Кыргызстан тарыхында бурулуш учур катары калган 2005-жылдагы Март ыңкылабына бүгүн, 2025-жылдын 24-мартында, туура 20 жыл толду. Бул окуя өлкөдөгү саясий система үчүн жаңы этапты баштап, бийликтин алмашуусуна себеп болгон эле. Элдик толкундоолордун натыйжасында ошол кездеги президент Аскар Акаев кызматынан кетип, өлкөдө жаңы бийлик түзүлгөн. Бирок, ыңкылапка болгон үмүттөр канчалык акталды? Бул окуянын Кыргызстандын саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна тийгизген таасири кандай болду?
Ыңкылаптын келип чыгуу себептери
2005-жылкы Март ыңкылабынын негизги себептеринин бири – парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразычылык болгон. Болуп өткөн шайлоолордо оппозициялык талапкерлер четтетилип, бийликчил саясатчылар парламентке өткөн. Бул көрүнүш өлкөдөгү саясий күчтөрдүн ортосундагы чыңалууну андан ары күчөттү. Мындан сырткары, Акаевдин үй-бүлөсүнүн жана айланасындагылар бизнеске өтө чоң таасир эткени, коррупциянын күчөшү, сөз эркиндигине болгон кысымдар да элдин нааразычылыгын туудурган негизги факторлордон болгону айтылат.

Ошол кездеги оппозиция өкүлдөрү жана укук коргоочулар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып, элди тынчтык митингдерине чыгууга чакырышкан. Алгачкы демонстрациялар Ош, Жалал-Абад облустарында башталып, андан соң башка облустарга тараган. Ошол кездеги бийлик нааразычылыкты көзөмөлдөөгө аракет кылганы менен, жаалданган элдин кыжыры күчөп, марттын акыркы күндөрүндө нааразылык Бишкекке жеткен.
Үзөңгү-Кууш маселеси жана Аксы окуялары
Элдин толкундануусуна Кыргызстандын тарыхында коомчулукту дүрбөлөңгө салган жана олуттуу саясий кесепеттерге алып келген эки негизги окуянын бири – Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилиши жана экинчиси – Аксы окуялары болгон. Бул эки окуя тең өлкөдөгү саясий туруктуулукка, элдин бийликке болгон ишенимине олуттуу таасирин тийгизип турган.

Мисалы, Үзөңгү-Кууш – Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан стратегиялык мааниге ээ аймакты, КЭР менен чек ара маселесин чечүүдө, Акаев кошуналарга берип салды деген доомат айтылган. Тактап айтканда, 1990-жылдардын аягында кыргыз бийлиги Кытай менен чек араны тактоо максатында эки тараптуу келишимдерди иштеп чыккан. 1999-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек ара маселелери боюнча келишим түзүлүп, анын негизинде 2002-жылы Үзөңгү-Кууш аймагы Кытайга расмий түрдө өткөрүлгөн.
Бул келишим коомчулукта чоң резонанс жаратты. Өлкөнүн оппозициясы жана жарандык коомдун өкүлдөрү муну улуттук кызыкчылыктарга каршы келишим катары сыпатташкан. Алар бийликти Кытайдын кызыкчылыгын көздөп, элдин оюн эске албай чечим чыгарды деп айыпташкан. Бул маселеге байланыштуу бир катар митингдер өтүп, парламентте да кызуу талкуулар болгон. Бирок, ага карабастан, келишим ишке ашып, Үзөңгү-Кууш Кытайдын аймагына өткөн.
Ал эми Аксы окуялары боюнча кеп кылсак… 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда нааразычылык акциялары өтүп, анын жүрүшүндө укук коргоо органдарынын огунан алты адам курман болгон. Бул окуя Кыргызстандын тарыхында бийликтин өз элине ок аткан кандуу окуясы катары кара так менен жазылып калды.
Аксы окуяларынын келип чыгышына ошол кездеги оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы себеп болгон. Ал бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына каршы чыгып, өзгөчө Үзөңгү-Кууш маселесинде бийликти сындап келген. Анын камалышы эл арасында нааразычылык жаратып, Аксыда массалык митингдерди уюштурууга түрткү болгон.
17-март күнү Аксыда жүздөгөн адамдар тынчтык акциясына чыгышкан. Бирок, күч органдары демонстранттарга карата ок чыгарганда, ал кандуу окуя менен аяктаган. Ошентип Эл аралык коомчулук жана жергиликтүү эл бийликти адам укуктарын одоно бузду деп айыпташкан.
Аксы окуялары Кыргызстандын саясий турмушунда чоң бурулуш жасаган окуялардын бири болуп калды. Бул окуядан кийин бийликке болгон ишеним андан бетер солгундап, оппозициянын аракети күч алды. Натыйжада, 2005-жылдагы Март ыңкылабы жүз берди.
Башкача айтканда, Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилиши жана Аксы окуялары Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы эң чоң саясий кризистердин катарына кирет. Бул эки окуя тең бийликтин чечимдери менен элдин каалоосунун ортосунда чоң ажырым бар экенин көрсөткөн. Бүгүнкү күндө бул окуялар Кыргызстандын тарыхында олуттуу сабак катары каралып, өлкөнүн саясий туруктуулугуна жана элдин бийликке болгон ишенимине түздөн-түз таасир эткен учурлардын бири бойдон калууда.
Март ыңкылабы кантип башталган?

