Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  14-октябрда Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Жолугушуу Баку шаарына учуп келээри менен Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда өттү. Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу кызматташтыгы боюнча пикир алышуу болду. Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланышы жана Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланышын куттуктады. Орденди тапшыруу бүгүн, 15-октябрда, ТТМКК жыйынында болот. Президент…

Прочитайте больше

Түркия Сириядагы чет элдик журналисттердин тобуна жана жай тургундарга сокку урду

Түркия Сириядагы чет элдик журналисттердин тобуна жана жай тургундарга сокку урду

Түркиянын аба күчтөрү Сириянын түндүгүндөгү чет элдик журналисттердин кербенине жана жай тургундарга сокку жасап, андан улам кеминде 9 киши набыт болгонун күрт булактары маалымдашты. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги жазды. Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деп аталган уюм дагы түрк армиясынын чабуулун тастыктап, курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн экенин билдирди. Түркиянын армиясы 9-октябрда “террорчулукка каршы күрөшүү” жана “Сирия-Түркия чегарасын күрт кошуундарынан тазалоо” деген максат менен Сириянын түндүгүндө аскердик операция баштаган. Анкара күрт кошуундарын террорчу деп эсептейт….

Прочитайте больше

Тунис президентин шайлады

Тунис президентин шайлады

Конституция професоору Кайс Саид добуштардын 72, 53 пайызын, атаандашы, медиа  боссу Небиль  ел  – Карвиндин добуштардын 27, 47 пайызын алды. Тунисте сурамжылоолорго караганда көз карандысыз талапкер Кайс Саид өлкөнүн жаңы президенти болуп шайланды. Конституция професоору Кайс Саид добуштардын 72, 53 пайызын, атаандашы, медиа  боссу Небиль  ел  – Карвинди добуштардын 27, 47 пайызын алды. Жогорку Шайлоо Комиссиясы катышуу катнашын 57, 8 пайыз деп билдирди. Жогорку Шайлоо Комиссиясынын биринчи расмий жыйынтыктарды 16 –  октябрга чейин билдириши күтүлүүдө. Ошол…

Прочитайте больше

БУУ Буркина-Фасодогу мечитке болгон террордук чабуулду айыптады

БУУ Буркина-Фасодогу мечитке болгон террордук чабуулду айыптады

БУУнун башкы катчысы 13-октябрда билдирүү жасап, Буркина-Фасо мечитиндеги террордук актыны катуу айыптаган. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Антонио Гутерриш бул чабуулду айыптоо менен бирге жынаяттан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.Белгилей кетсек, БУУнун Кооопсуздук кеңеши дагы бул террордук чабуулду айыптаган билдирүү жасаган.Эске салсак, өткөн жума күнү белгисиз куралчан адамдар Буркина-Фасонун тундүк аймагындагы бир мечитке чабуул коюшуп, ичинде намаз окуп жаткан 16 адамды курман кылышкан. Буркина-Фасодо акыркы жылдары кандуу кол салуулар көп болгон. Кол салуулар биринчи өлкөнүн түндүк аймактарында…

Прочитайте больше

Орусия Кытайга алгачкы “Mi-171” тик учагын жеткирди

Орусия Кытайга алгачкы “Mi-171” тик учагын жеткирди

Орусиянын тик учак чыгарган компаниясы Кытайга “Mi-171” үлгүсүндөгү алгачкы учагын Кытайга жеткирип бергенин маалымдады. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.Орусиянын тик учак чыгарган компаниясынын басма сөз катчысы Кытайдын “тик учак” көргөзмөсүндө “TASS” агенттигине өлкөнүн компаниясы Кытайга жеткириле турган “VK-2500” мотору менен “Mi-171” үлгүсүндөгү 12 тик учактын алгачкысын жетирип бергенин билдирди. “2018-жылдын декабрь айында Лицзян тоолуу аймагында “VK-2500” мотору менен “Mi-171” үлгүсүндөгү тик учак көргөзүлгөн. Тик учак өрттөнүп жаткан жерлерге 3300 метр бийиктиктен 3 тонна суу таштоо миссиясын…

Прочитайте больше

Өзбекстанда Борбор Азиядагы эң чоң кино борбор ачылат

Өзбекстанда Борбор Азиядагы эң чоң кино борбор ачылат

“Өзбек фильм” улуттук агенттиги Борбор Азиядагы кино тартылуучу ири борбор ачыларын билдирди.  Бул тууралуу “Fars News” агенттигинин Ташкенттеги филиалы кабарлады.Белгилей кетсек, “Өзбек фильм” менен Даниянын Danmon grouр кино компаниясы тасма тартуучу техникалык жабдыктарды жана системаларды жаңылоо боюнча келишим түзүштү. Эки тарап ошондой эле тасма тартучу жабдыктарды экспорттоо, даректүү тасма жана мультфильмдерди тартуу боюнча кызматташууга кол коюшкан.  Берилген маалыматтарга караштуу, бул долбоор 2020- 2021-жылдары жүзөгө ашырылмакчы. Буга кошумча Ташкентте Борбор Азиядагы эң ири кино тартылуучу борбор түзүлүүсү караштырылууда….

