Үчүнчү өлкөлөр Израилдин Газа тилкесиндеги гуманитардык жардамды блокадалоосун токтотуу үчүн иш-аракет кылууга милдеттүү, анткени бул жердеги кырдаал жашоону камсыз кылуу системаларынын кыйрашы коркунучун туудуруда.
Бул тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк билдирди.
“Үчүнчү өлкөлөрдүн мындай аракеттерди токтоосуз токтотуу боюнча эл аралык мыйзамдардын алдында так милдеттенмелери бар жана ошого жараша иш-аракет кылышы керек. Ошондой эле алар эл аралык укуктун негизинде кылмыштарды жасаган бардык күнөөлүүлөрдү издеп, аларды ким жасаганына карабастан, жоопко тартууга тийиш”, — деп айтылат документте.
Тюрк Израиль 2-марттан бери Газага азык-түлүк, күйүүчү май жана башка жашоого маанилүү булактарды жеткирүүгө тоскоолдук кылып жатканын, мунун баары анклавдагы наабайканалардын токтоп калышына жана азык-түлүк запастарынын тездик менен түгөнүшүнө алып келгенин эске салды.
“Жашоо үчүн зарыл болгон жардам жеткирүүлөрдүн толук блокадасы тогузунчу жума уланып жаткандыктан бул гуманитардык апааттын жаңы, болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыгышына жол бербөө үчүн биргелешкен эл аралык күч-аракеттер талап кылынат”,- деди БУУнун өкүлү.
Ошондой эле Тюрк ачарчылыкты согуштун жана жамааттык жазалоонун ыкмасы катары колдонуу күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну талап кылган аскердик кылмыш экенин белгиледи.
Эске салсак, Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы ок атышпоо келишими 1-мартта расмий аяктады, бирок ортомчулардын Газа тилкесиндеги жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга тараптарды тартуу аракетинен улам кагылышуулар кайра жанданбай турган. Бирок Израиль тилкедеги тузсуздандыруучу ишканага электр энергиясын берүүнү токтотуп, гуманитардык жүктөрдүн киришин жапкан.
БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери анклавда балдар арасында курч начар тамактануунун 10 миңге жакын учуру, анын ичинде 1600 учуру оор формадагы курч начар тамактануу фактысы аныкталган.