Илимпоздор Антарктиданын айланасында гиганттык суу алдындагы шаркыратмаларды табышты

Австралиянын Тасмания Университетинин жана Британиялык илимпоздордун катышуусу менен жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында, Антарктиданын айланасында гиганттык суу алдындагы шаркыратмалар табылды. Бул ачылыш спутник аркылуу жүргүзүлгөн байкоолор аркылуу жасалган.

Изилдөөнүн натыйжалары Communications Earth & Environment (CEE) илимий журналына жарыяланды.

Илимпоздор CryoSat-2 жана Sentinel-3A спутниктеринин орбиталык байкоо маалыматтарын колдонушкан. Бул маалыматтар Антарктида шельфинен жогорку тыгыздыктагы суу массаларынын бир нече километр тереңдикке кулап түшүп жатканын көрсөткөн. Ал жерлерде шаркыратмалар пайда болгон аймактарда деңиз деңгээли бир нече сантиметрге төмөндөгөнү байкалган.

Окумуштуулардын айтымында, бул суу алдындагы шаркыратмалар деңиз муздары тоңгондо туз бөлүнүп чыгып, суунун тыгыздыгын жогорулаткандыктан пайда болот. Тыгызыраак болгон суу континенттик эңиш аркылуу ылдый карай агып, кислород, азык заттар жана сиңген көмүр кычкыл газын тереңдикке жеткирет.

Изилдөөчүлөр мунун натыйжасында пайда болгон циркуляция глобалдык климатка таасир этерин белгилешти. Ошондуктан космостук байкоо аркылуу мындай процесстерди көзөмөлдөө климаттык моделдерди тактоого жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө ылайыкташуу стратегияларын иштеп чыгууга жардам берет.