Келерки жылдары ысыктан жабыркаган адамдардын саны көбөйүшү мүмкүн

Ташкент, Астана жана Бишкек шаарларында күндүн адаттан тыш ысыгандыгына байланыштуу өлүм көрсөткүчү жылына ар 100 миң адамга – 21 учурга чейин жеткен. Ал эми бул көрсөткүч Ашхабадда 28 учурду түзгөн.

Өлүм көрсөткүчүнүн жогорулашына шаарлардагы калктын тездик менен өнүгүүсү, жашыл аймактардын аздыгы себеп болууда.

Бул маалымат Дүйнөлүк банк менен Кырсыктарды азайтуу боюнча глобалдык фонддун баяндамасында айтылганын Vzglyad.uz басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, ысык аптап ден-соолукка жана экономикага байкаларлык таасирин тийгизүүдө.
2023-жылы ысык аба ырайынан улам бүткүл аймакта 87 миңден ашык жумушчу орду кыскарган. Алардын 22 миңи Өзбекстанга туура келет.

2050-жылга чейин кээ бир шаарларда ысыктан улам экономикалык чыгымдар ИДПнын 2%нан ашышы мүмкүн.

Ал эми Кыргызстанда жыл сайын 200 чакырымга чейин жолдор ысыктан жабыркап, транспорттук инфраструктурага чоң чыгым алып келүүдө.

“Кырдаалды шаардагы жыш өнүгүү, жашыл аймактардын аздыгы жана асфальтталган жолдор жылуулуктун таасирин күчөтөт”,- деп айтылат маалыматта.

Докладга ылайык, 2050-жылга чейин аймактын шаарларында ысык күндөрдүн саны үч эсеге көбөйүшү мүмкүн. Бул аймактардын калкынын 70%дан ашыгы шаарларда жашаганын эске алганда,  өзгөчө кооптуу.

“Акыркы жыйырма жылда Европа менен Борбор Азияда ысыктан он миңдеген адамдар каза болду. 2050-жылга карата бул көрсөткүчтөр үч эсе көбөйүп, жол кырсыгынан каза болгондордун санына барабар болушу мүмкүн”, – деп белгилешет докладдын авторлору.

Мындан тышкары, ашыкча ысык ооруканаларга жана энергетикалык системаларга нормадан тыш жумуш жүктөйт. Бул жабдуулардын иштен чыгышына алып келет жана жеткирүү чынжырларын үзгүлтүккө учуратат. Ошол эле учурда адамдардын физикалык жана психикалык көрсөткүчтөрүн төмөндөтөт.
Мындай шартта карылар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр эң аялуу бойдон калууда.