«Тынчтык же согуш». Ирандын президенти америкалык журналист Такер Карлсонго эксклюзивдүү маек берди

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал дүйнө коомчулугунун көз алдында туруксуз бойдон калууда. Ирандын өзөктүк программасы, Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөр, Израиль менен болгон соңку согуш жана аймактагы жалпы коопсуздуктун келечеги — булардын баары маанилүү темаларынын катарында. Дал ушундай татаал учурда, Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан америкалык белгилүү журналист Такер Карлсонго эксклюзивдүү маек берип, өлкөнүн позициясын кеңири баяндап берди. Бул маекте Пезешкиан Иран тараптын позициясын так жана ачык айтты. 

Өзөктүк курал боюнча дооматтар, МАГАТЭ менен болгон кызматташтык, Израилдин аймактагы ролу жана дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн келечеги – баарлашуунун негизги темалары болду.

Пезешкиан Иран элинин тынчтыкка болгон ниетин, бирок коргонууга даяр экенин баса белгилеп, региондогу туруксуздуктун башкы булагы катары сионисттик режимди айыптады. Ал ошондой эле, Америка эли Ирандан коркпошу керектигин, Иран 200 жылдан бери бир да өлкөгө кол салбаганын, “Америкага өлүм” деген ураандын элге эмес, зомбулукка каршы багытталганын түшүндүрдү.

Иран президентинин расмий сайтына чыккан кеңири маекти сунуштайбыз. 

Т. Карлсон: Урматтуу президент мырза, сизге ыраазычылык билдирем. Азыр Иран менен АКШнын ортосундагы тиреште тыныгуу пайда болгондой. Сиздин оюңузча, бул кырдаал кандайча аяктайт жана тирештин кандайча аякташын каалайсыз?

М. Пезешкиан: Согушту биз баштаган жокпуз жана анын уланышына кызыкдар эмеспиз. Мен кызматка киришкен күндөн тартып эле урааным өлкө ичинде ички биримдикти түзүү, коңшулар жана дүйнө менен тынчтыкты орнотуу болгон.

Т. Карлсон: Сиз тынчтык жөнүндө айтып жатасыз. Бирок Дональд Трамптын айтымында, Иран өзөктүк программасынан баш тартмайынча тынчтык болбойт. Тынчтык жолунда сиз Иран Ислам Республикасынын ядролук программасынан баш тартышына макулсузбу?

М. Пезешкиан: Чындыгында, Нетаньяху 1992-жылдан бери Иран ядролук куралга умтулууда деген жалган түшүнүктү жайылтып келет. Биз ядролук куралга эч кандай жол менен умтулган эмеспиз, азыр да жана келечекте да умтулбайбыз. Ал Жогорку лидердин буйругу жана фатвасы. Бул биздин Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен толук кызматташуубузда тастыкталган. Бирок, тилекке каршы, алардын жүрүм-туруму бул процессти үзгүлтүккө учуратты.

Т. Карлсон: Бул Иран Ислам Республикасы МАГАТЭ менен кызматташуусун токтотту деген кабарларды ырастаганыңызды билдиреби? Мындай кырдаалда урандын көлөмүн, байытуунун пайызын жана деңгээлин билүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок, ал эми эл аралык коомчулук Иран өзүнүн өзөктүк программасынын алкагында кандай аракеттерди көрүп жатканын дээрлик билбейт. Сиздин оюңузча, мындан ары Ирандын өзөктүк программасы боюнча текшерүү процесси кантип жүргүзүлүшү мүмкүн? Башка мамлекеттердин бул процесске катышуусу мүмкүнбү?

М. Пезешкиан: Биз сүйлөшүү үстөлүндө болдук. Биз сүйлөшүп жатканбыз жана АКШ президенти бизди тынчтыкка чакырган. Ал жолугушууларда биз уруксат бермейинче Израил кол салбайт деп айтышкан. Бирок алтынчы жолугушууда биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан кезде алар сүйлөшүү үстөлүнө иш жүзүндө бомба таштап, дипломатияны талкалашты. Бирок, мониторинг боюнча биз, албетте, кайра диалогго жана текшерүү жүргүзүүгө даярбыз. Биз текшерүүдөн эч качан качкан эмесбиз жана биз дагы бир текшерүүгө даярбыз, бирок тилекке каршы, АКШнын биздин өзөктүк объектилерге кол салуусунан кийин көптөгөн жабдуулар жана объектилер талкаланган жана аларга жетүү оңой эмес. Ал жактарга кайрадан жетүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүү мүмкүнбү же жокпу, күтүшүбүз керек.

Т. Карлсон: Сиздин өкмөт МАГАТЭ Ирандын өзөктүк объектилерине тыңчылык кылып, сионисттик режимге жашыруун маалыматтарды берди деп эсептейт деген маалыматтар болду. Сиз бул көз караш менен макулсузбу? Эгер ошондой болсо, бул жагынан дүйнөгө көрсөтүүгө даяр турган далилдериңиз барбы?

