Коронавирустун омикрон штамы менен байланышта табигый түрдө пайда болгон иммунитет COVID-19 козгогучунун башка варианттарынан коргонууга кепилдик бере албайт.
Мындай пикирин орусиялык вирусолог, медицина илимдеринин доктору, Гамалея борборунун профессору Анатолий Альтштейн билдиргенин “Риа Новости” жазды.
“Азыр омикронго каршы өндүрүлгөн антителолор мурунку штаммдарга каршы начар иштейт деген далилдер бар. Бизде “Delta” штаммы дагы эле бар, калгандары бул эпидемиянын өнүгүшүнө дээрлик эч кандай роль ойнобойт”, – деди дарыгер.
Альтштейн белгилегендей, антителолордун иммундук коргоону камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү оорунун оордугуна жараша болушу мүмкүн.
“Оору оорураак өтсө антителолор көбүрөөк, жеңил өтсө антитело азыраак болушу мүмкүн. Бирок, адамдын өзгөчөлүктөрүнөн жана анын иммунитетинен да көз каранды болот. Мүмкүн адам ооруну жеңил эле өткөрүп, кийин антитело көп болушу да мүмкүн», – деп кошумчалады ал.
Вирусолог ошол эле учурда COVID-19дун омикрон штаммынан айыккан адамдарда коронавирустун башка варианттарына такыр иммунитет жок деп айтууга болбой турганын баса белгиледи. Бирок, илдеттин бул түрүнөн кийин иштелип чыккан антитело COVID-19 козгогучунун башка варианттарынан коргонууга кепилдик бере албагандыктан, коронавирустун бардык варианттарына каршы иммунитетти бекемдөө үчүн эмдөөдөн өткөрүүнү сунуштады.