Алгач нааразычылыктар түштүк аймактарда – Ош жана Жалал-Абад облустарында башталган. Көп өтпөй, бул толкундоо борборго чейин жетип, 24-мартта нааразы болгон эл Ак үйдү басып алган. Күч органдары элдин каршылыгына туруштук бере алган эмес. Ошол эле күнү Акаев үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетип, адегенде Казакстанга, андан кийин Орусияга кетүүгө аргасыз болгон. Натыйжада, өлкөдө бийлик боштугу түзүлүп, оппозиция өкүлдөрү Убактылуу Өкмөт түзгөн.
Кээ бир маалыматтар боюнча, куралчан топтор да ыңкылап учурунда активдүү аракет көрүшкөн. Бирок, негизинен, элдик толкундоо стихиялуу түрдө жүрүп, жарандык коомдун күчү менен бийлик алмашкан. Ошол эле учурда, ыңкылап учурунда дүкөндөр тонолуп, баш аламандык күч алган. Бишкектеги ири соода түйүндөрү, банктар жана мамлекеттик мекемелер талап-тонолуп, көпчүлүк ишкерлер материалдык чыгымга учураган.
Курманбек Бакиевдин бийликке келиши

Акаевдин отставкасынан кийин Кыргызстандын Жогорку Кеңеши анын президенттик ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, убактылуу башкарууну оппозициячыл маанайдагы саясатчы Курманбек Бакиевге берилген. Ал эми 2005-жылдын 10-июлунда өткөн мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоодо Бакиев жеңишке жетишип, расмий түрдө өлкө башчысы болуп шайланган.
Бирок, элдин Март ыңкылабына болгон баштапкы үмүттөрү тез эле үзүл-кесил боло баштады. Бакиев бийликке келгенден кийин да Акаев доорундагы көптөгөн көйгөйлөр, айрыкча коррупция жана үй-бүлөлүк башкаруу системасы кайрадан кайталанганы коомчулукта көп талкууланган темалардын бирине айланган. Бул кырдаал 2010-жылдагы кезектеги апрель окуяларына жол ачты. Оппозиция Бакиевдин башкаруусу учурунда анын үй-бүлөсү жана жакындары мамлекеттик башкарууга таасир эткен негизги күчкө айланып, Кыргызстандагы саясий кризис дагы тереңдей баштаганын сындап чыккан.
20 жылдан кийин: Март ыңкылабынын жыйынтыгы

Март ыңкылабынан бери Кыргызстан бир нече жолу саясий кризистерди башынан өткөрдү. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабы дагы бир бийлик алмашууга алып келди. Андан кийин да өлкөдө бир топ саясий туруксуздук орун алып, президенттер ар кандай жолдор менен кызматтан кетүүгө аргасыз болушту. Бул жагдай Кыргызстанда саясий система дагы эле толук калыптанбаганын жана туруктуулукка жетүү үчүн дагы көп иштер жасалышы керектигин көрсөттү.
Ошол эле учурда, 2005-жылкы окуя Кыргызстанда демократиялык жараяндардын жүрүшүнө да олуттуу таасир этти. Алгачкы жолу эл бийликтин мыйзамсыз аракеттерине биргелешип каршы туруп, саясий өзгөрүүлөргө жетише алаарын далилдеди. Бул көрүнүш кийинки жылдардагы жарандык активдүүлүктүн күчөшүнө шарт түздү. Бирок, коррупцияны жоюу, экономиканы өнүктүрүү жана саясий туруктуулукту камсыздоо багытында күтүлгөн өзгөрүүлөр толук ишке ашкан жок.
Ошентип, 2005-жылдагы Март ыңкылабы – Кыргызстандын тарыхында маанилүү окуялардын бири бойдон калды. Ал – саясий өзгөрүүлөрдүн башатын түзгөнү менен, туруктуулукка жана реформага болгон үмүттөрдү актай албады. Кийинки муундар бул окуядан туура жыйынтык чыгарып, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн туруктуу, калыс жана демократиялык системаны түзүү үчүн аракеттениши маанилүү.
Даярдаган: А.Белеков