КРнын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты жана акыркы шайлоого талапкер болгон Турсунбай Бакиров өзүнүн алдыдагы паландары жана дин менен саясаттын, билим берүүнүн ортосундагы мамилелер тууралуу суроолорубузга жооп берди.
– Турсунбай ажы, бир канча жылдан соң жаңы дем менен кайра депутат болууга аттанып жатасыз, алдыга кандай максаттарды койдуңуз, бөлүшө кетсеңиз?
– Ооба, жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке аттандым, депутаттар тилекке каршы Жогорку Кеңештин кадыр-баркын буга чейин өтө төмөн түшүрүп коюшту. Ал эми парламент, Жогорку Кеңеш, бул үч бийликтин биринчи бутагы, тагыраак айтканда, эл шайлаган бийликтин бутагы. Мурдагы депутаттар болсо анын аброюн өтө эле төмөндөтүп жиберишти.
Буюрса, мына азыр ыйгарым укуктарды президент өз колуна алды. Ошол эле мезгилде парламентте эң негизги бийлик калды, бул – мыйзам чыгаруу, мыйзамдын ишке ашырылуусун көзөмөлгө алуу. Менин үмүттөнөөрүм, татыктуу инсандар парламентке келсе, биз мыйзам менен элдин жашоосун оңдоп беребиз. Өлкөнүн экономикасын, тышкы саясатын колдоп, көтөрүп беребиз. Ошондуктан мыйзам жазуучулардын доору келди десем жаңылышпайм.
Өткөн бешинчи чакырылышта ишке ашпаган менин пландарым калган, ошону ишке ашырам деген ойлорум бар. Ал убакта кырктан ашык мыйзамдарды кабыл алдыргам, дагы бир топ мыйзамдарым калып калган, ошолорду Аллах буюрса ишке ашырам. Жаңы ойлор келип жатат, эл менен кеңешип, сүйлөшүп жатам. Кыйын жигиттер, кыйын кыздар менен пикир алмашып жатам, алардын да ойлору бар экен, аларды да ишке ашырабыз буюрса. Ошондуктан толук мыйзам чыгаруучу катарында иштеп берейин деген үмүт менен шайлоого аттандым.
– Алдыдагы шайлоо өзгөчө болчудай, жаңы курамдагы парламентке, министрлер кабинетине, дегеле ажобузга кандай үмүттөр бар?
– Албетте, азыр президент өзү министрелер кабинетин түз дайындайт, анан аппарат жетекчиси өкмөттү башкарат. Бул жерде биз президенттик республика болгондон кийин, үмүт аткаруу бийликте – алар толугу менен биз кабыл алган мыйзамдарды ишке ашырат деген оюбуз бар.
Эң негизги мыйзамдардын бири бюджет. Буюрса, бюджетти толуктай турган беренелерди карасак, киреше булактарды таап, көбөйтүп берсек, анын чыгымдарын өкмөт менен президент бөлүштүрөт.
Дагы бир чоң план, биз сөзсүз түрдө Кыргызстандын беш миллиард доллар тышкы карызынан кутулушубуз керек. Ал үчүн биз мыйзам түрүндө инвесторлорго Кыргызстанга келип, завод, фабрикаларды ачууларына жана көп көп башка экономикалык чөйрөдөгү мекемелерде ишканаларды ачканга өбөлгө түзүп беришибиз керек.
Албетте, өндүрүш болбосо Кыргызстан өнүкпөйт, карыздан кутула албайбыз. Кыргызстанда өндүрүш болбосо мигранттар кете берет, алар өлкөбүздүн эң жаш катмары, колунан иш келгендер Кыргызстанда калбастан чет өлкөгө кетип калышат. Ошондуктан биз бул жагынан парламент жакшы өбөлгө, мыйзамдары түзүп беришибиз керек.
– Сиздин көпчүлүк колдоочуларыңыз дин тутунган мекендештер деп ойлойм, Сиз депутат болуп калсаңыз, колдоочуларыңыздын кандай таламдарын коргогонго аракет жасайсыз?
– Ооба, Альхамдулиллях электоратым жалаң намаз окугандар: ыймандуу кыздар, балдар, ага-инилер, эже-карындаштар, ата-энелер жана досторум. Биринчи кезекте биз бардыгыбыз Кыргызстандын келечегин ойлошубуз керек.
Азыр Батыш өлкөлөрү өздөрүнүн баалуулуктарын бейөкмөттүк уюмдар аркылуу күч менен болсо да Кыргызстанга алып келип жатат. Ошондой эле ар кандай жолдор менен Батыш маданияттарын киргизип жатышат. Биз аларга туруштук беришибиз керек жана мектептерге эң биринчи ыйман сабактарын киргизишибиз зарыл. Ыйман сабагы, дин таануу сабагы кирсе, биздин жаштар жакшы жолго түшүп, жаман жолго түшпөйт жана зордук-зомбулукка барбайт деп ишенем. Уяттуу, ыплас иштерден алыс болуп, өз өмүрүнө кол салуудан этият болушат.
