Виртуалдык дүйнөнүн кылмышкерлери электрондук капчыктан акчаны кантип уурдашат?

Интернет глобалдык маалыматтык-коммуникациялык тармак болуп саналгандыктан учурда маалыматтык технологияларды колдонууга байланыштуу кылмыштардын кескин өсүшүнө шарт түзүүдө.

Себеби, виртуалдык дүйнөнүн кылмышкерлери учурда ватсап тиркемелери аркылуу коомчулукка шилтемелерди жөнөтүп же түз чалуу аркылуу ар кандай айла- амалдарды колдонуп, электрондук капчыктагы акчаларды уурдап кетип жатышат. Бул санариптик технологиянын өнүгүшу менен катар эле көйгөйгө айланды.

Буга Ички иштер министрлиги да көңүл буруп, жарандарды алдамчылардын торуна түшүп калбаш үчүн сак болушу керектигин эскертип, алдоонун айрым ыкмаларына токтолуп, төмөндөгүдөй  билдирүү жасады.

“Алдамчылар оңой эле ишенимге кирип, тигил же бул кызматтарды жана мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап, жарандардан акча каражаттарын алдап алып, опузалап талап кылуу менен алектенишет. Мындан тышкары алдамчылар адатта түздөн-түз төлөө ыкмасы жөнүндө сүйлөшүүгө өтүшөт. Банк картасынын толук реквизиттерин, жарактуулук мөөнөтүн жана кодун атоону, төлөм жүргүзүү үчүн зарыл болгон уюлдук телефонго Сизге келе турган ар кандай коддорду кабарлоону суранышат.

Мисалы, чоочун адамдар кандайдыр бир  уюмдан экенин билдирип, телефон чалып же маалымат жөнөтүп, жашыруун коддорду жана айрым маалыматтарды алуу үчүн жарандарды алдоого аракет кылышат”,- деп эскертет.

Маалымат иретинде:

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын маалыматтык-техникалык камсыздоо жана IT технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Акрам Кадыржановдун  билдирүүсүндө, үстүбүздөгү жылдын январь айында “жакыныңыз аварияга кабылды, тез арада да акча каражаты керек” дегендер байланышка чыкты деп 1427 жаран бизге кайрылган. Анын ичинен 349у жапа чеккен. Жалпы жонунан 48 млн 803 миң сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган. Бул сумманын 20 млн 658 миң сому жабыркагандарга кайтарып берилген.

Мындан тышкары, каржылык мекеменин атынан интернет шилтемеси бар SMS алсаңыз, шилтемени ачпаңыз жана SMSке жооп бербеңиз. Чабуулчулардын максаты – адамды жөнөтүлгөн шилтемени ачууга жана жашыруун кирүү коддоруңузду билип алууга аракет кылышат. Банктар же кандайдыр-бир каржы институттары шилтемелер менен SMS жөнөтүшпөйт. Кылмышкерлер алдамчылыктын бардык жаңы түрлөрүн ойлоп табат.

Мисалы, Сизге уюлдук компаниянын инженеримин, уюлдук байланыш оператору болом деп өзүн тааныштырган адамдан телефон чалуу келет. Анан алар уюлдук линияны текшерип, сандар менен символдордун комбинациясын басууну суранышат. Алар сунуштаган сандарды же символдорду баспаңыз. Бул Сиздин акча каражатыңыз сакталуучу картаңызга кирүү аракети болушу мүмкүн. Мындай учурларда,  дароо сүйлөшүүнү токтотушуңуз керек.

Ал эми IT жасалма интеллект жана блокчейн технологиясы боюнча эксперт Асылбек Айтматов бул шилтемелерди атайын алдамчылык менен алектенген жамааттар жасайт деген пикирде.

Анын айтымына караганда, булардын артында IT тармагын жакшы өздөштүргөн адистер, балким башка мамлекеттин жарандарынын жардамы менен  ишке ашышы да мүмкүн.

Мындан тышкары эксперт “Дагы бир эске ала турган нерсе бул жерде уюштуруу жагы өзүнчө, аткаруу жагы өзүнчө ишке ашырышы да ыктымал. Бул жерде көңүл бурула турган маселе, мисалы ал жерде МБанк kg сайты бар. Ал жерге жаңы сайт ачылып, ММS МБанк деп жазылышы мүмкүн. Бул жерде айырмачылык жокко эсе болуп, адамдар айырмалай албай калышы толук мүмкүн.

Негизи, башка сайтка кирип кетип жатат. Ал жерге кирип Сиз логин, паролуңузду жазып койсоңуз, ал алдамчыларга түз эле кетип калат. Мунун Мбанкка эч кандай тиешеси жок. Башкача айтканда логотиптерин коюп коюушу мүмкүн. Ошондуктан алданып калбаш үчүн бардык нерсеге көңүл буруш керек. Бул өмүр боюу IT тармагынын өкүлдөрү менен хаккерлердин күрөшү десек болот”,-  деген пикирин билдирген.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.

Комментарий жиберүү