Маймыл чечеги дүйнө жүзү боюнча жайылып баратат

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) маймыл чечеги вирусу боюнча глобалдык мааниде өзгөчө кырдаал жарыялады.

Негизги очогу Африкада катталып, ары жагы Түштүк Америка, бери жагы Түштүк Азияга чейин жетти.
Бул вирусту жуктуруп алгандар Швеция, Австралия, Пакистан, Таиландда жана Орусияда да аныкталганы боюнча маалыматтар тарап жатат.

Пакистан

Пакистанда маймыл чечеги (mpox вирусу) жуккан бир бейтап катталганын 19-августта өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги расмий билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, анда вирустун Clade 2 түрү аныкталды, кооптуу түрүнө чалдыккандар жок.

Маймыл чечеги Clade 1 жана Clade 2 деп эки түргө бөлүнөт. Адистердин айтымында, Clade 1 тез жайылат жана андан өлүмгө учурагандар көп болууда.

Ошондуктан Пакистан өкмөтү аэропортторуна көзөмөлдү күчөтүү менен бирге медициналык адистерди тартып, массалык түрдө дезинфекциялоо иштерин баштады.

Орусия

Орусия Адамдын саламаттыгы жана керектөөчү мыйзамдарын коргоо кызматынан берилген маалыматта Европа өлкөлөрүнө барган жаш адамга маймыл чечеги вирусу диагнозунун коюлгандыгы белгиленди.
Вирусту жуктурган адамдын изоляциялангандыгы жана ооруну жеңил өткөргөндүгү билдирилип, ал адам менен байланышта болгон кишилер аныкталды жана медициналык көзөмөлгө алынганы кабарланды.

Тажикстан

Тажикстан маймыл чечегинин өлкөгө киришинен кооптонуп, чек ара кызматынын көзөмөлүн күчөттү. Бул инфекциянын алдын алуу үчүн эл аралык медициналык стандарттарга ылайык чараларды көрүү аракетин баштады.

Өзбекстан

Өзбекстан Орусиядан «Вектор» илимий борбору чыгарган маймыл чечегин аныктоочу тест-системалардын комплектерин алат. Маалыматка караганда аталган тест-системалар ушул жума ичи келет.

Бул тууралуу РФнын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын жыргалчылыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) басма сөз кызматы билдирген.

Кыргызстан

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен маймыл чечеги катталган өлкөлөргө барууну пландап жаткан жарандарга сак болууну эскертти.

Маймыл чечек деп аталган мрох вирусу боюнча дүйнөдөгү кырдаалдан улам билдирүү таратып, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, бирок алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын маалымдады.

Казакстан

Казак бийлиги маймыл чечек инфекциясынын өлкөгө киришинин алдын алуу үчүн аэропорттор менен чек ара бекеттеринде санитардык-карантиндик чараларды күчөткөнүн Казакстандын саламаттык сактоо министрлиги тарабынан маалымдалган.

Министрлик инфекциянын өлкөгө киришинин алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүп, санитардык-карантиндик пункттарда, анын ичинде аэропорттордо жана чек ара бекеттеринде, көзөмөл чаралары күчөтүлгөндүгүн белгилеп, бактыга жараша бул оорунун бир дагы учуру катталбаганын билдирген.

Маймыл чечеги вирусунун белгилери

Маймыл чечеги адистердин айтымына караганда, оору бир адамдан экинчи адамга аба аркылуу эмес, ар кандай жолдор аркылуу жугушу мүмкүн.

Белгилери:

• дене табынын көтөрүлүшү, баш оору, булчуң эттердин оорусу, далынын оорушу, лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу, чыйрыгуу жана чарчоо;

• денеге беттен баштап дененин башка бөлүктөрүнө, анын ичинде жыныс органдарына жайылган майда жарааттар чыгышы мүмкүн;

• майда жарааттар өзгөрүп, карттанып түшөрдүн алдында алды менен ар башка стадияларга өтөт жана суу чечек (ветрянка) же сифилистеги жарааттар сыяктуу көрүнүшү мүмкүн.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

Комментарий жиберүү