Квадробика жалпы коомчулукка анча белгилүү болбогон менен акыркы учурда көңүл ачуудан резонанстуу феноменге айланып, Кыргызстанга да жетти. Айрыкча, бул жагдайга 10 жаштан 14,16 жашка чейинки өспүрүмдөр тартылууда.
Муну коомчулук ар кандай кабыл алып, кайчы пикирлерди жаратып жатат. Квадроберлер — жаныбарлардын кыймыл-аракетин жана адаттарын туураган адамдар, көбүнчө өспүрүмдөрдө күч алды. Бул субмаданияттын башатын 2008-жылы япониялык спортчу Кеничи Ито ойлоп тапкан. Ал жаныбарлардын техникасын колдонуу менен спорт менен машыгып баштаган жана Россияда квадробика темасынын кеңири талкууланып жатканын биле турганын айткан.
Ал өз сөзүндө, “Quads – бул балдарга көп көнүгүү жасоого жардам берген жана алардын чыгармачылыгын стимулдаган кызыктуу машыгуу. Бирок бул коом үчүн көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экенин да түшүнөбүз, анткени балдар өтө эле алаксып, башкаларды тиштей башташат ”- деген.
Анын пикиринде, төрт буттап басуу тең салмактуулукту жакшыртат, ийин жана жамбаш муундарга пайдалуу, бел ооруларынын пайда болушуна жол бербейт.
«Төрт бут менен басуу эки бут менен басууга караганда 4 эсе көп физикалык күчтү талап кылат, андыктан бул оор жумуш болгону менен натыйжалуу дешет. Биринчиден, эки буту менен баскандардын өнөкөт оорусу болгон бел оорусу жана ийиндин катуулугу оорубайт», – дейт ал.
Эң кызыгы, азыркы учурда Орусияда квадроберлерге болгон кызыгуу бизнеске айланып, алар үчүн товарларды чыгара баштоого түрткү берди.
Бирок, Европа өлкөлөрүндө “квадроберизм” деп аталган агрессивдүү жүрүм-турум пайда болуп, бул көрүнүштүн негизги себептери катары – социалдык-экономикалык көйгөйлөр жана коомдо топтолгон стресстен улам деген пикирлер жаралып жатат. Эксперттер бул агрессия коомдук коопсуздукка коркунуч туудуруп, бөлүнүүлөрдү күчөтүп жатканын айтып чыгышты. Анткени, АКШда квадроберизм массалык нааразылык акцияларына түрткү берүүдө.
Ал эми, КМШ өлкөлөрүндө бул көрүнүш улам барган сайын күчөгөндүктөн, кээ бир мамлекеттерде тыюу салуу сунушталууда. Алардын катарында Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан бар.
Бул маселе жакында Өзбекстандын өкмөтүнүн күн тартибинде каралып, балдар жана өспүрүмдөр арасындагы “квадробинг” субмаданияты ата-энелик милдеттерди аткарбагандык катары квалификацияланып, болжол менен 150 доллар өлчөмүндө айып пул салынары боюнча мааламыт тарады. Бул боюнча Өзбекстандын Ички иштер министрлиги да билдирген.
Мындай субмаданият Кыргызстанда да катталып жаткандыктан депутат Дастан Бекешов Жогорку Кеңештин 24-октябрдагы жыйынында бул маселени көтөргөн.
“Квадробер интернет аркылуу бат таркап баратат”
Республикалык психиатрия жана наркология борборунун башкы врачы Жаныбек Ажибеков буларга токтолду:
– Квадроберлер азыркы учурда адамдар, айрыкча өспүрүмдөр арасында жүрүп жаткан тенденция. Аны субмаданият деп да аташат. Квадроберлер жаныбарларды туурап кийинип, төрт аяктап басышат жана ошол жаныбарга тиешелүү үндөрдү чыгарышат. Бул дээрлик бүткүл дүйнө жүзү боюнча жаштар арасында жайылып бара жатат. Көбүнчө өспүрүмдөр жаныбарлардын жүрүм-турумун туурап, ар кандай атрибуттарды, мисалы, маскаларды жана куйруктарды колдонушат.
Мунун бирден бир себеби – санариптик технологиянын таасири. Буга чейин квадробер балдардын, өспүрүм курактагы жарандарда пайда болгондугу тууралуу Кыргызстанда маалымат катталган эмес жана ооруу катары диагноз коюлбаган. Ошондуктан, муну психологиялык ооруу катары кароо туура эмес.
Анткени, маалыматтарга ылайык, субмаданияттын башаты 2008-жылы япониялык спортчу Кеничи Ито тарабынан колдонулуп, бул улам барган сайын популярдуу болуп отуруп, интернет желеси аркылуу бат таркап баратат.
Психологдор бул хоббини өзүн-өзү көрсөтүүнүн жана башкалар менен болгон мамиленин бир бөлүгү катары коопсуз деп баалашат, бирок дарыгерлер интенсивдүү машыгуу учурунда жаракат алуу коркунучу жөнүндө эскертишет.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.