М. Пезешкиан: Сионисттик режимдин текшерүү маалыматын кыянаттык менен пайдаланган аракеттеринен улам МАГАТЭге болгон ишенимге байланыштуу кээ бир күмөн саноолор болгон. Бирок, биз агенттик менен ар дайым кызматташууга даяр болуп, алардын карамагындагы бардык объектилерди кыдырууга уруксат бердик. Агенттиктин соңку отчету сионисттик режимге биздин өзөктүк объектилерибизге эч кандай уруксатсыз кол салууга шылтоо бергенде, ишенбөөчүлүк күчөдү. Тилекке каршы, агенттик анын көзөмөлүндөгү жана биз Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишим боюнча кабыл алган объектилерге кол салууну айыптаган да жок. Бул эл аралык укуктун көз карашы боюнча кабыл алынгыс нерсе жана элибиздин жана мыйзам чыгаруучулардын Агенттикке карата ишенимсиздигин жаратты.

Т. Карлсон: Иран ар дайым согушту каалабаганын жана АКШ менен болгон пикир келишпестиктерин чечүү үчүн дипломатиялык жолду колдонууга аракет кылганын белгиледиңиз, бирок күтүүсүздөн бул процесс бир окуядан улам үзгүлтүккө учурады. Эми сурайын дегеним, дипломатиялык жолдун жаңы башталышын жасоого даярсызбы? Башкача айтканда, сүйлөшүүлөрдө “кайра баштоо” мүмкүнчүлүгү барбы? Эгер ошондой болсо, сиздин оюңузча, АКШ менен кандай формада жана кандай негизде жагымдуу келишимге жетишүү керек?

М. Пезешкиан: Менимче, биз сүйлөшүү жолу менен көйгөйлөрүбүздү оңой эле чечмекпиз. Диалогдун алкагы – эл аралык укукка жана өлкөлөрдүн укуктарына негизделиши мүмкүн. Эл аралык укукту сыйлоодон башка эч кандай талаптарыбыз жок. Аймакты башаламандыкка салган жана диалогубузду үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган – Нетаньяху. Биз тынчтыкка умтулабыз. Биздин кичинекей дүйнөбүздө адамдар тынчтыкта ​​жана бейпилдикте чогуу жашашы керек деп эсептейм, бирок бизге кол салуу болду. Элибиздин өзүн коргоо мүмкүнчүлүгү бар. Мен АКШ президенти аймакты тынчтыкка жана коопсуздукка алып барат же чексиз согушка түртөт деп ишенем.

Т. Карлсон: АКШ менен кайрадан сүйлөшүүлөрдү баштоо планыңыз барбы? Бул сүйлөшүүлөр АКШнын азыркы өкүлү  Уиткофф менен болобу же башка адамбы? А эгер андай план жок болсо, бул абал улана берсе эмне болушу мүмкүн деп ойлойсуз?

М. Пезешкиан: Бизде сүйлөшүүлөр боюнча эч кандай маселе жок. Бирок сионисттик режимдин аймакка жана өлкөбүзгө алып келген трагедиялары – анын ичинде командирлерибиздин үйлөрүндө өлтүрүлүшү – бул согуш кылмышы болуп саналат. Ошондой эле илимпоздорубуздун үй-бүлөлөрү жана балдары менен шейит болушу, бейкүнөө адамдардын өлтүрүлүшү жана кош бойлуу аялдардын бомбаланышы абалды оорлотту. Сионисттик режим бир адамды өлтүрүү үчүн имараттарды кыйратты! Биз бул кризистен өткөндөн кийин сүйлөшүүлөр үстөлүнө кайтып келе алабыз деп үмүттөнөбүз. Албетте, бул үчүн бир шарт керек: сүйлөшүү процессине ишеним. Сүйлөшүүлөрдүн ортосунда сионисттик режимдин кайрадан чабуул жасоосуна жол берилбеши жана согуш оту тутанбашы керек.

Т. Карлсон: Израилдин өкмөтү сизге кол салууга аракет кылганына ишенесизби?

М. Пезешкиан:  Ооба, аракет болду. Бирок биздин ишенимибиз, Кудай кааласа адам аман калат, каалабаса басып баратып эле өлүп калышы да мүмкүн. Элибизди, эгемендүүлүгүбүздү, жерибиздин эркиндигин жаныбыз менен коргоого даярбыз, өлүмдөн коркпойбуз, бирок биз жашап жаткан дүйнөдө кан төгүү, адам өлтүрүү, талап-тоноочулук, арам каалоолор менен аймакты кооптуу абалга келтирип жатканы абдан өкүнүчтүү.

