Иран эч качан өзөктүк куралга ээ болууга умтулган эмес жана келечекте да ага ээ болуу ниети жок. Ирандын өзөктүк программасын чечүү үчүн эч кандай “аскердик жол” же “аскердик альтернатива” жок экени баарына айкын болушу керек.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өзүнүн X социалдык тармагындагы (мурдагы Twitter) баракчасында билдирди.
Буга чейин 30-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп NBC News телеканалына берген маегинде эгерде АКШ менен Иран өзөктүк программа боюнча келишимге жетише албаса, Иран болуп көрбөгөндөй бомбалоого туш болорун айтып коркуткан.
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Орозо айт намазында сүйлөгөн сөзүндө Трамптын Ирандын дарегине айткан акыркы коркутууларына жооп берип, эгер душмандар Иранга каршы жамандык жасаса, алар сөзсүз түрдө катаал жооп алышарын эскерткен.
“Иран эч качан, эч кандай шартта, өзөктүк куралды издөөгө, өндүрүүгө жана ага ээ болууга умтулбай турганын дагы бир жолу кайталайт. Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы (JCPOA – өзөктүк келишим – ред.) кол коюлгандан он жыл өткөндөн кийин жана АКШ андан бир тараптуу чыгып кеткенден кийин жети жыл өткөндөн кийин, Иран ал келишим боюнча өз милдеттенмелерин бузганын көрсөткөн бир дагы далил жок. Муну ал тургай, улуттук чалгындоо директору Тулси Габбард да мойнуна алды”, – деп жазды Аракчи.
Ал белгилегендей, Ирандын Батыш өлкөлөрү менен өзөктүк программасы боюнча өз ара дипломатиялык жолу өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген жана бүгүнкү күндө да натыйжалуу бойдон кала алат.
“Бирок, “аскердик альтернатива”, “аскердик жол” деген нерсе жок экенин баарына ачык айтыш керек. АКШнын мурунку администрациялары 7 триллион доллардан ашык чыгымга учураган Жакынкы Чыгыштагы катастрофалык ийгиликсиздиктер муну өзү эле айтып турат”, – деп кошумчалады ирандык дипломат.
Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы (JCPOA – өзөктүк келишим – ред.) 2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.
Февраль айында АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскерий аракеттердин ордуна аны менен келишим түзүүгө даяр экенин билдирген. Март айынын башында Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеиге кат жөнөткөнүн, анда Тегеран менен ирандык өзөктүк программа боюнча келишим түзүүгө артыкчылык берерин билдирген. Андан соң Америка президенти Вашингтон Ирандын өзөктүк маселесин чечүүнүн эки мүмкүн болгон жолун — аскердик же дипломатиялык жолду карап жатканын белгилеп, сүйлөшүүлөргө артыкчылык берерин баса белгилеген.
27-мартта Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран Трамптын жазган катына расмий жоопту Оман аркылуу жөнөткөнүн билдирген. Министрдин айтымында, жоопто эки документ бар. Биринчисинде Тегерандын дүйнөдөгү азыркы кырдаалга көз карашы белгиленсе, экинчисинде Трамптын катында камтылган тезистерге толук комментарий берилген.
30-мартта Ирандын президенти Масуд Пезешкян Тегеран Трампка жазган жооп катында Вашингтон менен өзөктүк программа маселеси боюнча түз сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын, бирок ортомчулар аркылуу кыйыр диалогду улантуу дагы деле мүмкүн экенин билдирген.