Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп Газа тилкеси жашоо үчүн “өтө коотуу” жер экенин жана 2 миллиондон ашуун палестиналык ал жерде “алтернатива жок болгондуктан” калганын айтты. Ал палестиналык эксклавды “бузула турган жай” деп атап, кайрадан араб өлкөлөрүн Газа тилкесиндеги палестиналыктарды кабыл алууга чакырды.
Трамп ошондой эле АКШ “Газа тилкесин көзөмөлгө алууга” жана аны кыйратылган имараттардан “тазалоого” даяр экенин билдирди. Анын айтымында, коопсуздукту камсыздоо үчүн аймакка америкалык аскер кызматкерлери жөнөтүлүшү мүмкүн.
Трамп күтүлбөгөн планын Вашингтонго сапар менен келген Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында ачыктады.
Нетаньяху демилгени колдоп, мындай кадам “тарыхты өзгөртө алат” деп белгиледи.
Трамп Израиль армиясынын чабуулдарынан улам Газа тилкесинде жашоо шартынын жоктугуна токтолуп, Иордания, Египет жана башка араб мамлекеттерин Газанын тургундарын кабыл алууга дагы бир жолу чакырып, палестиналыктардын тилкеден чыгуудан башка аргасы жок экенин айтты.
Иордания, Египет жана башка араб мамлекеттери палестиналыктардын өз жеринен көчүрүлүшүн каалабай турганын айтышып, бул идеяны четке кагышты.
Трамптын билдирүүлөрүнө Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас жана ХАМАС кыймылы дароо реакция жасашып, анын билдирүүсүн сынга алышты.
Аббас: Газа Палестина аймагынын ажырагыс бөлүгү
Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас АКШ президенти Дональд Трамптын Газа тилкесинин калкын араб өлкөлөрүнө көчүрүү тууралуу билдирүүсүн айыптап, Газа Палестина аймагынын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгиледи. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы маалымдады.
«Биз Газа тилкесинде үстөмдүк кылуу жана Палестина элин жерибиздин сыртына көчүрүү кампанияларын катуу айыптайбыз»,- деди Аббас.
Анын айтымында, алар Палестина элинин укуктарынын бузулушун кабыл алышпайт жана бул чакыруулар жана кампаниялар эл аралык укуктун коркунучтуу бузулушу болуп саналат. Палестинанын мыйзамдуу укуктары талкулоого жатпайт жана Газа тилкеси Палестина аймагынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
“Борбору Иерусалим болгон жана «эки мамлекет» деп аталган чечимге негизделген Палестина мамлекети түзүлбөсө, аймакта тынчтык жана ырааттуулук орнобойт”, – деп билдирди Палестина автономиясынын президенти.
Палестинанын БУУдагы делегациясынын башчысы Рияд Мансур да Газадагы палестиналыктарга Трамп сунуш кылгандай башка өлкөлөргө көчүрүлгөндүн ордуна, Израилдеги “түпкү үйлөрүнө” көчүп баруусуна уруксат берүү керектигин айтты.
ХАМАСтын реакциясы
ХАМАС кыймылы Трамптын Газа тилкесин көчүрүү жана көзөмөлгө алуу идеясын айыптады. Кыймыл бул кадамды Палестинанын эксклавын оккупациялоо жана эл аралык мыйзамдарды бузуу деп атады.
«Биз бул билдирүүлөр элибизге жана ишибизге карата агрессивдүү, аймактагы стабилдүүлүккө эч кандай салым кошпойт жана отко май тамызат деп билдиребиз. Биз, биздин Палестина элибиз жана анын тирүү күчтөрү дүйнөдөгү эч бир мамлекетке биздин жерибизди басып алышына жана биздин улуу Палестина элине камкордук орнотуусуна жол бербей турганыбызды дагы бир жолу ырастайбыз», – деп айтылат Кыймылдын телеграм-каналындагы билдирүүдө.
ХАМАС Трамп менен анын администрациясынан “жоопкерсиз” билдирүүсүн кайтарып алууну талап кылып, Араб Лигасын, Ислам Кызматташтык Уюмун жана БУУнун бул маселе боюнча чукул жыйындарын өткөрүүнү талап кылды.
ХАМАСтын басма сөз катчысы Абдул Латиф ал-Кануа Трамптын билдирүүлөрү Палестина эли үчүн коркунучтуу экенин айтты.
Ал эң күчтүү аскердик машинага жана эң кылмыштуу армияга 15 ай бою туруштук берип, аларды сүрүп чыгаруу аракетин жеңген эл өз жеринде бекем бойдон каларын жана баасы жогору болсо да көчүрүү пландарын кабыл албай турганын баса белгиледи.
ХАМАСтын өкүлү дүйнө өлкөлөрүн жана эл аралык коомчулукту Трамптын Палестина элин көчүрүү жөнүндөгү билдирүүлөрүнө каршы турууга жана оккупацияны токтотуу менен бул элдин мыйзамдуу укуктарын жана алардын өз тагдырын өзү аныктоо укугун колдоого чакырды.
Трамп палестиналыктарды көчүрүү идеясын гуманитардык долбоор жана палестиналыктарга кам көрүү катары көрсөтүүгө аракет кылууда, бирок ал жөн гана Израилдин пландарын ишке ашырууну көздөп жатышы мүмкүн. Бирок акыркы 15 ай, алардан мурунку дээрлик 80дей жыл палестиналыктарды өз мекенин берүүгө мажбурлоо мүмкүн эмес экенин көрсөттү.
Албетте, бул пландардан майнап чыкпашы мүмкүн. Анткени европалыктар өз өлкөлөрүндө жана дүйнөдө ага реакция кандай болорун түшүнүп, мындай демилге менен чыгышкан жок жана араб өлкөлөрү да палестиналыктарды кабыл алууга макул болгон жок. Анткени алар Газанын тургундары бомбалоодо да өз ыктыяры менен мекенинен кетпей турганын билишет.