Британиядагы Палестинаны колдоо топтору: Газадагы туруктуу тынчтык израилдик оккупацияны токтотуудан көз каранды

Британиядагы Палестинаны колдогон топтор Газадагы ок атышпоо келишимине скептикалык көз караш менен карап, тилкеде туруктуу тынчтык орнотуу сионисттик режимдин (Израиль -ред.) баскынчылыгын токтотуу жана Палестина калкы үчүн адилеттүү чечимге жетишүү аракетинен гана көз каранды экенин баса белгилешүүдө.

Аталган топтор Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосунда ок атышпоо келишими жарыялангандан кийин Палестинадагы оккупацияны токтотуу зарылдыгына басым жасашып, келишимди «зарыл» болсо да, Палестина кризисин чечүү үчүн «жетишсиз» деп эсептешти.

Газада миңдеген палестиналыктын өлүмүнө алып келип, Газанын инфраструктурасын толугу менен кыйраткан 15 айга созулган кыйраткыч согуштан кийин кечээ, 16-январда Израиль режими менен ХАМАС  кыймылынын ортосунда ок атышпоо келишимин жарыялады. Аймактык өлкөлөрдүн, өзгөчө Катардын ортомчулугу менен жетишилген бул келишимде туткундардын (израилдик туткундардын) бошотулушу жана Газа калкына кеңири гуманитардык жардамдардын жеткирилиши камтылган.

Британиядагы Палестина комитетинин директору Сара Хусейни өз сөзүндө Газадагы жаңжал эбегейсиз зор чыгымга алып келгенин баса белгиледи.

“Акыркы 15 айга созулган аёосуз кыргындар жана жакындарыбызды ачкачылык менен өлтүрүү жана Газадагы жарандык жашоонун бардык аспектилеринин системалуу түрдө жок кылынышы Израилдин экспансионисттик планын алдыга жылдырууга канчалык даяр экенин жана бара алаарын дүйнөгө көрсөттү”, – деди Хусейни.

“Өткөн 15 ай ичинде биздин жакындарыбыздын тынымсыз кыргыны жана ачарчылыгы жана Газадагы жарандык жашоонун бардык чөйрөлөрүнүн системалуу түрдө жок кылынышы Израилдин экспансионисттик планын алдыга жылдырууга канчалык даяр жана жөндөмдүү экенин дүйнөгө көрсөттү”, –  деди ал.

Газадагы Паралимпиадалык велоспорт командасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Карим Али да согуштан улам кеңири жайылган кыйроолорго токтолуп: «Чыныгы кыйынчылык эми башталат»,- деди.

Анын айтымында, бул согушта миңдеген адамдар буту-колунан ажырап, медициналык жана психологиялык жардамга муктаж.

Британиядагы Газа коомунун мүчөсү Бассем Фаражалла да Лондон өкмөтүнүн палестиналыктарга карата саясатын сынга алып: “Британ өкмөтү палестиналык үй-бүлөлөрдүн бул жактагы жакындарына кошулушу үчүн украиналык качкындарга колдоо көрсөтүү программаларына окшош бир планды сунушташы керек”, – деди.

Ал согушта үй-бүлөсүнөн 40 кишини жоготкондугун белгилеп : «Газадагы кызым мага: Эмне үчүн өлкөң бизге жардам бербейт?» деп сурады. “Эмне үчүн Британия бизди колдобойт?”, – деди ал.

Палестина автономиясынын Лондондогу элчиси Хуссам Зомлаттын айтымында, ок атышпоо келишими бул өлкөнүн элинин азап-кайгысын азайтуу үчүн жасалган биринчи кадам.

«Эгерде туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн, эл аралык коомчулук Израилдин оккупациясын токтотуп, көз карандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө аракет кылышы керек», – деди ал.

Зомлат ошондой эле Газаны реконструкциялоо тез арада жана эл аралык институттардын көзөмөлүндө башталышы керектигин жана бардык оккупацияланган аймактарда палестиналыктардын укуктары кепилдениши керектигин Би-Би-Сиге берген маегинде билдирди.

Улуу Британиядагы палестиналыктарды колдогон топтор 18-январда дагы бир нааразылык демонстрациясын өткөргөнү жатат. Алар өлкөнүн өкмөтүн Газадагы гуманитардык кризисти токтотууда активдүүрөөк роль ойноого чакырышып, чыр-чатактын аякташы сионисттик режимдин баскынчылык  саясатынын бүтүшүнө жана эгемендүү Палестина мамлекетинин таанылышына байланыштуу деп эсептешти.