Палестинада абал курч бойдон калууда: кыйраган инфраструктура, суу, тамак-аштын жана дары-дармектин жетишсиздиги жана миңдеген курмандыктар, анын ичинде балдар.
Газадагы согуштан улам үйлөрүн таштап, Египет менен чек арада башпаанек тапкан палестиналыктарга гумжардам жеткирип келген кыргызстандык жарандык активист жана “Умма” ислам журналынын башкы редактору Элиана Марьям-Сатарова биздин редакцияга берген маегинде палестиналыктардын азыркы абалы, израилдик сионисттик режимдин карапайым калкка каршы кылмыштары жана “Аль-Умма” кайрымдуулук фондунун палестиналыктарга көрсөткөн жардамы тууралуу айтып берди.
— Сиз Палестинадагы кырдаалга такай көз салып, чек арага жакын аймактарда болуп, гуманитардык жардамды өзүңүз жеткирип келдиңиз. Палестиналыктардын азыркы, өзгөчө Газадагы абалы кандай?
— Абал оор бойдон калууда. Толук жарашуу жок: гуманитардык жардамдар чектелүү жана бөгөттөлүп жатат, ал эми адамдар катуу тамак-аш кризисин баштан кечирүүдө. Инфраструктуранын 90%ы бузулган, билим берүү, медицина, электр энергиясы, таза суу жок.
Израил жакында эле Газанын электр энергиясын толугу менен өчүрүп, абалды ого бетер курчутуп жиберди. Анын үстүнө палестиналыктар өздөрүн коопсуз сезишпейт.
Ок атышпоо келишимин бузуулар уланып, жайкын тургундар бомбалоодон каза болууда. Качкындар Газанын ичинде да, анын сыртында да, Египет менен Иорданияда да оор абалда турушат.
Алардын көбү үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан, бирок азыр жаңы көйгөйлөргө туш болушту: каражаттын жетишсиздиги, турак-жайды ижарага ала албай калуу жана жумуштун жоктугу. Айрыкча оор жарадарларга жана медициналык жардамга муктаж болгондорго оор болууда.
— Израилдик режимдин аракеттерин кандай баалайсыз? Ал жерден кандай кылмыштарга күбө болдуңуз же палестиналыктардын өзүнөн уга алдыңызбы?
— Эл аралык кылмыш соту буга чейин болуп жаткан окуяларды адамзатка каршы кылмыш жана геноцид катары баалаган. БУУ жана башка эл аралык уюмдар да ушуну айтууда. Гуманитардык жардамга бөгөт коюу, жарандык инфраструктураны жок кылуу, карапайым адамдарды өлтүрүү – мунун баары эл аралык укукка каршы келет.
Өзгөчө коркунучтуусу – эң көп балдар жабыркап жатат. БУУнун маалыматы боюнча, Газада азыр буту-колунан айрылган балдардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. 30 миңге жакын жетим бала ата-энесиз калып, 900 үй-бүлө толугу менен жок кылынды – алар жөн эле жок болуп кетишти. Ар бир үй-бүлөдө каза болгондор жана жарадар болгондор бар.
Биз үрөй учурган согушту көргөн качкындар жана балдар менен жеке баарлаштык. Көптөр ата-энелеринин көз алдында өлтүрүлгөнүн көрүшкөн. Эл аралык уюмдар балдарды дарыланууга алып кетишет, бирок көбүнчө апасынан ажыратышат. Мындан тышкары, ачкачылыктан, суу менен дары-дармектин жетишсиздигинен жүздөгөн балдар өлүүдө. Адамдар урандылардын астында калууда, тынымсыз аткылоодон куткаруу иштери дээрлик мүмкүн эмес болууда.
— Сиздердин фонд бир жарым жылдан ашык убакыттан бери Газанын жашоочуларына жардам берип келет. Кандай колдоо көрсөтүп жатасыздар?
— Биринчи кезекте элди азык-түлүк менен камсыз кылууга аракет кылуудабыз. Ал жерге азык-түлүк пакеттерин, ун, жууркан, медициналык буюмдарды, тез жардам унаасын жөнөттүк. Блокада шартында ар бир гумжардам жеткирүү адамдардын аман калышына мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Газанын ичинде таза суу үчүн скважина бургуладык, дары-дармек, ысык тамак, кийим-кече тараттык. Биз айрыкча балдарды колдоого аракет кылдык – оор шарттарга карабай майрамдарда аларга таттууларды таратып, кубантууга аракет кылдык.
Египет менен Иорданиядагы качкындарга да өзгөчө көңүл бурабыз: тамак-аш таратып, акчалай жардам берип, ооз ачууларды уюштурабыз. Рак оорусуна чалдыккандарга да жардам беребиз. Биз жакында Газанын борбордук бөлүгүндө адамдар ыйык Рамазан айында намаз окушу үчүн жеңил конструкцияларды колдонуп мечит куруп бердик.
Учурда азык-түлүктүн дагы бир партиясын – ун жана азык-түлүк пакеттерин жөнөтүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле балдар үчүн окуусун уланта турган бир нече чатырларды орнотолу деп жатабыз. Эгер кырдаал турукташса, биз Газаны кайра курууга катышууга даярбыз.
— Бул гуманитардык катастрофада сизди таң калтырган нерсе?
— Адамкерчиликсиздик. Саясатчылар чыгарган чечимдерден карапайым эл жапа чегип жатат. Күн сайын балдар өлүп жатат, адамдар ачкачылыктан, суунун жетишсиздигенин өлүп жатышат, эл аралык уюмдар блокаданын айынан толук жардам бере албай жатат.
Бирок эң оор шарттарда да палестиналыктар кайраттуу бойдон калууда жана гуманитардык жардам уюмдары алардын азабын жеңилдетүү үчүн колдон келгендин баарын жасоодо. Биз бардык кыйынчылыктарга карабай жардам көрсөтүүнү улантабыз. Анткени биз үчүн бул жөн гана миссия эмес, ал – адамдык милдет.
Маектешкен: Азиз Пиримкулов