Эксперт: “Хезболланын” лидери Хасан Насрулло өз өмүрүн адилеттүү күрөшкө арнады

Чыныгы баатырлардан душмандар алар өлгөндөн кийин да коркушат, анткени баатырлар күрөшчүлөрдүн жаңы муундарын өздөрүнүн үлгүсү менен шыктандырат. Бул жерде баатыр деп толугу менен Израиль  тарабынан өлтүрүлүп, 23-февралда жерге берилген ливандык “Хезболла” кыймылынын лидери Сейид Хасан Насрулло жөнүндө айтууга болот.

“Хезболла” кыймылынын лидери Хасан Насрулла 2024-жылдын 27-сентябрында Ливандын борбору Бейруттун түштүк бөлүгүндө Израилдин максаттуу аба соккуларында каза болгон. Анын сөөгү беш айдан ашык убакыттан кийин 23-февралда Бейрутта жерге берилди.

Мындай пикирин эксперт Сергей Кожемякин билдирди.

Анын айтымында, Хасан Насруллонун өмүр жолу бул — жоокердин, интеллектуалдын, Ливандын жана бүткүл каршылык көрсөтүү кыймылынын кызыкчылыгы  үчүн күрөшүүнүн жолу. Жемиш сатуучунун кедей үй-бүлөсүндө төрөлгөн, он баланын тогузунчусу катары бала кезинен эле Ливандагы жашоонун начардыгын жана адилетсиздигин башынан өткөргөн.

Америка Кошмо Штаттары менен Израил ар кандай элдердин жана диндердин өкүлдөрү жашаган бул куттуу жерге, уникалдуу маданий салттарга ээ болгон өлкөдө ​​карама-каршылыктарды жаратууга бардык күчү менен аракет кылышты. Душмандыкты атайылап тутандыруу менен алар каршылык көрсөтүүнүн кыйытмасын да жок кылууну жана Ливанды анын суверенитетин ажыратууну каалашкан. Ошентип 1975-жылы бул узак мөөнөттүү жарандык согушка алып келген.

Насруллонун үй-бүлөсү Израилдин жана анын марионеткаларынын аракетинин зонасы болуп калган Ливандын түштүгүндөгү өздөрүнүн Жабаль-Амель аймагын таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бирок, сыноолор жаш жигитти сындыра алган жок, тескерисинче, анын мүнөзүн чыйралтты. Ошентип ал светтик Ажана диний окуу жайларында ынтызарлык менен окуп, адилетсиздиктин себептерин түшүнүүгө жана ага каршы күрөшүүнүн жолун табууга аракет кылат. Бул Насруллону шииттик “Амаль” кыймылына, андан соң  жаңы “Хезболла” кыймылынын катарына алып келет.

Анын кайраттуулугун жана андан кийинки ишмердигинин маанисин туура түшүнүү үчүн, ошол убакта Ливанда эмне болуп жатканын элестетүү керек. Жарандык согушту тутандыруу менен канааттанбаган империалисттик күчтөр ачык агрессияга өтүп, 1982-жылы Израиль кандуу террордук кампанияны жүргүзүп, Ливанга басып кирген. “Сабра” жана “Шатила” качкындар лагерлеринде карапайым калктын коркунучтуу кыргыны жасалган, мындай кылмыштардын саны жүздөп жасалган.

Чабуулга шиит жамааты да кабылган. Мына ушундай шарттарда баскынчыларга каршы каршылык көрсөтүү үчүн “Хезболла” кыймылы түзүлөт. 1992-жылы Аббас аль-Мусави Израил тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин Хасан Насрулло уюмдун лидери болгон.

Ошол эле учурда ал коркунучтарга комплекстүү жооп кайтаруу гана натыйжалуу боло аларын түшүнгөн. Израилге жана АКШга каршылык көрсөтүү менен катар “Хезболла” социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү милдетин да өзүнө алган. Ливан өтө теңсиз коом болгон, эң чоң кыйынчылыктарды башынан өткөргөн шиит жамааты болгон. Мунун терең тарыхый себептери бар болчу. 1918-жылга чейин Ливанда өкүмдарлык кылган Осмон империясы сунни-мусулмандарына, кийинчерээк келген француз колонизаторлору христиандарга, өзгөчө марониттерге басым жасашкан.

