Түштүк-Чыгыш Азиядагы жер титирөө: профессор себептерин атады

 Өткөн жума күнү Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталды, анын артынан 6,4 баллдык күчтүү сокку болду. Геофизика профессору бул окуянын мүмкүн болгон себебин мындайча түшүндүрдү.

 Мичиган университетинин геология боюнча ардактуу профессору Бен ван дер Плюйм Live Science басылмасына берген маегинде, Мьянманын сейсмикалык активдүүлүгү жогору болгон аймакта жайгашканын билдирди.

 Ал төмөнкү маалыматтарды берди:

Индия Индия плитасынын үстүндө жайгашкан жана ал 100 миллион жылдан бери түндүктү көздөй жылып келет.

  • 40 миллион жыл мурун Индия плитасы Евразия плитасы менен кагылышып, ошондон бери кыймылын улантып, Гималай тоолорунун пайда болушуна себепчи болгон.
  • Бүгүнкү күндө дагы Индия плитасы кыймылын улантып, жер катмарында энергия топтолот, ал жер титирөөлөр учурунда бошонуп чыгат.

 Профессор белгилегендей, мындай күчтүү жер титирөөлөр сейрек кездешет, бирок алар чоң кыйроолорго алып келиши мүмкүн.

 Жер титирөөнүн таасири:

  • АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, Мьянмадагы биринчи жер титирөөнүн магнитудасы 7,7 баллга жеткен.
  • Андан соң күчү 6,4 баллдык афтершок катталган.
  • Мьянма жана Бангкокто өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.
  • Сейсмикалык кызматтардын маалыматына ылайык, алгачкы силкинүүдөн кийин дагы 37 афтершок катталган.
  • Мьянма менен Таиландда каза болгондордун саны акыркы маалыматтарга ылайык, 1700гө жетти.