Т. Карлсон: АКШ сизге кол салууга аракет кылганын же бул расмий мекемелер тарабынан ырасталганын көрсөткөн расмий билдирүү ушул күнгө чейин жок. Бул боюнча кененирээк маалымат бере аласызбы?

М. Пезешкиан: Бул аракетти Америка эмес, сионисттик режим жасады. Мен жыйында болчумун, биз кийинки кадамдарды талкуулап жатканбыз жана алардын шпиондорунун чалгындоо маалыматтарынын жардамы менен Израил биз жыйын өткөрүп жаткан аймакты бомбалады. Бирок Кудай каалабаса, ал ишке ашпайт. Биз эч качан өлкөбүздүн эгемендиги жана ар-намысы үчүн өлүмдөн, шейиттиктен корккон эмеспиз. Элибиз жана жерибиз сионисттик режимдин таңуулаган согушуна каршы дагы чоң биримдикке жетишти. Ар бир ирандык, дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, өз өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгүн баалайт жана коргойт.  Мен АКШ өкмөтүнө согушка аралашпоону сунуштайм, анткени ал аймакка террор жана коопсуздуктан башка эч нерсе алып келбеген чексиз согуш болот.

Т. Карлсон: Көптөгөн америкалыктар дагы эле Ирандан коркушат жана Иран өзөктүк бомба менен АКШга чабуул жасашы мүмкүн деп чочулашат. Алар кээ бир ирандыктар “Америкага өлүм” деп кыйкырып, АКШны “Улуу Шайтан” деп атаган видеолорду көрүшөт. Сиздин оюңузча, бул кооптонуулар реалдуубу? Америка эли Ирандан коркушу керекпи?

М. Пезешкиан: Бул Ирандын чыныгы картинасы деп ойлобойм. Акыркы 200 жылда Иран бир да өлкөгө бир да жолу кол салган эмес. “Америкага өлүм” деген ураан эч кандай түрдө эл үчүн, атүгүл америкалык аткаминерлер үчүн өлүм дегенди билдирбейт. Бул ураан “Кылмышка өлүм”, “Киши өлтүрүүгө өлүм”, “Киши өлтүрүүнү колдоого өлүм” жана “Аймакты кооптуу кылган саясаттарга өлүм” дегенди билдирет. Сиз ирандыктын АКШда террордук акт жасаганын көрдүңүз беле? Мен андайды уккан эмесмин. Бизге белгилүү болгондой, эч бир ирандык террор же баш аламандыкка умтулган эмес. Бирок аймакта башка адамдар да бар болчу, аларды АКШ президенти АКШнын өзү даярдаганын мойнуна алган. Ошол эле ИШИМ террордук мүчөлөрү аймакта, ал тургай АКШда коопсуздукту жана кылмыштуулукту жаратып, дүйнөдө динибизге жана ишенимдерибизге терс көз карашты жаратышкан. Биздин “Өлүм…” деген ураан адамдарга эмес, кылмыштуулукка жана туруксуздукка каршы.

Т. Карлсон: Ирандын эки белгилүү дин аалымы Дональд Трампка каршы фатва чыгарышты. Бул фатвалардын мааниси кандай деп ойлойсуз?

М. Пезешкиан: Менин билишимче, алар конкреттүү бир адамга фатва чыгарышкан эмес. Чыгарылган фатва – албетте, өкмөткө же жетекчиликке эч кандай тиешеси жок – динди же диний ишмерлерди мазактоо доктриналык көз караштан алганда айыпталат жана кабыл алынгыс экенин гана билдирет. Бул АКШнын президентине же башка адамдарга байланыштуу эмес. Дин аалымдары илимий пикирлерин айтышкан, бирок бул фатва эч качан киши өлтүрүү же коркутуу дегенди билдирбейт.

Т. Карлсон: АКШда жашаган ирандык жарандардын олуттуу саны бар экенин эске алсак, айрымдар бул адамдарды “уктап жаткан ячейкалар” же АКШнын ичинде зордук-зомбулук же террордук актыларды жасоо үчүн сизден буйрук күтүп жаткан агенттер деп эсептешет. Бул жерден сиз аларга кайрылып, АКШда эч кандай зомбулук жасабоону сурангыңыз келеби?

М. Пезешкиан: Ачыгын айтсам, ирандык катары сиз көтөргөн айрым ойлорду мен биринчи жолу угуп жатам. АКШда жашаган ирандыктардын жүрүм-турумунда илимден, маданияттан, достуктан жана билимден башка нерсени көрдүңүз беле? Бул — сионисттер жана согуш менен башаламандыктын улануусун каалагандардын жараткан образы. Алар элдин аң-сезимин жана чечим кабыл алуучуларды коркутуп, АКШны пайдасы жок согушка тартууга аракет кылышат.

