Вашингтон университети: 1-октябрга чейин америкалыктардын коронавирстан өлүмү 180 000ге жетет

Вашингтон университети: 1-октябрга чейин америкалыктардын коронавирстан өлүмү 180 000ге жетет

Вашингтон ЖОЖунун изилдөөсү көрсөткөндөй, эгерде бардык америкалыктар беткап кийбесе, анда коронавирустан курман болгондордун саны 1-октябрга чейин 180 000ге жетет. Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Вашингтон ЖОЖунун Ден-соолукту баалоо институтунун акыркы изилдөөсүнө ылайык, Кошмо Штаттардагы коронавирустан жабыркагандардын саны 1-октябрга чейин 179 106 адамга жетет.Бирок эгерде америкалыктардын 95 пайызы беткап кийип баштаса, өлгөндөрдүн саны 146 000ге чейин түшүшүнө ыктымал берилген.Белгилей кетсек, аталган ЖОЖдун 15-июнда жарыялаган отчетунда, коронавирустан каза болгондордун саны 201 129 адамга жетээри айтылган. Институттун директору Кристофер Мюррейдин…

Прочитайте больше

Австралияда дүйнөдөгү эң бийик жыгач мунара курулат

Австралияда дүйнөдөгү эң бийик жыгач мунара курулат

Австралиядагы программалык камсыздоону иштеп чыгаруучу “Atlassian” компаниясы жыгач жана темирден дүйнөдөгү эң бийик мунара курууну пландап жатканын маалымдады. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги “New Atlas” басылмасына шилтеме берип кабарлады. Маалыматка караганда, мунара Сиднейде курулуп, Канада сыяктуу өлкөлөрдөгү бул сыяктуу мунаралардан дагы бийик болот. Мунара 40 кабат болуп курулуп, бийиктиги 180 метрге жетет. Албетте, мунаранын бийиктиги дизайндын өзгөрүшү менен бул көрсөткүчтөн да жогору болушу мүмкүн. Мунаранын төмөнкү кабаттарына күнү-түнү иштей турган 480 орундуу жатакана куруу пландалган, ал жакка …

Прочитайте больше

Билл Гейтс коронавирустун вакцинасынын натыйжасыз болуу коркунучу тууралуу эскертти

Билл Гейтс коронавирустун вакцинасынын натыйжасыз болуу коркунучу тууралуу эскертти

Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жасалып жаткан вакцинанын жаңы коронавируска (Covid-19) каршы натыйжалуу болбой калуу коркунучу жөнүндө эскертүү жасады. «Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Америкалык миллиардер Билл Гейтс окумуштуулар эмдөөдөн өткөн адамдын илдетти жуктуруп алуусунун алдын алуу үчүн эле эмес, инфекциянын бир адамдан экинчисине өтүшүнө жол бербөө үчүн вакцинаны өндүрүүгө аракет кылып жатышканына токтолуп, “Вакцина вирустун жугушу үчүн идеалдуу бөгөт боло тургандыгына кепилдик жок”, – деди.Ошол эле учурда, Гейтс бул илдетке каршы адамдын өзүнүн иммундук реакциясынын…

Прочитайте больше

Салават окугандар кедейлик көрүшпөйт

Салават окугандар кедейлик көрүшпөйт

“Бир мусулман күндө 500 жолу мага салават окуса түбөлүк кедейлик көрбөйт, күнөөлөрү кечирилет.” Абдуррахман ибни Аттаб Куртуби хазреттери малики мазхабы фикх аалымы болуп, 433 (1041) жылы Андалусиянын (Испаниянын) Куртуба (Кордоба) шаарында туулган. 520 (1126) жылы ошол жерде кайтыш болгон. “Шифа-ус-судур” аттуу китебинде төмөндөгүчө маалымдайт: “Хадиси шарифтерде айтылды: “Кыямат күнү силерден даражасы мага эң жакын болгонуңар – эң көп салават окуганыңар”. Табарани Хазрети Энестен (радыяллаху таала анх) риваят кылды. Расулуллах (саллаллаху таала алейхи васаллам) буюрду: “Жабраил жаңы эле…

Прочитайте больше

Палестиналык туткундар Нажман: Палестина туткундарынын 95%ы кыйноолорго дуушар болушат

Палестиналык туткундар Нажман: Палестина туткундарынын 95%ы кыйноолорго дуушар болушат

