Стамбулда дүрбөлөң уланып, турак-жайлар сатылууда

Бир жума мурун болуп өткөн күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө түркиялыктарды дүрбөлөңгө түшүрүүдө.

Табигый кырсыктын кесепетинен келтирилген зыян болжолдонгондой чоң болбосо да, эксперттер тарабынан алдын ала берилген маалыматтар жергиликтүүлөрдүн мүлк сатууга болгон суроо-талаптын кескин өсүшү менен кошо элде чочулоолордун жаралуусуна алып келди.

Мындай маалыматты Турпром агенттиги окумуштуулардын алдына ала берген божомолуна таянып жазды.

«Окумуштуулар 2030-жылга чейин Стамбул аймагында күчү 7 баллдан ашкан жер титирөөнүн ыктымалдыгын 50-60%га жакын экендигин билдирет»,- деп жазды агенттик.

Эң коркунучтуу имараттар 1999-жылга чейин курулган имараттар.

Эксперттер бир добуштан «биз сергектикти түшүрбөшүбүз керек» деген пикирде экендигин билдиришип, Стамбул тез арада имараттарды бекемдөө жана келечектеги сейсмикалык окуяларга даярдыгын жогорулатуу боюнча чараларды көрүшү зарыл деп эсептешет.

Мүлк ээлери, өзгөчө Стамбулдагы тарыхый имараттарга ээ болгон чет элдиктер мүлктөрүн активдүү түрдө сатыкка коюуда. Жер титирөөдөн кийин баанын кескин өсүшү менен кошо онлайн сатуу күчөгөн.

Ошол эле убакта Стамбулдан Анталияга автобус билеттери заматта сатылып, айрыкча жаңы имараттарда жана туруктуу топурактуу аймактарда үйлөрдүн баасы да бир топ жогорулаган.

Ал эми орусиялык туристтер апокалиптикалык сценарийлер жөн гана теория бойдон калып, келечекте аларды жакшы жаңылыктар менен Стамбулга турлар гана күтөт деп үмүттөнүшөт. Бирок азырынча Орусиядан Түркиянын бул метрополиясына турлардын сатылышы 25% төмөндөдү.

Эксперттер эмне дейт?

Алдын ала божомолдонгон табигый кырсык боюнча белгилүү түрк геологу Наджи Гёрюр 23-апрелдеги жер титирөөнү күткөн катастрофалык окуя эмес деп ырастоодо. Анын пикиринде, бул Кумбургаз жаракасындагы стрессти гана күчөтүп, келечекте дагы күчтүү жер титирөө коркунучун күчөтөт.

Ал 2024-жылдын декабрь айында Мармара деңиз аймагында болушу мүмкүн болгон жер титирөө тууралуу коңгуроо кагып, өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

Орус эксперти Андрей Корженков да апрель айындагы жердин силкинүүсү мындан да күчтүү соккунун жарчысы гана болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Ал жерде дагы олуттуу жана катастрофалык силкинүүлөр болду. Бул жер титирөөнү орточо деп атоого болот. Анткени анын магнитудасы 6,2 балл болгон. Ал Стамбулдун астында эмес, Мармара деңизинде жайгашкандыктан, өзгөчө кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок»,- деди эксперт «Москва 24» каналына берген маегинде.

Сейсмолог Ахмет Эржан 2045-2075-жылдары 7-7,2 баллга жеткен чындап кыйратуучу жер титирөө болушу мүмкүн деген божомолун айтат. Анын бул пикирин Haberler агенттиги жазды.

«6,2 баллдык жер титирөөнүн таасири аяктады. Чыгышка, Стамбулга карай кыймыл токтоду. Чоң жер титирөөгө эң аз 20-50 жыл калды»,- деди сейсмолог.

Анын билдирүүсүнө караганда, 6,2 баллдык жер титирөөнүн таасири аяктады. Чыгышка, Стамбулга жүрүш токтотулду. Чоң жер титирөөнүн болушу үчүн кеминде 20-50 жыл бар экендигин кошумчалаган.