Кытай Айдын аркы бетинен алынып келинген топуракты биринчи жолу коомчулукка көрсөттү

Кытай Айдын аркы бетинен алынып келинген топурактын үлгүсүн биринчи жолу кеңири коомчулукка көрсөттү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Кытай бейшемби күнү Улуттук космос күнүн белгилейт. Мындан туура 55 жыл мурун Кытай өзүнүн биринчи космостук спутниги “Дунфан Хун-1″ди учурган. 2024-жылы 50 жыл өткөндөн кийин, Кытай Айдын аркы бетине аппараттты ийгиликтүү кондурган жана Жердин табигый спутнигинин “караңгы” тарабынан Айдын топурагынын үлгүлөрүн алып келген дүйнөдөгү биринчи өлкө болду.

Космонавтика күнүнүн алкагында Айдын аркы бетиндеги Түштүк уюл-Эйткен бассейнинен “Чанъэ-6” космостук аппараты менен чогултулган топурактын үлгүлөрү Shanghai World Expo Center көргөзмө борборунда коюлду. Ошондой эле көргөзмөнүн конокторуна 2020-жылдын декабрь айында “Чанъэ-5” миссиясы учурунда чогултулган Ай топурагынын үлгүлөрү да тартууланды.

Айдын аркы бетине биринчи жолу конуу жасоону ишке ашырууга Кытай 2019-жылы киреше баштаган. Конуу платформасы жана айда жүрүүчү “Юйту-2” изилденбеген аймакта бир нече ай бою ийгиликтүү иш алып барган. “Юйту-2” Айдын аркы бетинен ай мантиясынын тектеринин эки тибин ачкан, алардын бар экендигине окумуштуулар шектенип келишкен.

2024-жылдын 3-майында Кытайдын “Чанъэ-6” космостук аппараты Хайнань аралындагы Вэньчан космодромунан “Чанчжэн-5 Y8” ракета алып жүрүүчүнүн жардамы менен учурулган. 2-июнда аппарат Түштүк уюл-Эйткен бассейниндеги пландаштырылган аймакка конуп, ар кайсы жерлерден ар кандай кыртыштын үлгүлөрүн чогултуп, 4-июнда Жердин табигый спутнигинин бетинен учкан.

“Чанъэ-6” зонду адамзат тарыхында биринчи жолу Жерге Айдын алыскы тарабынан топурак үлгүлөрүн алып келген, үлгүлөрдүн салмагы дээрлик эки килограммды түзөт.

Кытайдын Айды зонддоо программасы байыркы кытай мифтериндеги каармандын урматына “Чанъэ” деп аталган. Ал бир нече этаптарды камтыйт, анын ичинде Жердин жасалма спутнигин айланып учуу, Айга конуу жана Айдан Жерге кайтып келүү. Айдын биринчи спутниги “Чанъэ-1” 2007-жылы учурулуп, 2009-жылга чейин иштеген. Ал чогулткан маалыматтар кытай окумуштууларына Айдын биринчи жылуулук картасын түзүүгө мүмкүндүк берген.