1-октябрдын кечинде Иран ракеталар менен Израилдин аймагына массалык сокку урду. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы, генерал-майор Хоссейн Салами басып алынган аймактарга карай 200 ракета учурулганын жарыялады.
Сакчылар корпусу түнкү чабуул ливандык “Хезболланын” баш катчысы Хасан Насралланын, ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания жана Кудс күчтөрүнүн командири Аббас Нилфорушандын өлүмүнө жооп болгонун билдирди.
Чабуулдан кийин Ирандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, аны өзүн-өзү коргоо актысы деп атады.

Билдирүүдө шаршемби күнү кечинде Иран Ислам Республикасынын куралдуу күчтөрү Израилдин аскердик жана коопсуздук объектилерине жасаган ракеталык чабуулду Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 51-беренесинде белгиленген мыйзамдуу коргонуу укугун ишке ашырууга ылайык жана Израилдин агрессивдүү аракеттерине жооп катары жасаганы айтылат.
Ошондой эле анда Иран өзүн-өзү коргоого израилдик апартеид режимдин Палестина элине каршы мыйзамсыз жана геноциддик аракеттеринин, Ливан жана Сириягы каршы аскерий агрессиясын улантып жатканына байланыштуу узак убакыт сабырдуулуктан кийин өткөнү белгиленген.
ТИМ ракеталык сокку учурунда Иран Израилдин аскерий объектилерине гана сокку урганын белгиледи.
Министрлик БУУнун Коопсуздук Кеңешин Израилден келе турган коркунучтардын алдын алуу үчүн тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо жоопкерчилигин алууга чакырды.
“Иран Ислам Республикасы зарыл болсо, өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана Ирандын аймактык жана суверендүү мамлекетин ар кандай аскердик агрессиядан жана мыйзамсыз күч колдонуудан коргоо үчүн коргонуу чараларын көрүүгө толук даяр”, – деп айтылт билдирүүдө.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Европа жана башка өлкөлөрдөгү кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Ирандын Израилдин аймагына ракеталык чабуулу Тегерандын өзүн-өзү коргоо аракети болгонун жана БУУнун Уставынын 51-беренесине туура келерин билдирип, Иран тарап аскердик базаларды жана коопсуздукка байланыштуу объектилерди гана бутага алганын билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Аракчи Улуу Британия, Франция, Германия жана башка бир катар өлкөлөрдөгү кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, алар менен Ирандын Израилге каршы ракеталык чабуулун, Газа тилкеси менен Ливандагы чыңалууну талкуулады.
Ирандын тышкы иштер министри Ислам Республикасы Израилдин Исмаил Ханиянын өлүмүнө алып келген террордук чабуулунун жана Тель-Авивдин Газадагы жана Ливандагы согуштук чыр-чатакты тутандыруусунун фонунда эки ай бою сабырдуулук көрсөткөнүн баса белгиледи.
Сүйлөшүүнүн соңунда Ирандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы дагы бир жолу бардык өлкөлөрдү ок атышууну токтотууга, Израилдин соккусун токтотууга жана Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө, өзгөчө Газа тилкеси жана Ливанга карата эскалациянын күчөшүнө жол бербөө үчүн аракет кылууга чакырды.
Кийинчирээк Аракчи Х социалдык тармагына билдирүү жасап, анда Ирандын операциясы аяктаганын жана соңку чабуулга Израиль жооп кайтара турган болсо, Тегерандын реакциясы мындан да катуу жана күчтүү болорун жазды.
Иран БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аракетсиздигине өкүнүчүн билдирди

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү Тегерандын Израилге ракеталык жообу Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 51-беренесине ылайык, мыйзамдуу коргонуу укугунун алкагында жана агрессивдүү аракеттерге жооп катары жасалганын билдирди.
Бул туурасында Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Ирванинин Бириккен Улуттардын Уюмунун Баш катчысына жана Коопсуздук Кеңешинин төрагасына жолдогон катында айтылат.
Ирвани анда эгерде Израиль режими тарабынан мындай эл аралык мыйзамсыз иштер кайталанса, Ирандын жообу мурункудан да тез, чечкиндүү жана катуу болорун эскертти.
“БУУнун Коопсуздук Кеңеши эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча өзүнүн негизги жоопкерчилигин аткара албай калганы өкүндүрөт. Кеңештин аракетсиздиги Израилге бардык кызыл сызыктарды одоно басып өтүүгө жана эл аралык укуктун негизги принциптерин бузууга мүмкүндүк берди”, – деп билдирди өлкөнүн БУУдагы миссиясы.
Ошондой эле катта Коопсуздук кеңешинин аракетсиздиги “Иранга өз кызыкчылыктарын коргоо боюнча мыйзамдуу укугун колдонуудан башка тандоо калтырбаганын” белгиленет.