Ирландия, Норвегия жана Испаниянын бийликтери аймакта тынчтык орнотуу үчүн Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары тааныганын жарыялашты. Алардын чечими 28-майда күчүнө кире турган болууда.
Бул кадам “Израилдин, Палестинанын жана алардын элинин коопсуздугу үчүн бирден-бир туура чечим”,-деди Ирландиянын премьер-министри Саймон Харрис.
Ал алдыда бул үч мамлекеттин чечимине дүйнөнүн башка өлкөлөрү да кошулат деп үмүттөнүп жатканын кошумчалады.
Палестинаны көз карандысыз мамлекет деп таануу тууралуу Испаниянын расмий билдирүүсү ушул шаршемби күнү болоору күтүлүүдө.
Кийинки кезекте Словения менен Мальта болушу мүмкүн, алар дагы Палестина мамлекетин таанууну пландап жатканын айтышкан.
Ал арада Израиль Норвегия менен Ирландиядагы элчилерин чакыртып алганын маалым болду.
2024-жылга карата алынган маалыматтар боюнча, Палестина мамлекетинин көз карандысыздыгын Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө 193 мамлекеттен 146сы тааныган.
Кошумчалай кетсек, Палестина 2012-жылдын ноябрь айынан бери БУУда байкоочу мамлекет мандатына ээ.
Палестина мамлекетинин көз карандысыздыгын тааныбаган өлкөлөр аны түзүү маселеси Израиль менен Палестинанын улуттук бийлигинин (ПУБ) ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында гана чечилиши керек деп эсептешет.
Палестина мамлекети расмий түрдө дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери тарабынан таанылган, Араб мамлекеттеринин лигасынын бир бөлүгү болуп саналат. Бирок Евробиримдиктин көпчүлүк өлкөлөрү жана Япония сыяктуу кээ бир мамлекеттер тааныган эмес.
Палестина мамлекети БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон 3 мамлекет (АКШ, Улуу Британия жана Франция) тарабынан таанылбагандыктан, БУУнун толук укуктуу мүчөсү статусуна ээ боло элек.