Кытай АКШ товарларына кошумча пошлинаны 125%га чейин көтөрөт. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалы билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
«Тарифтик ставка 84%дан 125%га чейин өзгөртүлөт», – деп айтылат маалыматта.
Чечим 12-апрелден тарта күчүнө кирет.
Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин маалыматы боюнча, Вашингтон кошумча тарифтерди көтөргөндүктөн Пекин дагы Дүйнөлүк соода уюмуна жаңы доо арыз менен кайрылган. Ведомство АКШны тарифтерди жокко чыгарууга жана жаңылыш аракеттерин толук оңдоого чакырды.
Өткөн жылы эки экономикалык державанын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү болжол менен 585 миллиард долларды түзгөн. Кошмо Штаттар Кытайдан (440 миллиард доллар) товар импорттосо, Кытай АКШдан (145 миллиард доллар) импорттогон.
АКШ менен Кытайдын тарифтик чатагы
2-апрелде Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп башка өлкөлөрдөн импорттолгон товарларга пошлина киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон. Негизги минималдуу ставка 10 пайызды түзөт. Ошол эле учурда көпчүлүк өлкөлөр тарифтердин жогорулашына туш болушат.
Кытайга карата алымдар 54 пайызды түзгөн. Көп өтпөй Кытайдын Мамлекеттик кеңеши жооп кылып, АКШдан келген бардык товарларга 34 пайыздык тарифтерди жарыялаган.
Америка лидери өз кезегинде Пекин өз чечиминен баш тартпаса, Вашингтон буга чейин жарыялангандан тышкары Кытайга каршы кошумча тарифтерди киргизээрин эскерткен.
АКШ өз кезегинде тарифтерди 104 пайызга чейин көтөрүп, Пекин ага 84 пайыз кошумча тарифтик ставка менен жооп берген. Андан кийин Трамп Кытайга пошлинаны адегенде 125 пайызга, кийинчерээк 145 пайызга чейин көтөргөн.
Америкалык лидердин айтымында, тарифтерди киргизүү АКШнын экономикалык көз карандысыздыгынын декларациясы болуп саналат, ал мамлекеттик карызды төлөө үчүн эбегейсиз каражаттарды пайдаланууга жардам берет.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Линь Цзянь белгилегендей, тарифтик согушта жеңгендер жок, Пекин согушгусу келбейт, бирок күрөштөн да коркпойт.
Айрым талдоочулар Кытай менен АКШнын ортосундагы кеңири соода согушунун кесепеттери дүйнө жүзү боюнча сезилерин жана көпчүлүк экономисттер алар өтө негативдүү болушу мүмкүн экенин айтышууда.