Палестинанын көз карандысыздыгын кайсы мамлекеттер тааныды?

22-майда Норвегия, Ирландия жана Испания Палестинаны мамлекет катары тааныганын жарыялашты. Чечим 28-майда күчүнө кирет.

2024-жылдын 22-майына карата Палестинанын мамлекеттүүлүгүн БУУнун 193 мүчөсүнүн 146сы тааныды.

Палестина бийлигинин өкүлдөрү Дублин, Мадрид жана Ослонун кадамын жылуу кубатташты, ал эми Израиль бийликтери европалыктарды жөөт мамлекетинин эгемендигине шек келтирди деп айыптады.

Палестинанын көз карандысыздыгын тааныган мамлекеттердин картасы

Сүрөт: kommersant.ru

Палестинанын эгемендүүлүгүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин эки туруктуу мүчөсү – Россия менен Кытай да тааныган, бирок “Чоң жетилик” мамлекеттеринин бири да тизмеде жок.

Бүгүнкү күнгө чейин Палестинаны Евробиримдиктин тогуз өлкөсү тааныган. Сегиз өлкө – Болгария, Кипр, Чехия, Венгрия, Мальта, Польша, Румыния жана Словакия бул кадамды 1988-жылы Евробиримдикке кирер алдында, ал эми Швеция 2014-жылы жасаган.

Батыш ЖМКлары жакынкы келечекте Палестинаны тааныгандардын тизмесине Словения менен Бельгия да кошулушу ыктымал экенин жазышууда.

Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги палестиналык бийлик Мадриддин, Дублиндин жана Ослонун “Палестина элинин өз тагдырын өзү аныктоо укугун колдоо үчүн” жана “эки көз карандысыз мамлекеттик чечимди” ишке ашыруу процессинде кошкон салымдарын кубатташты.

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги Испания, Норвегия жана Ирландиянын Палестинанын мамлекеттүүлүгүн таануу чечимин маанилүү кадам деп атады. Тышкы иштер министрлик Палестинаны тааный элек башка мамлекеттерди бул Европа өлкөлөрүнөн үлгү алууга чакырды.

Европанын үч өлкөсүнүн чечимине  ХАМАС кыймылы дагы ыраазычылык билдирди.

ХАМАС бир катар Европа өлкөлөрүнүн Палестинанын мамлекеттүүлүгүн таануу боюнча билдирүүлөрүн палестиналыктардын өз жерине болгон укугун орнотуу жана борбору Иерусалим болгон эгемендүү Палестина мамлекетин түзүү жолунда маанилүү кадам деп эсептей турганын белгиледи.

«Биз дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдү биздин мыйзамдуу улуттук укуктарыбызды таанууга, биздин Палестина элинин боштондук жана көз карандысыздык үчүн күрөшүн колдоого жана биздин жердеги сионисттик оккупациялоого чекит коюуга чакырабыз», – деп айтылат ХАМАСтын билдирүүсүндө.

Бирок Израилде Европадан келген кабарды терс кабыл алышты. Испания, Ирландия жана Норвегиядан элчилер «консультациялар үчүн» чакыртылып алынды жана Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Катц европалык мамлекеттерге «Израиль өзүнүн суверенитетине шек келтирген жана анын коопсуздугуна коркунуч келтиргендерден артка чегинбейт» деген «ачык белги» жиберди. Ал араб республикасын таануу чечими «оор кесепеттерге» алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Европалык өлкөлөрдүн чечимин Түркия да кубаттады. Тышкы иштер министрлиги Испания, Ирландия жана Норвегиянын Палестинаны мамлекет катары тааныган билдирүүлөрүн кубаттарын жана муну маанилүү кадам деп эсептей турганын билдирди.

Комментарий жиберүү