Пакистанда Гилгит-Балтистан тоолуу аймагындагы дыйкандар кургакчылыкка каршы күрөшүү үчүн өзгөчө ыкманы колдонуп жатышат — алар сууну ирригация үчүн кармап туруу максатында «ступа» деп аталган муз мунараларды түзүп жатышат. Бул мунаралар буддисттердин ибадатканаларына окшош болгондуктан ушундай аталыш алган.
Бул тууралуу Phys.org порталы Agence France-Presse (AFP) агенттигине шилтеме берип кабарлады.
Кыш мезгилинде тоодогу булактардан келген суу түтүктөр аркылуу жогорку жакка чыгарылып, абага чачылат. Температура 0°Сден төмөн болгондо суу тамчылары тоңуп, конус түрүндөгү чоң муз дубалдарын пайда кылат. Жазында бул мунаралар акырындык менен ээрип, талааларды суу менен камсыз кылат — бул кадимки мөңгүлөрдүн эришинен бир топ мурда болот.
Пакистандагы алгачкы муз «дубалдары» жети жыл мурун жасалган. Бүгүнкү күндө бул ыкма 20дан ашуун айылда колдонулат. БУУнун маалыматына ылайык, бул ыкма 16 миң адамды суу менен камсыз кылууга жардам берген.
Дыйкандардын айтымында, эми алар жылына бир жолу эмес, бир нече жолу түшүм жыйнай алышат.
«Мурда биз июнь айын күтчүбүз, мөңгүлөр эрисин деп. Эми бизде жазында эле суу бар», — дешет алар.
Пакистан — климаттын өзгөрүшүнө эң аялуу өлкөлөрдүн бири. Бул жерде температура дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе ылдамыраак өсүүдө. Каракорум мөңгүлөрүнөн башкасынын баары тез эрип жатат. Муздан жасалган бул «дубалдар» — жергиликтүү элдин жаңы шарттарга жаратылышка шайкеш ыкма менен ыңгайлашуусунун үлгүсү болуп калды.