Кыргызстан Түркиядан «Anka» учкучсуз аппаратын сатып алды

 Кыргызстан түркиялык «Anka» учкучсуз аппаратын сатып алды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлердин квартал сайын ала турган премиясы убактылуу берилбей калышы менен мамлекеттик кызматкерлер өлкө коопсуздугун чыңдоого аз да болсо салым кошкон.

Ал мамлекеттик кызматкерлердин премиясы өткөн жылдын аягынан баштап убактылуу токтотулганын белгилеп, мындай чечимди өкмөт кайсыл себептен улам кабыл алганын айтып берди. 

«Баткендеги кагылышуулардан кийин куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүүгө, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. Мамлекеттик кызматкерлерге берилген премия мамлекетибиздин коопсуздугун бекемдөөгө салым катары кошулуп жатат. Буга чейин болуп көрбөгөн абадан коргонуучу “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” өңдүү заманбап аскерий техникалар сатылып алынып, алды Кыргызстанга келди. Премиянын убактылуу берилбей калышы менен мамлекеттик кызматкерлер өлкө коопсуздугун чыңдоого аз да болсо салым кошту деп айтсак болот. Эгер өлкө өзүнүн коопсуздугун сактай албаса мамлекеттик кызматкерлерге каралган “кварталдык премия”, кошумча каражаттар эч нерсеге арзыбай калары анык. Андыктан айрым кесиптештердин “премия кыркылды” деп таарынганы орунсуз», — деп жазды Орунбеков.

Ошол эле учурда ал мамлекеттик кызматкерлер үчүн он үчүнчү эмгек акы калтырылганын белгиледи.

«Жылдын аягында он үчүнчү эмгек акы менен чогуу премиялар дагы берилет. Андыктан анын суммасы эмгек акылары жогорулаганын эске алганда жакшы чыгаары күтүлөт», — деди Орунбеков.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан Түркиядан «Байрактар», «Акынжы» жана «Аксунгур» дрондорун сатып алган.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