Израилдин армиясы менен Ливандын «Хезболла» кыймылы 27-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:00дө аскердик аракеттерди токтотту. Элдешүү тууралуу кечээ кечинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен АКШнын президенти Жо Байден жарыялашты.
АКШ демилгелеген элдешүүнүн планына ылайык, Ливандын армиясы 60 күндүн ичинде түштүктөгү аймактарын ээлеп, “Хезболланын” инфраструктурасы Литань дарыясынан түндүктү көздөй жылышы керек. Ал эми Израиль бул убакыт аралыгында коңшу өлкөнүн аймагынан куралдуу күчтөрүн толугу менен чыгарып кетиши зарыл. Макулдашууда анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн АКШ башында турган эл аралык комитет түзүү каралган. Вашингтон Тель-Авивге Ливан тараптан кооптуулук жаралган учурда израилдик аскерлерди колдоо жана “Хезболланын” Ливандын түштүгүнө кайтуу аракетине бөгөт коюу боюнча кепилдик берүүгө макул болгон.
Израилдин “Хезболла” менен ок атышууну токтотууга макул болушуна эмне себеп болду деген суроо туулат.
Израилдин министрлери “Исраэль Хайом” гезитине берген маегинде Израилди ок атышууну токтотуу келишимине макул болууга мажбурлаган татаал жана жашыруун себептердин бар экенине көңүл бурушту.
Араб дүйнөсүнүн аналитиги Абд аль-Бари Атван Тель-Авивдин элдешүүгө барышынын негизги себеби катары Израилдин “Хезболланын” алдында жөндөмсүздүгүн атады.
Анын айтымында, “Хезболла” ок атышпоо тууралуу расмий түрдө комментарий бере элек жана анын унчукпай турганын канааттануу белгиси катары чечмелөөгө болбойт.
Атван акыркы күндөрдө Ливанда болуп өткөн окуяларга байланыштуу кээ бир учурларга токтолду:
Биринчиден – Израилде “кара жекшембиден” кийин максаттуу оптимизм толкунун түзүү болгон. Ошол күнү “Хезболла” Тель-Авивдин, Хайфанын жана Цфаттын борбордук аймактарындагы Израилдин аскерий жана чалгындоо базаларына 340тан ашык ракета жана бир нече жанкечти учкучсуз учактарды учуруп, төрт миллион израилдик баш калкалоочу жайларга баш калкалоого аргасыз болушкан. Бен Гурион аэропорту жабылып, бир нече адам жабыркашына алып келген ири өрт да болгон.
Экинчиден – ок атышпоо макулдашуусу тууралуу кабардын капысынан таралышынын максаты – оккупацияланган Палестинанын түндүгүндө, борборунда жана түштүгүндөгү аба соккусунан эскерткен сиренанын жаңыруусунан жана ракета жарылуусунан ойгонгон жөөт отурукташкандарды каптаган коркуу атмосферасын жок кылуу болгон.
Үчүнчүдөн – түндүктөгү жана Батыш Галилеянын шаарларында, анын ичинде Акко, Хайфа, Нахария жана Цфат шаарларында ракеталык жана учкучсуз учактардын катуу чабуулдарынын натыйжасында жашоонун шал болуп калышына байланыштуу болгон.
Төртүнчү жагдай – «Хезболланын» ракеталары, басымдуу бөлүгү жогорку тактыкта, биринчи жолу оккупацияланган Палестинанын экинчи чоң порту болгон Ашдод портуна жетти.
Серепчи белгилегендей, Ашдод деңиз базасына сокку уруу жана ага олуттуу зыян келтирүү маанилүү окуя катары каралууда, анткени Ашдодго жете алган ракеталар Димонадагы атомдук станцияга да коркунуч туудурушу мүмкүн.
“Рай аль-Юм” гезитинин башкы редакторунун айтымында, “Хезболланын” бул кыйратуучу ракеталары жана учкучсуз учактары Нетаньяхунун «Хезболланын» аскердик жана ракеталык мүмкүнчүлүктөрүнүн 80%дан ашыгын жок кылды жана «Хезболла алсыз болуп калды» деген жалган билдирүүлөрүнө реакция болуп саналат.
Буга байланыштуу “Al Jazeera” басылмасы Израилдин өкмөт министрлеринин Израилди ок атышууну токтотуу келишимине макул болууга мажбурлаган татаал жана жашыруун себептер бар деген сөздөрүн эске салды.
Жалпысынан алганда, дээрлик 14 айга созулган кагылышууда Израилдин соккуларынын натыйжасында Ливанда 3600дөн ашуун киши набыт болду. БУУнун маалыматы боюнча 1,2 миллионго жакыны үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Израиль тараптан болсо өлкөнүн түндүгүндө 70 миңге жакын адам жер которгон.