Иранда жыл сайын 3-4-июнь күндөрү Ислам республикасынын негиздөөчүсү Имам Рухулла Хомейнинин дүйнөдөн кайткандыгынын жылдыгы белгиленип, Хомейнинин 15-хордаддагы тарыхый көтөрүлүшүндө шейит кеткен адамдар эскерилет.
15-хордад (биздин жылнааме менен 4-июнь) Хомейнини тарыхый көтөрүлүшүнүн арты менен 15 жылдан кийин Ислам революциясы жеңишке жетип, Иран Ислам Республикасынын түзүлгөн. Хомейни бул улуу көтөрүлүштөн жыйырма алты жыл өткөн кийин, 1989-жылдын 3-июнунда, (14-хордад) дүйнөдөн кайткан.
Хомейни мындан 61 жыл мурун дал ушул күнү Ирандын Кум шаарындагы “Фейзие” медресесинде элге кайрылып, шахтын жана анын айланасындагылардын кылмыштары жана Израиль менен байланыштары тууралуу жалындуу сөз сүйлөгөн. Анын сөзүнөн кийин, шахтын жашыруун полициянын агенттерин имамдын үйүнө кирип барып, аны камакка алышкан.
Имам Хомейнинин камакка алынышына жооп иретинде Ирандын ар кайсы шаарларында, анын ичинде Тегеран менен Кумдун көчөлөрүнө шах режиминин үстөмдүгүнө каршы адамдар массалык нааразылык акциясына чыгышып, диниятчыларды колдой тургандыктарын билдиришкен.
Анда шахтын режиминин коопсуздук күчтөрү демонстранттарга, ошондой эле Кумдагы “Фейзие” медресесинде чабуул жасап, ырайымсыз репрессияларды жүргүзүшкөн.
Анын жүрүшүндө бир нече адам каза болуп, көп сандаган адам камакка алынган жана көбү сабалган.
Бул тарыхый көтөрүлүш Иранда ислам кыймылынын шахтын режиминин авторитардык башкаруусуна каршы чыгуусунун башталышы болуп, Ислам революциясынын интеллектуалдык, саясий жана коомдук негиздерин түзүүгө ылайыктуу шарттарды камсыз кылган.
Имам Хомейни кыймылы 1963-жылы башталып, 1979-жылы Ислам революциясы акыркы жеңишине жетишкен. Бул жеңишке албетте, 4-июндагы Хомейнинин улуу көтөрүлүшү чоң роль ойногон.
Ислам республикасынын негиздөөчүсү камактан чыккандан кийин 1964-жылдан 1979-жылга чейин сүргүндө болгон, адегенде Түркияда, кийин Ирак менен Францияда болгон. Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) кайтып келген. Аны Тегеран шаарынан 3 миллиондон ашуун адам тосуп алган.
Ал Иранга кайтып келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен. Анда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлган.
Үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен Шах Мухаммед Реза Пехлеви ошол бойдон Иранга кайтып келген эмес.
Ислам республикасын негиздеген Хомейни өз өмүрүн Иран өлкөсүнүн саясий, экономикалык, коомдук жана маданий турмушунун оңолушуна арнап, мамлекетинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн алгылыктуу иштерди жасаган.
Бүгүнкү күндө Иран Хомейнинин өз элине калтырган улуу мурасы – Ислам революциясынын жеңиши менен душмандардын бут тосууларына, эл аралык санкцияларга карабай экономикасын көтөрүп, илим, изилдөө, медицина, өнөр жай, космос жана башка тармактарда көптөгөн ийгиликтерге жетишип, дүйнөдө эң бийик деңгээлге жете алды деп айтсак болот.