Прочитайте больше

БУУ:Түркиянын Сириядагы операциясынан улам 100 миңдеген адамдар жер которду

БУУ:Түркиянын Сириядагы операциясынан улам 100 миңдеген адамдар жер которду

Бириккен Улуттар Уюму кечээ, 11-октябрда Түрк армиясынын Сириянын түндүк-чыгышында баштаган аскердик операциясынан кийин бул аймактардагы 100 миңге жакын адам жер которуп кеткенин маалымдады. Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. БУУнун билдирүүсүнө караганда, учурда лагерлерде жана мектеп имараттарында жайланышып жаткан адамдардын саны өсүүдө. Буга чейин БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Түрк армиясынын Сириянын түндүгүндө баштаган аскердик операциясынан улам Рас-эль-Айн жана Эт-Телль-эль-Абьяд шаарларынын 70 миңдей тургуну жер которуп кеткенин маалымдаган. Чегарасыз дарыгерлер уюму дагы Эт-Телль-эль-Абьяд шаарындагы жалгыз оорукана андагы…

Прочитайте больше

Эфиопиянын премьер-министри Нобель сыйлыгына ээ болду

Эфиопиянын премьер-министри Нобель сыйлыгына ээ болду

Эфиопиянын премьер-минстри 2019-жылдын Нобель сыйлыгына татыды. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги Спутникке шилтеме берип маалымдады.Белгилей кетсек, Нобель сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Аби Ахмад Алиге Эритреядагы чегаралык  талаш-тартышты тынчтык жолу менен чечүүдө эл аралык кызматташтыгы үчүн ыйгарылган. Эске салсак, Нобель сыйлыгын тапшыруу аземи ар жылы Норвегиянын борбор калаасы  Ослодо өткөрүлөт. Аби Ахмад премьер-министрлик кызматына Эритреяда тынчтык орнотом деген урааны менен жеткен жана ал шайлоолордогу жеңишинен соң, Эритреяга барып, ал жердеги келишпестик маселелерди чече алган. Эфиопия менен Эритреянын ортосундагы тынчтык…

Прочитайте больше

Владимир Путин Түркия армиясынын Сирияга жасаган аскердик чабуулун сынга алды

Владимир Путин Түркия армиясынын Сирияга жасаган аскердик чабуулун сынга алды

Орусиянын президенти Түркиянын Сириянын түндүк-чыгыш аймагына кол салуусу боюнча билдирүү жасады. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Владимир Путин Түркиянын Чыгыш Эфратка жасаган аскердик чабуулу аймактагы ИШИМ террордук мүчөлөрүнүн качууларына себеп болоорун эскертти. Белгилей кетсек, Орусия президенти Түркия армиясы Сириянын чыгыш аймактарын тез арада көзмөлгө алууга жетишээрине ишенбесин кошумчалаган. Эске салсак, Түркия өз армиясын “Террорчулукка каршы күрөшүү” жана “Сирия менен Түркиянын чегарасын тазалоо” деген шылтоолор менен 9-октябрда Сириянын түштүк-чыгыш аймагына кол салууга жиберген. Сирия өкмөтү бул операцияга каршылыгын…

Прочитайте больше

Сауд Аравиясы мунайдан алчу 2 млрд. доллар кирешесин жоготту

Сауд Аравиясы мунайдан алчу 2 млрд. доллар кирешесин жоготту

Сауд Аравиясы өткөн айдагы энергетикалык объектилерине болгон кол салуудан кийин, мунайдан алып турчу 2 млрд. доллардан ашык кирешесин жоготту. Бул тууралуу «Tasnim News» агенттиги кабарлады.Өткөн айда Саудиянын мунай объектилерине болгон кол салуу өлкөнүн тарыхындагы ири кол салуу болду. Серепчилердин жана эксперттердин ОПЕКке берген маалыматтарына караганда, Сауд Аравиясынын мунай өндүрүшү сентябрь айында андан мурунку айга караганда күнүнө 1,3 млн. баррелге азайган. Бирок, Сауд Аравиясы мунай өндүрүшүн күнүнө 660 миң баррелге гана азайды деп жарыялады. Саудия мунай өндүрүшүн чабуулга…

