Ысырап

Ысырап

Суроо: Ысырап деген эмне? ЖООП: Ысырап (исраф) мал-мүлктү дин жагынан жана мурувват (адамгерчилик) жагынан туура болбогон жерлерге жумшоо деген сөз. Мурувват пайдалуу болуу, жакшылык кылуу дегенди түшүндүрөт. Динге ылайык болбогон ысырап харам болуп саналат. Мурувватка ылайык болбогон ысырап танзихан макрух. Ысырап – мал-мүлктү жок кылуу, зыян келтирүү, пайдасыз абалга түшүрүү, пайдалуу болбой тургандай сарптоо. Хадиси шарифте мындай делген: «Үнөмдөгөн адам байыйт, ысырап кылган адам кедейлешет.» (Беззар) Ысырап менен сараңдыктын ортосу үнөмдүүлүк же жоомарттык деп аталат. Хадиси шарифте мындай…

Прочитайте больше

Жума күнү

Жума күнү

Суроо: Жума күнүнүн эмне өзгөчөлүгү бар? Эмне үчүн ыйык күн болуп саналат? Жооп 1 – Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй: “Аллахтын алдында күндөрдүн мырзасы Жуму күнү болуп саналат. Курман айт жана Рамазан айт күндөрүнөн да пазилеттүү. Жума күнүндө ушул беш өзгөчөлүк бар: 1 – Хазрети Адам ал күнү жаратылды. 2 – Ал күнү жер бетине түшүрүлдү. 3 – Ал күнү кайтыш болду. 4 – Ал күндө ушундай бир убакыт бар; күнөө кылбоо жана туугандар менен мамилени…

Прочитайте больше

Иншаллах деп айтуунун мааниси

Иншаллах деп айтуунун мааниси

Суроо: Иншаллах деген сөз кандай маанини түшүндүрөт? Жооп: Иншаллах – Аллаху таала кааласа болот же кыскача Кудай кааласа деген маанини билдирет. Бул сөз бардык иштерди Аллаху тааланын каалоосуна тапшыруу үчүн айтылган сөз. Аллаху тааланын алдында моюн сунгандардан болуу үчүн ар бир иште иншаллах деп айтуу керек! Хадиси шарифте: “Адамдар үчүн иншаллах деп айтуудан да жакшыраак моюн сунуучулук жок”, – деп айтылган. “Муну жасаймын”, “Эртең баланча жерге барамын” деп айтканда да “Иншаллах” деп айтуу керек! Бир киши менен бир нерсеге макулдашып жатканда иншаллах деп…

Прочитайте больше

Бисмиллахтын пазилети

Бисмиллахтын пазилети

Суроо: Аузу жана Бисмиллахтын (Аузубиллахиминашшайтанирражим Бисмиллахиррахманиррахим) мааниси кандай? Жооп Аузубиллахиминашшайтанирражим – “Аллахтын ырайымынан узак болгон жана каар-азабына учурап, дүнүйөдө жана акыретте хэлак болгон (куруган) шайтандан Аллаху таалага сыйынамын, коргономун, жардам күтөмүн. Ага жалбарып кайрыламын” деген маанини билдирет. Бисмиллахиррахманиррахим – “Бар болгон бардык нерсеге аны жаратуу менен жана жашоодо кармап туруу менен, жок болуудан коргоо менен жакшылык кылган Аллаху тааланын жардамы менен бул ишимди кыла алуудамын” деген маанини билдирет. Бисмиллахтын пазилеттери Суроо: Бисмиллахтын пазилеттери кандай? Жооп Алгач жазылган бул –…

Прочитайте больше

Салават окугандар кедейлик көрүшпөйт

Салават окугандар кедейлик көрүшпөйт

“Бир мусулман күндө 500 жолу мага салават окуса түбөлүк кедейлик көрбөйт, күнөөлөрү кечирилет.” Абдуррахман ибни Аттаб Куртуби хазреттери малики мазхабы фикх аалымы болуп, 433 (1041) жылы Андалусиянын (Испаниянын) Куртуба (Кордоба) шаарында туулган. 520 (1126) жылы ошол жерде кайтыш болгон. “Шифа-ус-судур” аттуу китебинде төмөндөгүчө маалымдайт: “Хадиси шарифтерде айтылды: “Кыямат күнү силерден даражасы мага эң жакын болгонуңар – эң көп салават окуганыңар”. Табарани Хазрети Энестен (радыяллаху таала анх) риваят кылды. Расулуллах (саллаллаху таала алейхи васаллам) буюрду: “Жабраил жаңы эле…