Т. Карлсон: Ирандагы революциянын башында Иран менен Израилдин экономикалык байланыштары болгондой жана айрым куралдар Израиль тарабынан Иранга берилгени айтылат. Бул мамиленин түп-тамырынан өзгөрүшүнө эмне себеп болду? Бул өзгөрүү үчүн ким жооптуу?

М. Пезешкиан: Сионисттик режим дүйнө жүзүнүн көз алдында эмне кылып жатканы ачык көрүнүп турат. Газада Нетаньяху балдарды, аялдарды, мектептерди, университеттерди таш боордук менен бомбалап жатат. Суу, тамак-аш жана дары-дармек жолун жапкан. Бул — геноциддин айкын мисалы. Мындай аракеттер аймак эли үчүн кабыл алынгыс. Менин билишимче, Иран Израилден эч качан курал алган эмес жана согуш издеген эмес. Бул согуштар бизге таңууланган. Ирак менен болгон согушту да биз баштаган эмеспиз. Бүгүн да биринчи болуп бизге кол салышууда. Биз согушалы деген эмесбиз, бирок, тилекке каршы, алар АКШны да бул жаңжалга тартууга аракет кылышууда.

Т. Карлсон: Сиздин оюңузча, Иран менен АКШнын дипломатиялык алакаларынын жыйынтыгында, америкалык компаниялар кайрадан Иранда инвестиция салган, санкциялар жоюлган, аймакта тынчтык орнотулган дүйнөгө жетишүү мүмкүнбү? Бул сиз каалаган максатпы?

М. Пезешкиан: Мен кызматка киришкенден бери алгач өлкөдө биримдикти, ынтымакты чыңдап, андан соң коңшулар менен жакшы мамиле түзүүгө аракет кылдым. Жогорку лидер менен болгон сүйлөшүүдө ал америкалык инвесторлордун Иранга келүүгө мүмкүнчүлүгү бар, алардын ишине эч тоскоолдук жок деген ишенимин билдирди. Бул — биздин урматтуу лидерибиздин ишеними. Тилекке каршы, бул аймакка тынчтык бербеген — сионисттик режим. Менин оюмча, АКШ президенти Дональд Трамп бул аймакты тынчтыкка жана коопсуздукка багыттап, сионисттик режимди тизгиндей алат же Нетаньяхунун бүтпөгөн согушунун тузагына түшөт. Бул чечимди АКШ президенти кабыл алышы керек. Биз америкалыктар менен ар кандай экономикалык, өнөр жай жана соода кызматташтыгына даяр болуп келгенбиз жана даярбыз. Бирок алардын биздин өлкөдө болушуна дал ушул санкциялар тоскоол болууда.

Т. Карлсон: Эгер Иран Ислам Республикасына каршы масштабдуу согуш башталса, сиздин оюңузча, Ирандын союздаштары — Кытай жана Россия — экономикалык же аскердик жактан колдоо көрсөтүшү мүмкүнбү? Сиз андай колдоону күтөсүзбү?

М. Пезешкиан: Биз үчүн эң маанилүүсү — Кудайга болгон ишеним жана өз ишенимдерибиз. Биз өз эгемендүүлүгүбүздү коргой алабыз жана керек болсо, өлкөбүздү жана аймактык бүтүндүгүбүздү коргоо үчүн жан берүүгө даярбыз. Биз согуш издебейбиз. Биз өзөктүк куралга умтулбайбыз деп көп жолу айтканбыз. Бирок кээ бир америкалык саясатчылардын аң-сезиминде ката түшүнүк орун алган, аны Нетаньяху согушту тутандыруу менен дагы курчутууда. Бул аймактагы согуш — бүтүндөй Жакынкы Чыгышта от тутантат. Эгер АКШ президенти ушундай келечекти кааласа — жолду уланта алат. Бирок эгер тынчтыкты кааласа (мен да тынчтыкка жана туруктуулукка ишенем) — анда сионисттик режимге аймакты өрттөөгө жол бербеши керек. АКШ президенти Нетаньяхуну токтотуу менен согушка чекит коюшу мүмкүн. Бул чечим — АКШ президентинин саясатына байланыштуу.

Т. Карлсон: Урматтуу президент мырза, бизге убакыт бөлүп, ойлоруңузду жана көз караштарыңызды билдирүүгө мүмкүнчүлүк бергендигиңиз үчүн ыраазычылык билдирем.

М. Пезешкиан: Биздин жүрөгүбүздө эмне бар экенин жана эмнеге ишенебиз — ошону сиз менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берилгени үчүн мен да ыраазымын. АКШ эли жана өкмөтү өз өлкөсүндө жана бул аймакта тынчтыкка жана бейпилдикке умтулат жана ага жетишет үмүти артам. Бул мүмкүнчүлүк үчүн рахмат.