Путин «Крокустагы» терактыда элди сактап калган И. Халиловду сыйлады

«Крокус сити холдо» болгон терактыда элди сактап калган үч өспүрүмгө Россиянын президенти Владимир Путин “Өлүм алдындагыларды куткарганы үчүн” медалын тапшыруу жарлыгын чыгарды.

Сыйлангандардын арасында теги кыргызстандык Ислам Халилов да бар экенин РИА Новости жазып чыкты.  Аталган медаль менен мындан тышкары Артем Донсков, Никита Ивановдор да сыйланышты.

«Чукул кырдаалда элди аман алып калуу үчүн чечкиндүүлүк менен эрдик көрсөткөн Ислам Халилов Өлүм алдындагыларды куткарганы үчүн медалы менен сыйлансын», — деп жазылат документте.

Эскерте кетсек, теракт үстүбүздөгү жылдын 22-мартында кечинде болгон. Имаратка кирип келген бир нече эркек киши адамдарга ок чыгарып, жарылуучу заттарды ыргытып, натыйжада 145 киши өмүрү менен коштошкон. Концерттик залда гардеробдо иштеген окуучулар имарат ичинен 100дөй кишини алып чыгышкан, алардан кийин ошол эле жол менен дагы 200гө чукул киши чыгып аман калган.

ОТПРАВИТЬ КОММЕНТАРИЙ