Прочитайте больше

Арак, динибиз жана ден-соолук

Арак, динибиз жана ден-соолук

Суроо: Арактын, спирт ичимдиктеринин ден соолукка пайдалуу экендиги, ченеми менен ичүүнүн күнөө болбой тургандыгы айтылып жүрөт. Арактын динибиздеги орду кандай? ЖООП Курани каримде, хадиси шарифтерде хамр деген сөз кезигет. “Хамр” алкоголдуу ичимдик дегенди билдирет. Арактын түрдүү ооруларга жол ача тургандыгы, акылды азайта тургандыгы, боорду буза тургандыгы, ашказан жана нерв системасын буза тургандыгы илимий негизде канча жолу далилденген. Мусулман эмес адам дагы ден-соолукка зыяндуу болгондугу үчүн спирт ичимдиктеринен узак болушу керек!  Ал эми мусулмандар ден-соолукка өтө зыяны болбосо…

Прочитайте больше

Ибрахим алейхиссалам

Ибрахим алейхиссалам

Курани каримде ысымы билдирилген пайгамбарлардан, улулазм аты берилген алты пайгамбардан бири болуп, Калдани коомуна жиберилген. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдан кийин пайгамбарлардын жана адамдардын эң үстөмү. Аллаху таала аны Халилим (досум) дегендиги үчүн Халилуллах же Халилуррахман болуп таанылат. Атасы момун болгон Тарух, энеси Амила. Ибрахим алейхиссалам Пайгамбарыбыздын аталарынан болуп саналат. Себеби, биринчи уулу Исмаил алейхиссалам араптардын, экинчи уулу Исхак алейхиссалам болсо исраилуулдарынын ата-бабасы болуп саналат. Калдани мамлекети болгон Бабилдин (Вавилондун) чыгыш тарабында жана Тигр менен Ефрат дарыяларынын…

Прочитайте больше

Динибизде үй-бүлө

Динибизде үй-бүлө

Ислам дини коомдун бакыты жана адамзат урпагынын дени сак, татыктуу улануусу үчүн үй-бүлөнүн зарыл экенин билдирген. Ошол себептен никени халал кылып, зинаны жана зинага жол ача турган эркин катнаштарга тыюу салган. Аялдарга эч бир дин, система бере албаган кадыр-баркты, мартабаны берген. Расулуллах алейхиссаламдын “Коштошуу хутбасындагы” насааттарынын биринде: “Аялдарыңарды кордобогула. Алар – Аллаху тааланын силерге берген аманаты. Алар менен жумшак, жакшы мамиледе болгула, аларга жакшылык кылгыла!” – деп буюрган. Дагы бир хадиси шарифте: “Бейиш энелердин таманы астында”, –…

Прочитайте больше

Сабыр

Сабыр

Суроо: Сабырдын мааниси кандай? Эмнеге сабыр кылуу сооптуураак? ЖООП Сабыр үч түрдүү болот. Алардын эң маанилүүсү күнөө кылбоого сабыр кылуу. Хадиси шарифте мындай деп айтылган:  “Сабыр үч түрдүү болот: 1. Кайгы дартка сабыр. 2. Динин үйрөнүүдө жана ибадат кылууда сабыр. 3. Күнөө кылбоо үчүн сабыр кылуу. Кайгы дартка сабыр кылган адамга 300, ибадат кылууга сабырга 600, күнөө кылбоого сабыр кылууга 900 даража жакшылык берилет.” [Эбушшейх] Курани каримде сабыр кылуунун мааниси көптөгөн аяттарда айтылган. Үч аятта мына булар…

Прочитайте больше

Кыз бала кадырлуу

Кыз бала кадырлуу

Суроо: Мураста башкача болгондой эле эркек бала үчүн эки, кыз бала үчүн бир акыйка мал союлууда. Бул балдарды бири-биринен жогору эсептегендик эмеспи? Кыз бала эмне үчүн азыраак бааланат? ЖООП Динибизде аял мурас алууга мактаж калтырылбаган. Анын бардык муктаждыктарын күйөөсү, атасы, эркек ага-инилери жана атасынын ага-иниси сыяктуу жакындары берүүгө мажбур жана жоопкер кылынган. Каралаша турчу эч бир жакыны болбосо анын муктаждыктарын Байт-ул-мал деп аталган мекеме камсыздаган. Аял киши иштеп акча табууга мажбур эмес. Эркектердин бул оор милдеттен…

Прочитайте больше

Аялдарга кандай мамиле кылуу керек?

Аялдарга кандай мамиле кылуу керек?