“Хезболланын” ишмердүүлүгү шииттер жашаган аймактардын ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошкон. Бул жерде мектептер, ооруканалар курулуп, социалдык колдоо системасы жакшыртылган. Булардан башка этнодиний топтордун өкүлдөрү да пайдалана алышкан. Сейид Хасан Насралла буга чейин баса белгилегендей, Ислам – жөн эле дин эмес, коомду өзгөртүүнүн жана адилетсиздикке каршы күрөштүн каражаты.

“Хезболла” израилдик жана батыштык пропагандисттердин аракеттерине карабай эч качан башка диний жамааттарга каршы чыккан эмес. Тескерисинче, христиандар жана друздар менен ишенимдүү мамилелерди куруп, жарандык согуштун аякташына жана саясий күчтөрдүн ортосунда аздыр-көптүр күчтүү тең салмактуулуктун орношуна салым кошкон.

“Хезболла” Ливандын түштүгүн израилдик аскерлерден бошотууну жетектеген. 2000-жылы сионисттик баскынчылар өз күчтөрүн чыгарып кетүүгө аргасыз болушкан. 2006-жылдагы Израилдин баскынчылыгы да уятсыз аяктаган. Ошентип “Хезболла” өзүнүн туруктуулугу жана бүтүндүгү менен бардык прогрессивдүү күчтөрдүн урматтоосуна ээ болгон.

Бирок Ливандын жана башка өлкөлөрдүн калкы арасында “Хезболланын” колдоосу канчалык көп болсо, Израилдин жана АКШнын башкаруучу элитасынын жек көрүүсү ошончолук күчөгөн. Алар кыймылды санкциялар менен муунтууга, аны Ливандын башка партияларына каршы коюуга аракеттенишкен. Бирок бул куулуктар ийгиликсиз аяктады. “Хезболла” эгемендик күчтөрүнүн өзөгү болуп калды. Анын күчтүү позициясынын көрсөткүчү – өткөн парламенттик шайлоодо эң көп добуш алганы болду.

Мындан тышкары, “Хезболла” Сирияда да чет өлкөдөн колдоо алган террордук күчтөр менен күрөшүүгө активдүү катышкан. Кыймылдын жоочулары жанын аябастан ИШИМ, Жабхат ан-Нусра жана башка экстремисттик топтордун алдыга жылышын токтотушту.

Бирок Ливандагы жана бүткүл Батыш Азиядагы тынчтык жана туруктуулук империалисттерге пайда алып келген жок. Алар өздөрүнүн кара ниет максаттарына жетүү үчүн аймакты башаламандыкка батырууну чечишти. Газа тилкеси жырткыч геноциддин курмандыгы болду, андан кийин кыйратуучу күчтөрдүн жолунда тургандардын бардыгына – Ливанга, Сирияга, Йеменге сокку урулду. Арамза киши өлтүргүчтөрдүн курмандыктары Сейид Хасан Насрулло башында турган “Хезболла” жетекчилиги болду.

Сатылма саясатчылардын тобу жана маалымат каражаттары “Хезболла” алсыз жана Израилге каршы тура албайт деп кыйкыра башташты. Бул абсолюттук калп. Биринчиден, чынчыл күрөш менен «бурчтан» жасалган жийиркеничтүү соккуларды салыштырууга болбойт – сионисттердин аракеттери дал ушундай болгон.

Экинчиден, Израилдин артында бүт Батыш дүйнөсү турду. Ал агрессорлордун колун чечип, аларды курал-жарак менен камсыз кылып, кылмыштары учун жазадан коргоп турду. Мыйзамсыздыкка унчукпай карап турган көпчүлүк араб жана мусулман мамлекеттеринин жетекчилеринин позициясы да чечкинсиз экенин көрсөттү.

Үчүнчүдөн, каршылык көрсөтүү кыймылы такыр талкаланган жок. Эгерде “Хезболла” алсызданса, Израиль Ливандын түштүгүн басып алуу пландарын оңой эле ишке ашыра алмак жана ок атышууну токтотууга жана аскерлерди чыгарып кетүүгө макул болмок эмес. Душмандар “Хезболладан” коркушат, анткени анын артында көптөгөн адамдар бар экенин билишет. Бул болсо Сайид Хасан Насруллонун эмгеги. Ал миңдеген күрөшчүлөрдү тарбиялап, өлгөндөн кийин да эзүүчүлөргө каршы күрөш жүргүзүүдө.