Палестиналык туткундар ассоциациясы камактагылардын 95%ытүрмөдө отурганда бир нече жолу кыйноолорго дуушар болгонун билдирди. Fars News агенттигинин Эл аралык тобунун билдирүүсүнө ылайык, Палестина туткундары ассоциациясы Кыйноолордун курмандыктарын коргоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк күнгө карата палестиналыктар Израилдин түрмөлөрүндө бир нече жолу кыйноолорго кабылганын жарыялады. “Анадолу” маалымат агенттигинин билдирүүсүндө, Палестина туткундарынын 95%ы камакка алынгандан тартып сионисттер аларды физикалык жана психикалык жактан кыйноо үчүн ар кандай куралдарды колдонушаарын айтты. Кыйноолордун, узак мөөнөткө жалгыз камакта отуруунун жана өтө оор шарттарда камакта калуунун…

Прочитайте больше

Трамп: Болтон акылсыз адам. Америка аткаминерлеринин оозеки согушу күч алды

Трамп: Болтон акылсыз адам. Америка аткаминерлеринин оозеки согушу күч алды

Tasnim эл аралык маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, АКШнын президенти Дональд Трамп Fox News телеканалы менен маектешип, анда Болтонду “жинди” деп сыпаттады. “Болтон акылдуу эмес жана өз ишин жакшы аткара алган жок”,- деди ал.“Элге тийишүү – бул Жон Болтондун (АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси) максаты” – деди Трамп.“Болтондун  жылмайганын мен бир дагы жолу көргөн жокмун. Мен ага: Жон, сен жылмаясыңбы деги?,- деп сураганда, ал: жок –деп жооп берген. Бул жоопто көп маани камтылат”,- деди Америка президенти.Белгилей…

Прочитайте больше

ЮНИСЕФ: Жетишсиз тамактанган йемендик балдардын саны 2,4 миллионго жетиши мүмкүн

ЮНИСЕФ: Жетишсиз тамактанган йемендик балдардын саны 2,4 миллионго жетиши мүмкүн

ЮНИСЕФ гуманитардык жардамдын жетишсиздигинен улам, тамактануудан жапа чеккен йемендик балдардын саны көбөйөрүн билдирди. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) акыркы отчетунда гуманитардык жардамдын жетишсиздигинен улам, ушул жылдын аягына чейин Йемендеги тамактануудан жабыркаган балдардын саны 2,4 миллионго жетиши мүмкүн деп билдирди.Отчетто тамактануудан жабыркаган беш жашка чейинки балдардын саны 20 пайызга көбөйөрү эскертилген.Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Йемендеги өкүлү Сара Бейсолов Нианти “Эгерде биз тез арада жардам албасак, бул балдар ачкачылыкка дуушар болушат жана алардын…

Прочитайте больше

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 7228ге жетти

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 7228ге жетти

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча акыркы статистикалык маалыматты жарыялады. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жарыялаган маалыматына ылайык, 26-июнда эртең мененки саат 10го карата Өзбекстанда коронавирусун жуктуруп алгандардын саны 7 228 кишиге жеткен.Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө аталган илдеттен 4877 адам айыгып, 20 адам көз жумган. Маалыматка ылайык, учурда 2331 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 26 бейтаптын абалы оор деп маалымдалды.

Прочитайте больше

АКШда коронавирус курмандыктарынын саны 122 миңге жетти

АКШда коронавирус курмандыктарынын саны 122 миңге жетти

Жонс Хопкинс университетинин акыркы маалыматтарына ылайык, АКШда акыркы 24 саатта коронавирустан 752 адам көз жумуп, курмандыктардын жалпы саны 122 миңге жетти. SNN/IR агенттигинин маалыматына ылайык, акыркы бир суткада Америкада 33 515 адамдан коронавирус аныкталып, жалпы ооругандардын саны 2 миллион 380 миң 452 адамга жетти. Белгилей кетсек, алдыраак Жонс Хопкинс университетинин жаңы маалыматтарынын статистикасы көрсөткөндөй, коронавирустан  жабыркагандардын саны бир аз азайган. Ал эми Worldometers маалымат борбору Кошмо Штаттарда коронавирусту жуктурган адамдардын жалпы саны 2 462 554, курман…

Прочитайте больше

Кайра өзгөчө абал киргизилиши мүмкүнбү?–Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

Кайра өзгөчө абал киргизилиши мүмкүнбү?–Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өлкөнүн айрым аймактарында кайра өзгөчө абал киргизилиши мүмкүнбү деген суроого жооп берди. “Өзгөчө абалды бүгүн республикалык штабда да талкуулайбыз. Бүгүнкү күнү Бишкек шаарында, андан кийин Чүй облусу, Ош шаары жана Ош облусунда абал курч болуп турат. Ошондуктан учурдагы абал ар тараптан каралып, бардык жагдайлар эске алынып чечим кабыл алынат деп ойлойм”, – деди ал.