Суроо: Бир атеист: “Аялдарды уруу керектигин билдирген хадистер бар”, – деп, мусулмандыкты сындоодо. Бул жалган эмеспи? Жооп: Албетте, бул айтканы – мусулмандыкка жалаа жапкандык. Атеист Аллахка ишенбегендиктен жана Андан коркпогондуктан ар кандай калпты тартынбай айта берет. Анткени, анын оюнда күнөө деген түшүнүк жок. Өзүнө эч кандай материалдык зыян келмейинче калпты жайуудан тартынбайт. Динибизде жакшы мусулман болуу үчүн жубайы менен жакшы карым-катнашта болуу шарт. Курани каримде буюрулган: “Алар менен жакшы, жылуу мамиледе бол!” (Бакара сүрөсү, 13) Хадиси шарифтерде мындай делген:…

Прочитайте больше

Аллахтын хабиби (сүйүктүүсү)

Аллахтын хабиби (сүйүктүүсү)

Даанышман заттар айтышат: Бардык пайгамбарлар Аллаху таалага ашык. Пайгамбарыбызга болсо Аллаху таала ашык. Улул-азм пайгамбарлардан Ибрахим алейхиссаламга (Халилуллах= Аллахтын досу), Муса алейхиссаламга (Калимуллах= Аллах аны менен сүйлөшкөн зат), Адам алейхиссаламга (Сафийуллах = Аллах ихсаны менен тандалып жараткан зат), Нух алейхиссаламга (Нежийуллах = Дайым Аллах менен алек болгон, илахий фейздерге ээ болгон зат) деген сыяктуу көркөм ысымдарды берген, Пайгамбарыбызды болсо «Хабибуллах»деди. Жада калса: «Сен болбогондо ааламды жаратпас элем», – деди. Хабибин өтө баалагандыктан өз затына карата кылынгандарды кечирет, бирок, Ага…

Прочитайте больше

Хадис аалымдары деп кимдерди айтат

Хадис аалымдары деп кимдерди айтат

Хадис аалымдары өтө бийик адамдар. Равилери менен бирге жүз миң хадиси шарифти жатка билген адам “хафыз” деп аталат. Курани каримди жаттаган адам хафыз эмес кары деп аталат. Бүгүнкү күндө хадиси шарифтерди жатка билгендер болбогондуктан кары дегендин ордуна жаңылышып хафыз деп айтышууда. Эки жүз миң хадиси шарифти жатка билген адам шейх-ул-хадис деп аталат. Үч жүз миңди жаттаган адам хужжат-ул-ислам деп аталат. Үч жүз миңден да көп хадиси шарифти равилери менен, сенеддери менен бирге жаттаган адам хадис имамы же хадис мужтахиди деп аталат.Бүгүнкү күндө мындай ислам аалымы дүйнөдө жок. Туура…

Прочитайте больше

Самавий китептер

Самавий китептер

Аллаху таала жиберген сухуфтардын саны жүз, ал эми китептери болсо төртөө. Он сухуф – Адам алейхиссаламга, элүү сухуф–Шит алейхиссаламга, отуз сухуф–Идрис алейхиссаламга, он сухуф–Ибрахим алейхиссаламга жиберилген. “Сухуф” – барактын бир бети дегенди билдирбейт. Чакан китеп, рисала деген сөз. Тоорат китеби Муса алейхиссаламга, Забур китеби Давуд алейхиссаламга, Инжил китеби Иса алейхиссаламга, Курани карим Мухаммед алейхиссаламга жиберилген. Адам бир нерсени айткысы же болбосо сурагысы келсе аны алгач ой элегинен өткөрөт. Адамдын оюндагы бул маанилер “калами нафсий” деп аталат. Аларга арабча, кыргызча же башка бир…

Прочитайте больше

Расулуллахтын үй-бүлөсү (Ахли бейт)

Расулуллахтын үй-бүлөсү (Ахли бейт)

“Тирмизи” хадис китебиндеги ушул маалыматтар сахаба Зейд бин Эркамдан алынган. Хадиси шарифте: “Силерге эки нерсени калтырамын. Аларга бекем кармансаңар, менден кийин туура жолдо каласыңар. Биринчиси экенчисинен артык. Ал – Аллахтын китеби. Экинчиси – ахли бейтим. Кыяматта Хавуз башында мага жеткенге чейин бул экөө бири-биринен айрылбайт”, –деп айтылган. “Бири-биринен айрылбайт” деген сөз – Курани каримди карманган адамдын ахли бейтти жакшы көрүүсү, урматтоосу керек дегенди билдирет. Ахли бейтти кармануу – аларды сүйүү дегенди билдирет. Бул – Курани каримге…

Прочитайте больше
1 2 3 31