Бүгүн, 5-декабрда Грузиянын Ички иштер министрлиги оппозициялык партиялар менен уюмдардын кеңселеринде, анын ичинде Бириккен улуттук кыймыл, “Өзгөртүү үчүн” жана “Дроа” коалициясынын кеңселерине да тинтүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Mtavari телеканалы маалымат берди.
Мындан тышкары полиция бир нече адамдарды камакка алган. Кармалгандардын арасында «Өзгөртүү үчүн» коалициясынын лидери Ника Гварамия, анын фракциясынын мүчөсү Гела Хасая, ошондой эле “Даитовго каршы” кыймылдын негиздөөчүсү Звиада Цецхладзе бар. Маалыматка караганда, оппозициячылар уюмдун кеңселеринин жанында кармалышкан.
Муну Ички иштер министрлиги Гварамия жана анын тарапташтары административдик тартип бузгандыгы үчүн кармалышканын тактады.
Ал эми Грузиядагы телеканалдардын дагы бири “Имеди” “Оппозициялык күчтөрдүн кеңселеринде тинтүү “Топтук зомбулукту уюштуруу, ага катышуу же зомбулук аракеттерине чакыруу” беренеси боюнча жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады.


Республиканын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин айтымында, тинтүү мамлекеттик органдарга декабрь айындагы башаламандыктардын даярдыгы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин жүргүзүлгөн. Ал белгилегендей, статистикалык маалыматтарга ылайык, былтыр ноябрда өлкөдө пиротехникалык каражаттарды сатуу былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 90%га өскөн.
«Алар баарын алдын ала пландап коюшкан. Бүгүн көрдүңүздөр, укук коргоо кызматкерлери кеңселерге кирип, материалдарды тартып алышканда, оппозиция лидерлери пиротехникалык каражаттарды сатып алганын дароо мойнуна алып, мунун баарынын артында партиялык ресурстар турганын дагы бир жолу көрсөтүштү», – деди Кобахидзе брифингде.
Ал эми 4-декабрь күнү кечинде оппозиция лидерлери кармалганы кабарланды. Кармалгандардын арасында “Күчтүү Грузия” оппозициялык коалициясынын лидерлеринин бири Александр Елисашвили, “Ахали” партиясынын мүчөсү Зураб Датунашвили бар. Алар митинг учурунда кармалышкан.
Эскерте кетсек, Грузияда 28-ноябрдан бери нааразылык акциялары өтүп жатат.
Буга премьер-министр Ираклий Кобахидзенин бийликтеги “Грузин кыялы – Демократиялык Грузия” партиясы 2028-жылдын аягына чейин Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү күн тартибине киргизбөөнү жана бюджеттик гранттардан баш тартууну чечкени тууралуу билдирүүсү себеп болгон.