Израилдик “Yedioth Ahronoth” гезити өз баяндамасында ХАМАСтын аскерий параддары 15 айга созулган согуштан кийин кыймыл Газа тилкесинде дагы эле таасирдүү күч катары каралып жатканынан эч кандай шек жок деп билдирди.
IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, аталган басылма Израиль Газадагы согуштан кийинки кырдаалдын ар кандай мүмкүн болгон сценарийлерине туш болушун улантып жатканын, алардын ар бири Израиль үчүн конкреттүү саясий жана коопсуздук татаалдыктарын жаратарын билдирди.
“ХАМАСтын бийликте калышы дагы деле мүмкүн, айрыкча анын миңдеген согушкерлери жана полициясы Газа тилкесиндеги күнүмдүк жашоону жеңилдетүү үчүн иштеп жатат”, – деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Израиль менен ХАМАСтын ок атышпоо келишиминин алкагындагы туткундарды алмашуунүн төртүнчү этабында, б.а 1-февралда ХАМАСтын жоокерлери согуш учурундагы оор жоготууларга карабай Газада өз таасирин көрсөтүп, барымтадагыларды өткөрүп берген жерде кайрадан таасирдүү парад өткөрүшкөн.
2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулу жана Израилдин андан кийинки Газаны бомбалоосу жана ал жакка бастырып киришинен бери массалык кыйроолор жана ачарчылыктан тышкары, 47 миң 540 палестиналык набыт болуп, дагы 111 миң 618и жарадар болду.
Бул кылмыштарга карабастан, сионисттик режим (Израиль режими – ред.) Газа тургундарына каршы 470 күндүк согуштан кийин бул согуштагы максаттарына, тагыраак айтканда, ХАМАС кыймылын талкалоо жана Газа тилкесинен израилдик барымтадагыларды кайтаруу максатына жете албаганын моюнга алды.
Эске салсак, Газа тилкесиндеги жаңжалдын тараптары – Израиль менен ХАМАС кыймылы – Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен 19-январдан тарта 42 күнгө ок атышууну токтотууга макулдашкан.
Келишимдин биринчи этабы 1000дей палестиналык туткундун ордуна барымтадагы 33 израилдикти бошотууну камтыйт. Израиль аскерлери Газа тилкесинин чек арасына чейин чегиниши керек, бирок алар азырынча алардын чегинде кала берет. Ок атышууну токтотуунун биринчи күнүнөн тарта гуманитардык жардам жеткирүү күнүнө 600 жүк ташуучу унаага, анын ичинде күйүүчү май менен 50 унаага чейин көбөйөт. Палестиналыктарга 200 миң чатыр жана 60 миң мобилдик үй берилет.
Анын алкагында, 19-январда келишимге кол коюлгандан кийин барымтадагыларды туткундарга алмашуунун биринчи айлампасы болду. 90 палестиналык туткундун ордуна үч израилдик бошотулду. Экинчи алмашуу 25-январда болуп, ХАМАС тарабынан төрт туткун бошотулуп, Израиль 200 палестиналык туткунду бошоткон. 30-январда алмашуунун үчүнчү раунду болуп, анда Израиль 110 палестиналыкты үч жаранынын ордуна абактан бошоткон. Ал эми 1-февралдагы туткундарды алмашуунун төртүнчү этабынын алкагында 183 палестиналык Израилдин абактарынан бошотулуп, анын ордуна ХАМАС үч израилдикти кое берген.
Газада ок атышпоо келишими башталгандан бери дайынсыз жоголгондорду издөө жана шейиттердин сөөгүн урандылардын астынан чыгаруу операциялары башталып, тилкенин ар кайсы аймактарында күн сайын урандылардын астынан көптөгөн сөөктөр чыгарылууда.