Макрон Астанага эмнеге барды жана Казакстан менен Франциянын кандай жалпы кызыкчылыктары бар?

Франциянын президенти Эммануэль Макрон расмий сапар менен Астанага келди.

Франциянын башчысынын келишине бир жума калганда Акорданын басма сөз кызматы сапардын пландары менен максаттарын жарыялаган.

«Эки өлкөнүн лидерлери соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелерди талкуулашат», — деп айтылат маалыматта.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер Казакстан эгемендүүлүк алгандан кийин эле башталган. 31 жылдык кызматташтыктын ичинде Казакстан менен Франция өз ара түшүнүшүүнүн жогорку деңгээлине жетишти жана соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнү улантууда.

Макрон Казакстанга жасаган расмий сапарынан кийин, эртеси күнү Өзбекстанда болот.

Елисей сарайынан билдиришкендей, Франциянын Казакстан жана Өзбекстан менен жакындашуусунун максаты – «экономикалык, энергетикалык, транспорттук инфраструктура, саламаттык сактоо, азык-түлүк коопсуздугу, коргонуу тармактарында кызматташуу жана сырьелордун маанилүү түрлөрүн жеткирүү» болуп эсептелет.

Айрым эксперттер француз лидери  Казакстанга жооп сапары менен келгенин айтса, кээ бири Макрон Борбор Азияга «уран» үчүн келди деген пикирин билдиришүүдө. Токаев Францияга өткөн жылдын ноябрында барып келген.

Sputnik Казакстан маалымдагандай, саясат таануучу Айдар Амребаев Макрондун Казакстанга келиши жооп сапары, дейт.

«Токаев өткөн жылдын ноябрында Парижде болгон, андан кийин эки президент ортосунда жекече жакшы мамиле түзүлдү. Биринчиден, бул сылык сапар болду. Албетте, эки өлкөнүн кызматташуусун бекемдөөгө жалпы кызыкчылыгы бар, анткени Казакстан Франция менен стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди түзгөн Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет», — деп түшүндүрдү саясат таануучу.

Анын айтымында, француз тарап Казакстанды Борбор Азиядагы аймактык саясаттагы негизги артыкчылыктардын бири катары карайт.

«Биздин мамлекет мунай мамлекети болгондуктан, б.а. экономикасы негизинен ресурска негизделгендиктен, европалык өнөктөштөр биринчи кезекте биздин мунай жана газ ресурстарыбызды, ошондой эле буга байланыштуу башка тармактарды иштетүүгө кызыкдар», — деди Амребаев.

Эксперт мындан башка да перспективалар болушу мүмкүн экенин айтты.

«Европада Global Gateway долбоорун ишке ашыра башташты. Ал үчүн Евробиримдик 300 миллиард доллар бөлүп жатат, Казакстандан Европа Биримдигине таза суутек жеткирүү боюнча конкреттүү кызматташуу долбоору бар. Менимче, сүйлөшүүлөрдүн багыттарынын бири бул долбоорлорду ишке ашыруу болушу мүмкүн», — деди ал.

Ал эми саясат таануучу Казбек Бейсебаев Макрондун сапарынын максаты — өзөктүк отун жеткирүүнү макулдашуу деп эсептейт.

«Франциянын президенти сыяктуу адамдар жөн эле келбейт. Франция өзөктүк энергетика тармагында алдыңкы өлкөлөрдүн бири, бирок акыркы убакта алар өз позицияларын жоготуп алышты. Француздар экологдордун таасирине алдырышып, өзөктүк өнөр жайын кыскарта баштап эми алар андан артта калууда», — деп түшүндүрдү эксперт.

Бейсебаев республикада уран казып алуу боюнча биргешекен КАТКО ишканасы иштеп жатканын эске салды. Франция өзөктүк өнөр жайын өнүктүрүүнү убактылуу токтоткондуктан, алар күч алышы керек жана уран керек, деп кошумчалады ал.

«Нигер бийликтери Франция менен кызматташууну токтотту. Дал ошол жак француздарды чийки зат менен камсыздап турган. Азыр Францияда сырьё маселеси курч турат. Ошентип электр энергиясына болгон баалар көтөрүлдү, ал эми дагы эле өсүш болсо, бул экономикага олуттуу сокку болот”, — деп түшүндүрдү саясат таануучу.

Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр өзөктүк күн тартиби менен гана чектелбейт, деп ырастайт эксперт. Ошондой эле казак мунайынын экспортун көбөйтүү маселелери талкууланат.

Казакстан менен Франциянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү жыл сайын өсүүдө. Алсак, 2023-жылдын сегиз айында товар жүгүртүү 2,7 миллиард долларды түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 21,1%га жогору.

Соода жүгүртүү

Казакстан Францияга негизинен:

  • чийки мунай — 1,7 миллиард доллар;
  • уран — 79,4 миллион доллар;
  • титан жана андан жасалган буюмдар — 46,8 миллион доллар;
  • суутек, инерттүү газдар жана башка металл эместер — 3 млн доллар;
  • кымбат баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар жана алардын бөлүктөрү — 1,9 миллион доллар;
  • электр машиналары жана атайын багыттагы жабдуулар — 1,8 млн доллар.

Ал эми Франциядан Казакстанга импорт 2023-жылдын январь-август айларында 91,2%га – 889,7 млн долларга өскөн.

Француз компаниялары углеводород, курулуш, уран, авиация, темир жол жана агроөнөр жай тармактарында ийгиликтүү иштеп жатышат. Казакстанда француз капиталынын катышуусунда 170тен ашык компания бар, анын ичинде Total, Orano, Alstom, Danone, Vicat, Saint Gobain сыяктуу ири трансулуттук компаниялар бар.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