү”,-деп жазды.Куба өкмөтүнүн президенти  Ирандын акыркы аракетине АКШнын Венесуэлага койгон кылмыштуу, кабыл алынгыс курчоолорун сындыруу менен барабар деп баа…

Прочитайте больше

Лавров Американын Орусия менен Кытайды айыптоолорун катуу сындады

Лавров Американын Орусия менен Кытайды айыптоолорун катуу сындады

Орусия ТИМнин жетекчиси Америка менен шериктештерин коронавирус пандемиясынан пайдаланып, Москва менен Пекинге каршылашууларын күчөтүүсүн айыптады. Бул тууралуу Tasnim News Sputnikке шилтеме берип маалымдады.Орусия ТИМнин жетекчиси Сергей Лавров ШКУга мүчө болгон өлкөлөрдүн ТИМ жетекчилеринин отурумунда сөз сүйлөдү. “Америкалык шериктештерибиз коронавирус пандемиясына карабастан, каршылашууларын улантып жатышат. Алар учурдагы кырдаалдан пайдаланып, өзүлөрүнүн көз караштарын жана мыйзамдуулук деп атаган келечектеги дүйнөлүк тартип үчүн өздөрү каалаган версиясын колдонушат. Белгилүү болгондой, алар ушул эрежелерди өздөрү ойлоп табышкан”,-деди Лавров. Орусиянын ТИМ жетекчиси сөзүн мындай…

Прочитайте больше

ЕБ Израилге бойкот жарыялоону көздөп жатат

ЕБ Израилге бойкот жарыялоону көздөп жатат

Аймактагы маалымат каражаттарынын бири Европа Биримдигинин тышкы саясат бөлүмү эгер сионист режими Батыш жээгин аннекциялоо планын ишке ашыра турган болсо, бул режимге каршы санкция киргизүүгө чечим кабыл алганын маалымдады. Бул тууралуу “Middle East Monitor” “Israel Hayom” гезитине шилтеме берип билдиргенин «Mehr News» агенттиги маалымдады.Маалыматка ылайык, Европа Биримдигинин тышкы саясат бөлүмү эгер Израиль Батыш жээкти аннексиялоо планын ишке ашырса, анда Тель-Авивге каршы санкцияларды киргизет. Уюмдун тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель өзү бул маселени карап жатат. Маалыматка…

Прочитайте больше

С-400 системасы: АКШ менен Түркиянын мамилесиндеги негизги көйгөй

С-400 системасы: АКШ менен Түркиянын мамилесиндеги негизги көйгөй

Түркиянын Орусиядан С-400 абадан коргонуу системасын сатып алуу маселеси Вашингтон менен Анкаранын мамилесиндеги негизги көйгөй. «Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү жана өлкөнүн Түркия менен мамилелери боюнча алдыңкы эксперти Жеймс Жеффри Түркиянын Орусиядан С-400 коргонуу системаларын сатып алуусу Анкара менен Вашингтондун мамилелериндеги негизги көйгөй деп атады. АКШда С-400 системасын сатып алуу Түркия менен мамилелердеги көйгөй катары каралууда.“С-400 бул чоң көйгөй… Бул өтө кыйын маселе, анткени экинчи дүйнөлүк согуштан бери АКШны жана анын…

Прочитайте больше

Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла Ооганстандагы бийликти бөлүштүрүү жөнүндө макулдашышты

Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла Ооганстандагы бийликти бөлүштүрүү жөнүндө макулдашышты

Ооганстандын учурдагы президенти Ашраф Гани жана анын саясий атаандашы Абдулла Абдулла акыр-аягы өлкөдө бирдиктүү өкмөт түзүү боюнча макулдашууга жетишишти. Бул туурасында ооган президентинин сарайындагы бир маалымдар булак билдиргенин “Mehr News” агенттиги “Sputnik” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Маалымдар булактын билдирүүсүнө караганда, Ооганстандын аткаруу бийлигинин мурдагы башчысы Абдулла Абдулла мындан ары бийликтин маанилүү жана негизги чечимдерине каршы болбойт же аларга каршы добуш бербейт. Абдулла Абдулла Ашраф Ганини президент катары расмий тааныйт. Маалымдар булактын айтымында, бул өлкөнүн тынчтык жараянындагы лидерликтин…

Прочитайте больше

Жо Байден Трампка: Келишимге сөз берүү аны аткарбоодон артыгыраак

Жо Байден Трампка: Келишимге сөз берүү аны аткарбоодон артыгыраак

Америка президенттигине талапкер болгон Демократтар партиясынын лидери өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгуу жылдыгына карата Трампка кайрылды. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Жо Байден Американын өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгып кетүүсүнүн 2 жылдыгына карата сөз сүйлөп, президенттин чечимин сынга алды. Анын айтымында, Трамптын өзөктүк келишимден чыгып кетүүсүнө 2 жыл өтсө да, Трамп өзү сөз бергендей бул келишимден артыгыраак башка келишим да түзүлгөн эмес. Жо Байден ошондой эле Трамптын Конгресстин уруксатысыз Иранга каршы аскердик  аракетин сындап, аны Американын Мыйзам…

Прочитайте больше

Кытайлык гезит: АКШнын жалданма чиновниктери өз эли жөнүндө ойлонушканы жакшы

Кытайлык гезит: АКШнын жалданма чиновниктери өз эли жөнүндө ойлонушканы жакшы

Кытай маалымат каражаттары АКШнын расмий өкүлдөрүнүн Бээжинге каршы билдирүүлөрү менен Иранга  карата санкцияларын сынга алды. Fars News агенттигинин Эл аралык тобунун билдирүүсүнө ылайык, Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары АКШнын саясатчылары “Covid-19” оорусу боюнча Кытайга негизсиз айыптоолорду киргизишкен жана айрым өлкөлөргө санкция киргизүү үчүн адам укуктарынан пайдаланышканын жазды. “АКШ өлкөдө Covid-19 вирусунун жайылышын көзөмөлгө ала албагандыгын жашырууга аракет кылып жатышат”, – деп билдирет Элдик басылмасы. Белгилей кетсек, алдыраак АКШнын сенатору БУУнун баш катчысы Антонио Гутерришке кат жолдоп, Кытай…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 12