Башар Асаддын режими эмне үчүн кулады?

8-декабрга караган түнү куралдуу оппозиция Дамаскты ээлеп, Башар Асаддын режими кулаганын жарыялаган. Козголоңчулар Сириядагы бийликти эки жумага жетпеген убакытта кантип басып алышты жана ага эмне себеп болду?

Дамаск кантип кулады

27-ноябрда куралдуу оппозиция менен исламчылардын бириккен күчтөрү Сириянын түндүк-батышында биргелешкен чабуулду баштаган. Операция Израиль менен “Хезболланын” ортосундагы элдешүү башталган күнү башталды. 29-ноябрда козголоңчулар Сириянын экинчи чоң шаары Алеппону басып алышкан жана эртеси күнү алар Идлиб провинциясынын чыгышындагы көзөмөлдү толугу менен калыбына келтиришкен. 5-декабрда козголоңчулар Сириянын төртүнчү ири шаары Хаманы жана ушул эле провинциядагы бир катар калктуу конуштарды басып алууга жетишкен.

Ошол эле маалда Сириянын улуттук армиясы АКШ баштаган эл аралык коалициянын базасы аль-Танфта жайгашкан өлкөнүн түштүк-чыгышынан чабуулун баштаган. 7-декабрда Сириянын улуттук армиясы Пальмираны басып алганын “Anadolu” агенттиги жазган. Ошону менен Сирия өкмөтү жарандык согуш башталгандан бери үчүнчү жолу байыркы шаардан кол жууган. Ошол учурда өкмөттүк күчтөр Ирак менен чектеш мунайга бай Дейр-эз-Зор провинциясынан чегингени белгилүү болгон. Алардын ордуна АКШ колдогон күрттөрдүн “Сирия демократиялык күчтөрү” келип, бирок 8-декабрда ошол эле аймакта “Сирия демократиялык күчтөрдүн” сириялык оппозициянын башка топторунун ортосунда салгылашуулар башталган.

Ал ортодо “Хаят Тахрир аш-Шам” тобунун күчтөрү менен оппозиция Хомс үчүн салгылашып жаткан – анын кулашы аларга Дамаскка жол ачып, өкмөттүк күчтөрдү өлкөнүн жээк аймактарынан кесип салган.

7-декабрда күндүз эле интернетте белгисиз адамдар баш калаанын борборунан 15 мүнөттүк жол алыстыкта ​​жайгашкан Жарамане шаарынын чет жакасындагы Асаддын атасынын эстелигин бузуп жатканы тартылган кадрлар пайда болду.

8-декабрга караган түнү өкмөткө каршы күчтөр Дамаскка кирип келип, шаарды Башар Асаддан бошотулганын жарыялашкан.

Башар Асад өзү 8-декабрга караган түнү Дамасктан учуп чыгып, кечке жуук Асад Орусиядан башпаанек алганын кабарланды.

Дамаскта калган Сириянын премьер-министри Гази ал-Жалали бийликти өткөрүп берүүнүн бардык процедураларына даяр экенин билдирип, өлкөдө шайлоо өткөрүүгө чакырды.

Башар Асад Сирияны 2000-жылдын июлунан бери башкарып келген. Ал бийликке 1971-жылдан бери республиканы жетектеп келген атасы Хафез ал-Асад каза болгондон көп өтпөй келген.

Эмне үчүн Асад туруштук бере алган жок? Эксперт эмне дейт

Исламчылар менен куралдуу оппозиция 12 күндүн ичинде негизги калктуу пункттарды жана 2011-жылы жарандык согуш башталгандан бери биринчи жолу борбор Дамаскты көзөмөлгө алууга жетишти. 27-ноябрдан кийин болгон окуялар көптөгөн байкоочулар үчүн күтүүсүз болду.

Сирияда бийликтин кулашында ички саясий себептер негизги роль ойногонун Орусиянын Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун илимий кызматкери жана Улуттук изилдөө университетинин Экономиканын жогорку мектебинин улук окутуучусу Григорий Лукьянов РБК агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы орус аскерлери Сирияга кирип, кырдаал турукташтырылгандан кийин Асаддын өкмөтү эч кандай олуттуу экономикалык жана саясий реформаларды жүргүзгөн эмес. Бул өз кезегинде “араб жазына” жана жарандык согушка алып келген – коррупция, натыйжасыз башкаруу, мамлекеттик кызматтагы жана куралдуу күчтөрдөгү непотизм сыяктуу көйгөйлөрдүн өзүн жоюуга тоскоол болгон. Буга АКШнын санкциялары олуттуу тоскоол болгон экономиканы калыбына келтирүүдө прогресстин жоктугу да кошулду.

“Мындай шарттарда Сириянын армиясы – ошол эле согуш учурунда ирандык жана орусиялык аскерий кеңешчилердин колдоосу менен түзүлгөн армия – кыскара баштады, анткени өкмөттүн түз маанисинде анын иштеши үчүн төлөй турган акчасы жок болчу”, – деди Лукьянов.

Натыйжада Сирия өкмөтү мобилизациялоодон жана аскер топтоодон баш тартып, кесипкөй армияны гана калтырган. Натыйжада куралдуу күчтөрдүн мотивациясы дээрлик минималдуу деңгээлге чейин түшүп, анын профессионалдуулугу да кескин төмөндөп кеткен.

Чыгыш таануучу, Орусиянын Эл аралык иштер боюнча кеңешинин программалык координатору Иван Бочаровдун пикиринде Башар Асаддын режиминин кулашынын негизги себеби – Сирия жаңжалын саясий жол менен жөнгө салуунун жоктугу болду.

Аны айтымында, албетте, муну араб жазынын натыйжасында пайда болгон башка конфликт аймактары, атап айтканда Ливия же Йемен жөнүндө айтууга болот. Бирок алардан айырмаланып, Сирияда бийлик жарандык согуш башталганда өлкөнү көзөмөлдөгөндөрдүн колунда калган.

“Сириядагы өкмөт өлкө аймагынын 65 пайызын гана көзөмөлдөп, Хаят Тахрир аш-Шам жана Сириянын улуттук армиясы менен гана эмес, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Сирия демократиялык күчтөрү менен да диалогдон баш тарткан”, – деди эксперт lenta.ru агенттигине.

Ал белгилегендей, Сирияда керектүү реформалар жүргүзүлбөй, башка саясий күчтөрдү башкаруу системасына аралаштырып, инклюзивдүү өкмөт түзүүгө жетишээрлик аракеттер көрүлгөн жок. Ошол эле учурда саясий оппоненттерге карата бир топ катаал риторика сакталып калган.

“Бир нече жыл катары менен Сирияда экономикалык жана гуманитардык кырдаал начарлап бараткан. Өлкөдө инфляция күчөп, коопсуздук, азык-түлүк жана энергия менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралган”, – деди Бочаров.