Кадыр Маликов: Биз келечекке гана ишенбестен, аны долбоорлошубуз керек

Биз өтө назик заманда жашап жатабыз. Кайсы бир деңгээлде алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон түзүлүшү бар мурдагы дүйнө көз алдыбызда кыйрап жатат. Жаңы системалар али калыптана элек, жаңы маанилер табыла элек. Ар бир жаңы күн тынчсызданууну алып келүүдө: Жакынкы Чыгыштагы согуштар, Европадагы хаос, авторитаризмдин өсүшү, климаттык катастрофалар, санариптик көз карандылык, адам менен машинанын ортосундагы чек араны өчүрүп жаткан жасалма интеллект. Бул жөн гана кризис эмес — бул системалуу бузулуу. Бул тектоникалык өзгөрүүлөрдүн фонунда ислам дүйнөсү, эгерде өзүнүн глобалдык келечектеги ордун кайра карап чыкпаса, байкоочу катары четте калуу коркунучунда турат.

Мусулмандар өтө узак убакыттан бери күтүп жашап келишет. Жакшы убакыттарды, дүйнөлүк адилеттүүлүктүн калыбына келтирилишин, улуу белгилерди, куткаруучунун келишин ж.б. күтүп. Бул күтүү, чындыгында, көп учурда аракетсиздикти, жеңилүүнү кабыл алууну, ал тургай жалкоолукту актоо болуп калат. Биз келечектен коркобуз, аны бөтөн аймак катары кабыл алабыз, ал жакка кирүүгө тыюу салынгандай сезилет. Бирок ишеним, өзүнүн баштапкы маанисинде, өзгөрүүгө жана өзгөртүүгө умтулуу. Ишеним жана акыл менен аракет кылган адам дүйнөнү жакшы жакка өзгөртө алат.

Курандын өзүндө апатияга эмес, аракетке чакыруу бар. Мусулман – бул жөн гана тышкы нормаларды сактаган адам эмес, адилеттүүлүк, билим, өнүгүү үчүн аракет кылган адам. “Чындыгында, Аллах бир коомдун абалын, алар өздөрүн өзгөртмөйүнчө өзгөртпөйт” — бул аят фатализм жөнүндө эмес (тагдырга жазмышка ишенүү), бул жоопкерчилик жана бардык багыттарда өзгөрүүгө, өнүгүүгө умтулуу жөнүндө. Келечек – бул фатум эмес, бул аракет жана тандоо менен калыптанат. Айрыкча баары туруксуз жана белгисиз болуп турган азыркы дүйнөдө.

Коомдук ой жүгүртүүдө азыркы кризистердин табиятын сүрөттөп берүүчү түшүнүктөр пайда болду: “кара ак куу” — бул күтүлбөгөн окуялар, мисалы, пандемия; “кара медуза” — бул тааныш көрүнгөн коркунучтар. Бирок чындыгында бул алда канча терең жана коркунучтуу коркунучтар (мисалы, боттор жана жасалма интеллекти колдонуу менен интернеттеги радикалдашуу); “кара пил” — бул коомдун адеп-ахлактык пайдубалынын бузулушу же диний ой жүгүртүүнүн кризиси катары коркунучтан же адаттан улам көз жаздымда калган ачык коркунучтар.

Булардын баарынын бир учу бар — келечектен коркуу. Аны түшүнүүгө болот. Кадимки чектер бузулганда, өткөнгө жашынгың келет. Бул жерден диний ой жүгүртүүдөгү мифологиялаштыруу, буквализм, ритуализм жана моралдык, интеллектуалдык мазмунсуз тышкы атрибутикага басым жасоо келип чыгат. Бирок маселе консерватизмде гана эмес. Көп учурда аң-сезим заманбап батыштык нарративдер (технократиялык, керектөөчүлүк, эгоцентризм) менен колонияланат. Натыйжада, биз өз огубузду жоготобуз. Сапатсыз, бирок саны бар диндүүлүк пайда болот. Диний кызматкерлер, бирок руханий авторитеттер эмес. Терең ой жүгүртүүсүз ишеним жөнүндө сөз. Экинчи даражадагы маселелер боюнча кызуу талаш-тартыштар — бирок кеңири көз караш жана себептерди түшүнүү жок.

Батыш өзүнүн келечекке болгон көз карашын сунуштайт: рационалдуулук, прогресс, индивидуализм, эгоцентризм, керектөө, салттуу баалуулуктардан баш тартуу, материализм. Бул модель биринчи караганда натыйжалуу көрүнгөн, бирок азыр бардык жактан жарака кетип жатат. Экзистенциалдык кризис, жалгыздык, психикалык бузулуулар, үй-бүлөнүн бузулушу, ресурстар үчүн согуштар, абийирдин ордуна алгоритмдер — бул “жогорку маанисиз прогресстин” баасы.

Ал эми ислам бизге эмне сунуштайт? Ал илимди, технологияларды жана өнүгүүнү четке какпайт. Куран ой жүгүртүүгө, тең салмактуулукка, чындыкты издөөгө чакырууларга толгон. Бирок мунун баары баалуулуктар тутумуна киргизилиши керек: адилеттүүлүк, акылдуулук, руханийлик, башкалар үчүн жоопкерчилик. Мында альтернатива бар — архаика эмес, куру кыял эмес, гуманисттик келечек, мында маани ылдамдыктан маанилүү, жан машиналык жасалма интеллекттен баалуу.

Мусулмандар бүгүн жөн гана диний насаатка эмес, келечек долбооруна муктаж. Кыял — бул фантазия эмес, бул багыт. Америкалыктардын “америкалык кыялы” бар, кытайлыктардын — “кытай модели” бар.

Ал эми биздечи? “Ислам кыялы” кайда? Эмне үчүн мусулмандар өз футуристтик сценарийин түзүшпөйт? Эмне үчүн биз өз күн тартибибизди түзүүнүн ордуна, дагы эле башкалардын күн тартибине жооп берип жашайбыз?

Бул жаңы ой жүгүртүүнү, тарыхты кайра карап чыгууну, өткөндү маңызы жок көчүрүүдөн жана батыштык шаблондон бошонууну талап калыт. Бизге интеллектуалдык секирик — ишеним менен заманбаптыкты, дин менен илимди, руханийлик менен социалдык адилеттүүлүктү бириктире алган исламдык ой жүгүртүү керек. Бул билим берүү реформасысыз, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүсүз, жаңы интеллектуалдык элита пайда болмоюнча мүмкүн эмес. Ал элиталар ураандарды кайталап гана койбостон, ой жүгүртүп, аракет кылып, куруп баштайт. Бул салттан баш тартуу дегенди билдирбейт. Бул аны жандандыруу дегенди билдирет.

Келечексиз динийлик туңгуюкка, баалуулуктарсыз пландаштыруу — катастрофага алып келет. Биз муну азыр алгоритмдер тагдырды чечип, руханий боштук санариптик ызы-чуу менен жашырылган дүйнөдө көрүп жатабыз. Ислам башка жол сунуштай алат. Бирок бул үчүн мусулмандар кууп артта калуучулардын ролунан чыгышы керек. Биз келечекке ишенүү гана эмес — аны долбоорлошубуз керек. Болбосо — аны биз үчүн башкалар долбоорлоп коюшат.

Кадыр Маликов