Глобалдык жылуулуктун кесепетинен топуракта, көлдөрдө, дарыяларда жана мөңгүлөрдө суунун көлөмү кескин азайып, бул айыл чарбасы үчүн кайтарылгыс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Мельбурн университетинин окумуштуулары жана алардын кесиптештери Жер үстүндөгү жана жер астындагы тузсуз суунун көлөмү кескин кыскарып кеткенин аныкташты. Бул тууралуу The Insider жазды.
2000 гигатонн суунун жоголушу жана анын кесепеттери
Гидрология профессору Донгриол Рю жана анын авторлошу Ки-Вон Science журналында жарыялаган изилдөөсүнө ылайык,
Акыркы 20 жыл ичинде топурактын нымдуулугу 2000 гигатоннага азайган – бул 2002–2006-жылдары Гренландиядагы мөңгүлөрдүн жоголушунан эки эсе көп.
Мурда 10 жылда бир кездешкен кургакчылык азыр тез-тез болуп жатат. Дүйнөлүк океандын деңгээли көтөрүлүүдө.
Жердин уюлдары жылып кетти.
Суу ресурстары кайра толбой жатат
Профессор Донгриол Рю белгилегендей, кургакчылыктан кийинки катуу жамгырлар жер астындагы суу запасын калыбына келтире албайт, анткени топурак эластикалыгын жоготууда. Сууну кайтарып келүү – климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүүгө жана сууну рационалдуу пайдаланууга байланыштуу болот.
Жердин абалы – жүрөктүн согушундай өзгөрүүдө
Луис Саманьего, Потсдам университетинин гидрология жана маалымат илими боюнча профессору, изилдөөгө Science журналы аркылуу пикирин билдирип, Жердин нымдуулугунун өзгөрүүсү анын айлануу кыймылын да бузганын белгиледи.
«Бул көрүнүш планетанын электрокардиограммасы сыяктуу. Аритмияны аныктап туруп аны дарылоодон баш тартуу кандай коркунучтуу болсо, суунун азайышына чара көрбөө да ошондой коркунучтуу», – деди Саманьего.
АКШ кайрадан Париж келишиминен чыгууну пландаштырууда
Буга чейин маалымдалгандай, АКШ Париж климаттык келишиминен чыгууга даярданып жатат. Бул чечим Вашингтонду Иран, Ливия жана Йемен менен бир катарга коёт – бул өлкөлөр гана 2015-жылдагы келишимге кол койгон эмес.
Бул келишимде дүйнөлүк жылуулукту 1,5°C деңгээлинде кармоо максатталган, анткени температуранын мындан ары жогорулашы катастрофалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн.