Ирандын бир катар коңшу өлкөлөрү президенти Ибрахим Раисинин өлүмүнө байланыштуу иран элинин кайгысын тең бөлүшүү максатында бир нече күндүк аза күтүү күндөрүн жарыялашты.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “Иран эли башынан кечирип жаткан оор кайгыны тең бөлүшүү” үчүн бир күндүк аза күтүү жарыялоону чечкенин элге кайрылуусунда айтты. Ал маркумдун жакындарына жана бардык ирандыктарга көңүл айтты.
Эрдоган ошондой эле Ирандын президенти бараткан тик учактын кырсыкташы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин дароо түрк бийлиги ирандык кесиптештери менен байланышып, издөө-куткаруу иштерин жеңилдетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялап, “Байрактар Акынжы” учкучсуз учуучу аппаратын жөнөткөнүн белгиледи.
«Аба ырайынын татаал шарттарына карабастан, ал жети жарым саат бою издөө иштерине катышып, жалпысынан 2,1 миң км учуу жасады», – деди президент.
Кечинде көрүүчү система менен жабдылган “Акынжы” учкучсуз учагынын издөө иштери YouTube каналында түз эфирде көрсөтүлүп турду.
Сириянын SANA агенттиги кыйраган тик учакта Раиси жана анын сапарлаштарынын каза болгонуна байланыштуу өлкөнүн өкмөтү үч күндүк расмий аза күтүү жарыялаганын билдирди.
Сириянын желектери чет өлкөдөгү бардык элчиликтерде жарым ылдый түшүрүлөт, деп тактады SANA.
Ошондой эле бир күндүк аза күтүү жарыяланган үчүнчү өлкө Шри-Ланка болду, деп билдирет Daily Mirror. Ошондой эле өлкөнүн мамлекеттик желеги бардык мамлекеттик мекемелердин үстүндө жарым ылдый түшүрүлөт.
Мындан тышкары, Ирак, Индия жана Пакистанда да бир күндүк, Ливанда үч күндүк аза күтүү күндөрү жарыяланды.
Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдар бараткан тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган аймагына кулап түшкөн.
20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана сапарлаштары тик учак кырсыгынан каза болду деген маалыматты тастыктаган.
Делегация Азербайжанга болгон сапарынан кийин кайтып келе жаткан. Ал жерде Раиси азербайжандык кесиптеши Илхам Алиев менен чогуу “Гыз-Каласы” плотинасынын ачылышына катышкан.
Тик учакта Раисиден жана Абдоллахияндан тышкары, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан аман калгандар болгон жок.
Орду толгус оор жоготууга байланыштуу 20-майда өлкө боюнча беш күндүк аза күтүү жарыяланган.
Президентти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-майга белгиленген.
Учурда Иран элине дүйнө эли көңүл айтып, колдоолорун билдирүүдө.