Прочитайте больше

АКШда демонстранттар кулчулукка каршы тургузулган айкелдерди кулатышты

АКШда демонстранттар кулчулукка каршы тургузулган айкелдерди кулатышты

АКШнын Висконсин штатындагы демонстранттар кулчулукка каршы чыккан полковник Ганс Кристиан Хэгдин айкелин сууга ыргытышты. Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, АКШда полиция кызматкери кара терилүү кишини кармап жаткан учурда өлтүрүп койгондон кийин, демонстранттар көчөлөргө агылып чыгышкан. Бирок, учурда козголоңчуларга каршы тынчтык митингдери дагы күчөдү. Маалыматка ылайык, АКШнын Висконсин штатындагы демонстранттар болуп жаткан окуяны видеого тартып жаткан бир сенаторду сабап, эки айкелди талкалап коюшкан. Атап айтканда, нааразычылык акциясынын катышуучулары жарандык согуш маалында конфедеративдик өлкөлөргө каршы күрөшүп, кулчулукту жоюуну…

Прочитайте больше

АКШ Сириядагы террордук чабуулдарды биринчи жолу айыптады

АКШ Сириядагы террордук чабуулдарды биринчи жолу айыптады

АКШнын Мамлекеттик департаменти Сирия согушунан бери биринчи жолу кечээ (шаршемби) күнү Сириядагы террордук чабуулдарды айыптап, өлкөдөгү маселени саясий жол менен чечүүгө чакырды. Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги кабарлады. АКШнын Мамлекеттик департаменти 2011-жылы Сирия согушу башталгандан бери болуп көрбөгөндөй билдирүү жасады: “Тель-Халафтагы террордук чабуулдан жана Кобанидеги абадан жасалган соккудан каза тапкандардын жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө чын жүрөктөн көңүл айтабыз”. Ошондой эле, АКШнын Мамлекеттик департаменти бардык тараптарды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254-резолюциясына ылайык Сириядагы узак мөөнөттүү саясий маселени жөнгө салууга…

Прочитайте больше

Жээнбековду Москвага коштоп келген эки кишиден коронавиру саныкталды. Президент парадга катышуудан баш тартты

Жээнбековду Москвага коштоп келген эки кишиден коронавиру саныкталды. Президент парадга катышуудан баш тартты

Президент Сооронбай Жээнбековду Москва шаарына коштоп кеткендердин ичинен эки адамдан коронавирус аныкталып, президент парадка катышуудан баш тартуу чечимин кабыл алды.  Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.  Алгоритмге ылайык, Президент Сооронбай Жээнбеков, делегация мүчөлөрү жана коштоочу адамдар Москва шаарына келери менен КОВИДге тест тапшырышты. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды. Мындан аркы алгоритмге ылайык, Президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан баш…

Прочитайте больше

Вьетнамда салмагы 280 килограмм болгон бомба нейтралдаштырылды

Вьетнамда салмагы 280 килограмм болгон бомба нейтралдаштырылды

Вьетнамдык аскерлер 1960-жылдары АКШга жасалган чабуул учурунда жарылбай калган курал-жарактарды таап, аны зыянсыздандырганын маалымдашты. “Fars News” агенттигинин Эл аралык тобунун билдирүүсүнө ылайык, Вьетнам армиясы АКШнын бул өлкө менен болгон согушунан калган бомбаны “Ханой” дарыясында зыянсыздандырганын жарыялады. “Vietnam News” веб-сайтына ылайык, Вьетнам армиясынын бомбаны жок кылуу боюнча адистери өлкөнүн борбору Ханойдогу Кызыл дарыядан узундугу 1,6 метр болгон жарылбай калган бомбаны ийгиликтүү алып ташташты. Бомба дарыянын жанындагы көпүрөнүн жанынан табылган жана коопсуздук чаралары менен жээкке жеткирилип, дүйшөмбү күнү…

Прочитайте больше

Трамп америкалык демонстранттарды 10 жылга эркинен ажыратууну буйруду

Трамп америкалык демонстранттарды 10 жылга эркинен ажыратууну буйруду

АКШда кулчулук доорду эске салган имараттарды коргоо боюнча аракеттерди улантуунун алкагында АКШнын президенти жаңы өкүм чыгаргандыгын жарыялады. “Fars News” агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, Дональд Трамп АКШда расалык дискриминациянын каршылаштары тарабынан “эстелик айкелдерди” талкалоо аракети жоопко тартылаарын жарыялады. “Мен федералдык өкмөткө ар кандай имараттарды, айкелдерди же башка федералдык мүлктөрдү талкалаган адамдарды 10 жылга чейин камакка алууга уруксат бердим”, – деп жазды президент Твиттердеги баракчасына. Эске салсак, Трамп буга чейин АКШнын борборундагы “Эндрю Жексондун” айкелин талкалаган…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 76