Прочитайте больше

Түркиянын Сириянын түндүгүнө койгон чабуулунан каза таап жана жаракат алгандардын саны 56га жетти

Түркиянын Сириянын түндүгүнө койгон чабуулунан каза таап жана жаракат алгандардын саны 56га жетти

Сириянын адам укуктары боюнча тобу шаршемби күнү Түркиянын Сириянын түндүгүндө баштаган чабуулунан азыркыга чейин 15 адам каза болду жана 41 адам жаракат алышты. Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги кабарлады.Сириянын адам укуктары боюнча тобунун берген маалыматына ылайык, курман болгондордун арасында 8 карапайым жаран болгон. Алардын төртөө аялдар жана жаш балдар болушкан. Ошондой эле дагы 13 карапайым жаран жана 28 күрт аскери Түркия армиясынын абадан жана артиллериялык кол салууларынан жаракат алышкан. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган шаршемби күнү Сириянын түндүк-чыгышындагы…

Прочитайте больше

БУУ Түркиянын Сирияга каршы кол салуусун айыптай алган жок

БУУ Түркиянын Сирияга каршы кол салуусун айыптай алган жок

БУУнун Коопсуздук кеңешинин Түркиянын Сириядагы күрт кошуундарына чабуулу боюнча өткөргөн кезексиз жыйыны тыянаксыз болду. Бул тууралуу Mehr агенттиги аль-Жазира маалымат каналына шилтеме берип билдирди. БУУнун Коопсуздук кеңеши Түркиянын Сириянын Түштүк-Чыгыш аймагына болгон кол салуулары боюнча жабык түрдө кезексиз жыйын өткөргөн. Белгилей кетсек, бул жыйынга Англия, Польша, Германия, Франция жана Бельгиянын өкүлдөрү БУУнун башкы катчысынын сөздөрүнүн негизинде Сириядагы акыркы окуяларга карата тынчсызданаарын билдиришкен. Бул билдирүүдө Сириянын түндүгүндөгү аскердик кол салуулар касташуунун жаңы башаты, бардык региондордогу стабилдүүлүктүн бузулушуна жана…

Прочитайте больше

Норвегия Түркияга курал экспорттоону токтотту

Норвегия Түркияга курал экспорттоону токтотту

Норвегия бийлиги Түркиянын Сириянын түндүгүндө баштаган аскердик операциясына жооп катары бул өлкөгө курул экспорттоону токтоторун жарыялады. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Буга чейин Финляндия дагы ушул эле себептерден улам Түркияга курал-жарак экспортун токтоткондугун жарыялаган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 9-октябрда өлкөсүнүн куралдуу күчтөрү “Сириянын эркин армиясы” менен бирге Сириянын түндүгүндөгү “Тынчтык булагы” операциясын баштаганын билдирген. Түрк армиясы согуштук учактар жана артиллерия менен Сириянын түндүгүндөгү ар кайсы аймактарды бир нече ирет бомбалады. Анкара Сириянын түндүгүндө аскердик операциянын…

Прочитайте больше

Кыргызстан-Мьянма: кыргыз футболчулары 7-0 эсебинде утту

Кыргызстан-Мьянма: кыргыз футболчулары 7-0 эсебинде утту

Кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасына жети топ киргизди. Биринчи эки голду оюндун онунчу мүнөтүнө чейин эле Эдгард Бернхардт киргизсе, үчүнчү топту атаандаштарынын дарбазасына Алимардон Шүкүров тепти. Ал эми төртүнчү топту Гүлжигит Алыкулов, бешинчи топту Валерий Кичин киргизди. Алтынчы топту кайрадан Алимардон Шүкүров, жетинчисин Эдгард Бернхардт тепти. 10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешти. Оюн 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат…

Прочитайте больше

Кызыл деңизде Ирандын танкеринде жарылуу болду

Кызыл деңизде Ирандын танкеринде жарылуу болду

Бүгүн, 11-октябрь эртең менен Кызыл деңизде Ирандын танкерлер боюнча улуттук компаниясына  таандык болгон «Sanitized» мунай ташыган танкеринде жарылуу болду. Бул туурасында  «Nournews» агенттиги маалымдар булактарга шилтеме берип кабарлаганын «Fars News» агенттиги жазды. Маалыматка караганда, окуя Сауд Аравиянын Жидда портунан 60 чакырымдай алыс жерде болду. Билдирүүдө танкер олуттуу зыянга учурап, андагы мунай Кызыл деңизге төгүлүп жатканы айтылат. Учурда техникалык адистер жарылуунун себептерин иликтеп жатышат. Бул окуя террордук акт болушу мүмкүн экени дагы айтылууда.

Прочитайте больше
1 2 3 4 56