Бүгүнкү күндө өкүнүчтүүсү, ар бир экинчи, үчүнчү үй-бүлө ажырашып жатат, ошондуктан үй-бүлөнү бекемдөө жолун да ушул мектептен баштап ыйман сабактарында үйрөтүү керек. Мектептерде кыздарды бөлөк, балдарды бөлөк окутуу каралышы зарыл. Алдыңкы өлкөлөрдө, Европа өлкөлөрүндө да балдар менен кыздарды бөлүп окутуу бар. Кыздар менен балдар чогуу окушуп, кыздар эркек мүнөздүү, ал эми балдар кыз мүнөздүү болуп кетип жатышат. Мейли, төртүнчү класска чейин чогуу окушсун, бирок бешинчи класстан баштап, балагатка жеткенден кийин биз кыздар менен балдарды өзүнчө окутушубуз керек деп ойлойм.
Бүгүнкү күнү аялдар эркектерди багып, Казакстан, Россияда иштеп жаткандары жакшы көрүнүш эмес. Эркектер майдаланып кетип, өзүн, үй- бүлөсүн бага албай тентип кеткени да жакшы көрүнүш эмес. Ошондуктан биз бул жаатта билим берүү тармагынан баштап, аялды аялдай, эркекти эркектей кылып тарбиялап окутушубуз зарыл.
Ошондой эле жоолук салынган окуучуларды коргоп чыкпасак, айрым директорлор мыйзамга каршы иштеп жатышат. Аларга эскертүү беришибиз же чара көрүшүбүз керек. Эмнеге кыска кийип, чачын сары, көк түстөргө боёп келгендерге унчукпайт дагы, уяттуу жерлерин жаап келген кыздарга кысым көрсөтүп, мектепке киргизбей укуктарын бузушат?!. Албетте, намаз окугандарды да колдошубуз керек; биз 85% мусулман калк болгону менен намаз окугандарга шарт түзүп бере албай жатабыз. Эмне үчүн биз жума күндү дем алыш кылып, көпчүлүктү түзгөн калктын укугун коргоп бере албайбыз?
Мындан башка дагы башка бешинчи чакырылышта өтпөй калган пландарды ишке ашыруу керек. Мисалга, басмачыларды актоо мыйзамын жазган элем, анткени бизди жетимиш жыл бою башкарып, саясатын таңуулаган Россия да экинчи Николайды жана Ак гвардияны жарандык тынчтыкка, элдешүүгө алып келишкен деп акташты.
Бизде болсо ушул күнгө чейин “басмачынын урпагы” деп бөлүп келишет, басмачыларды элдин душманы кылып көрсөтүшөт, ошонун баарын мыйзам менен өзгөртүү керек.
– Айрымдар “дин менен саясатты аралаштырган болбойт” деп айтышат. Сиз буга кандай карайсыз?
– “Дин менен саясатты аралаштырбагыла” деген сабатсыз, билимсиз адамдар. Мисалы, христианды, иудаизмди алып көрөлү, аларда дин негизинде өлкөлөр түзүлүп, цивилизациялар пайда болуп жатпайбы. Христиан өлкөлөрүнүн бардыгында христиан динине негизделген христиандык партиялар бар. Мындай нерсе жада калса Америкада да, Латин Америка же Түндүк Америкада болобу бардыгында бар. Бардык министрлери, депутаттары Библияга колун коюп ант беришет. Эми христиан эмес, Израилди алып көрсөк, алар Израиль иудейлердин мамлекети экенин ачык айтышат. Тоорага моюн сунуп, колун коюп ант беришет.
Мусулман өлкөлөрүндө болсо, Куранга моюн сунушат, ал эми бизге келгенде эле “бөркүн ал десе башын алып салмай” бар.
Керек болсо Японияны же Тайланды алып көрсөк, алар да өздөрүнүн дин негизине түптөлгөн мамлекеттерге киришет. Ошондуктан менин оюмча саясатчынын диний көз карашта болуусуна тоскоолдук болбошу керек. Эмне үчүн биз атеисттик көз карашта болгондорго унчукпадык?! Биз атеисттик доордо жашадык; СССРдин курмында жашап, кийин бөлүнүп кеткен өлкөлөрдө атеизм бар эле. Кытай да бүгүн атеизмдин негизинде өнүгүп келе жатат. Алардын катарында Вьетнам, Корея, Куба да бар.
Эмнеге мусулмандар өлкөсүнө келгенде биз кысым көрсөтүшүбүз керек?! Ислам башка диндерден кем эмес дин го? Канчалаган цивилизацияга салым кошту, мусулман аалым, саясатчылардын эмгеги зор эле го?
Ошондуктан эч качан “дин саясаттан алыс” деп айтпашыбыз керек. Андай болсо христиан, атеисттик, иудейлер өлкөлөрүндө да динге тыюу салуу болуш керек эле да?
Ислам тарыхында Мухаммад (с.а.в) өзү саясатчы болгон. Ал халифатты башкарган, кийинки халифа, падышалар, бардыгы саясатчы болушкан. Ар бир өлкөнүн султаны, падышасы, эмири саясатчы. Ошондой эле ар бир өлкөдө тышкы жана ички саясатты жүргүзгөн ажо, президент, халифа, падыша, эмирлер болот, анан кантип аларды биз саясатчы дебейбиз?!
(Эскертүү: маек Парламентке шайлоонун алдында алынган. Бирок тиешелүү мыйзамга ылайык, андан кийин жарыяланууда).
Маектешкен: Каныкей Жаманкулова.