Армения Палестинаны тааныды

Армения Республикасы Палестина мамлекетин тааныганын республиканын Тышкы иштер министрлиги жума күнү Telegram-каналында билдирди.

Билдирүүдө Газа тилкесиндеги катастрофалык гуманитардык кырдаал жана уланып жаткан аскердик кагылышуу эл аралык саясий күн тартибиндеги чечүүнү талап кылган башкы маселелердин бири экени белгиленет.

«Армения Республикасы жарандык инфраструктурага кол салууларды, жарандарга карата зордук-зомбулукту, куралдуу кагылышуу учурунда жарандарды барымтага алууну жана туткундоону чечкиндүү түрдө четке кагат, ошондой эле аларды эч кандай шартсыз бошотуу боюнча эл аралык коомчулуктун талаптарына кошулат. Армения Республикасы БУУнун Башкы ассамблеясынын Газа тилкесинде ок атууну токтоосуз токтотууга чакырган резолюцияларына кошулду. Мындан тышкары, Армения Республикасы Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жана стабилдүүлүктү, жөөт жана палестин элдеринин ортосунда узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотууга чын жүрөктөн кызыкдар», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Ошондой эле билдирүүдө Армения ар түрдүү эл аралык платформаларда ар дайым Палестина маселесин тынчтык жана ар тараптуу жөнгө салууну жактап келгени жана Израиль-Палестина жаңжалын жөөт жана араб деген эки мамлекет принцибинин негизинде чечүүнү колдоону улантып жатканы белгиленген.

«Биз бул палестиналыктар менен израилдиктердин мыйзамдуу умтулууларын ишке ашыруусуна кепилдик берүүнүн жалгыз жолу экенине ишенебиз. Жогоруда айтылгандардын негизинде Армения Республикасы эл аралык укукка, тең укуктуулук, эгемендүүлүк жана элдердин тынчтыкта ​​жанаша жашоо принциптерине берилгендигин ырастайт жана Палестина мамлекетин тааныйт», — деп айтылат документте.

Израилдин реакциясы

Еревандын Палестина мамлекетин тааныганы тууралуу билдирүүдөн кийин Израилдин Тышкы иштер министрлиги Армениянын Тель-Авивдеги элчисин сүйлөшүүгө чакырганын Израилдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жума күнү билдирди.

«Армения Палестина мамлекетин тааныгандан кийин Тышкы иштер министрлиги Армениянын Израилдеги элчисин (Арман Акопян – ред.) катуу сөгүш берүү үчүн чакырды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Палестинаны БУУга мүчө 193 өлкөнүн 140тан ашыгы өз алдынча мамлекет катары тааныйт. Палестина Ислам Кызматташтык Уюмунун (1969), Араб мамлекеттеринин лигасынын (1976) жана ЮНЕСКОнун (2011) мүчөсү. 2012-жылы Палестина мамлекети БУУда байкоочу мамлекет статусун алган. Дүйнөнүн 95 өлкөсүндө Палестинанын элчиликтери жана туруктуу өкүлчүлүктөрү бар.

28-майда Норвегия, Ирландия жана Испания Палестинаны мамлекет катары тааныган. Ал эми  Словения өлкөсү 4-июнда тааныган.

Батыш ЖМКлары жакынкы келечекте Палестинаны тааныгандардын тизмесине Бельгия да кошулушу ыктымал экенин жазышууда.

Армения Палестина мамлекетинин көз карандысыздыгын тааныган БУУга мүчө 148-өлкө болду.

Комментарий жиберүү