Запорожье АЭСиндеги өрт өчүрүлдү

Энергодар шаарындагы Запорожье АЭСинин окуу-машыгуу имаратында кечээ түнү чыккан өрт өчүрүлдү, жабыркагандар жана курмандыктар жок.

Бул тууралуу Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

“Запорожье АЭСинин окуу-машыгуу корпусундагы өрт саат 06:20да (жергиликтүү убакыт боюнча) өчүрүлдү. Курмандыктар жана жабыркагандар жок”, – деп айтылат маалыматта.

Запорожье АЭСинин басма сөз кызматынын өкүлү Андрей Туз радиациянын жайылуу коркунучу байкалбаганын билдирди.

Учурда үчүнчү энергоблок бирдиктүү энергетикалык системадан өчүрүлүп, төртүнчү блок гана иштеп жатат.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги – МАГАТЭнин маалыматы боюнча, өрт АЭСтин негизги жабдууларына зыян келтирген жок.

Энергодар шаарындагы Запорожье АЭСи Европадагы эң ири станция болуп саналат.

Комментарий жиберүү