Дүйнөлүк державалардын Борбор Азия өлкөлөрүнө кызыгуусу артууда. Алардын бул аймакта кандай кызыкчылыгы бар?.
Миссионерлер неге тынбай каттап жатышат?
Жакында Франциянын президентинин атайын өкүлү Изабель Дюмон Кыргызстанга келди. Атайын өкүл болгон соң ал Франциянын президенти Э. Макрондун бир салам-дубайын биздин президентке жеткирүү үчүн келгени айтпаса да түшүнүктүү. Ал кандай салам-дубай болду экен?
Андан мурда Сербиянын өкмөт башчысынын биринчи орун басары, Тышкы иштер министри Ивица Дачич иш сапары менен келип, президент Садыр Жапаров, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ж. б. менен жолугушкан. Сербия менен Кыргызстандын ортосунда соода-экономикалык мамилелер жокко эсе. Дачичтин мурда бир нече жыл Сербиянын өкмөтүнүн башчысы, эки жылдай ОБСЕнин төрагасы болуп иштеген, өлкөдөгү Социалисттик партияны жетектеген Европалык масштабдагы ири мамлекеттик жана саясый ишмер экенин эске алганда, ал да Еврошериктештиктин атайын тапшырмасы менен келгендиги айтпаса да түшүнүктүү болуп турат.
Марттын башталышында АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Астанага келип, ал жерге Борбордук Азия республикаларынын тышкы иштер министрлеринин баардыгын чогултуп сүйлөшүп, Ташкентке барып Шавкат Мирзиёевге да жолуккан. Анда ЖМКлар үчүн кызматташтык, достук, коопсуздук ж. б. маселелер талкууланганы жөнүндө дүжүр пресс-релиздер таркатылганы менен анын негизги максаты Борбордук Азия өлкөлөрүнө Батыштын Россияга каршы киргизген санкцияларын бузбоону эскертүү болгону талашсыз. Анткени, АКШ менен Еврошериктештик Россияга каршы 10 пакеттен турган санкцияларды киргизгенден тартып, Кавказдагы, Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн Батыштан импорттогон товарларынын көлөмү кескин көбөйүп, Россияга экспорттогон товарларынын айрым түрлөрү эселеп өсүп кетти.
Өткөн жылы Грузиянын экономикасы 12 пайызга өстү, анда, албетте, согушка баргандан качкан орус мигранттарынын, реэкспорттук товарлардын да салымдары бар. Андай көрүнүш Казакстанга, Борбордук Азиядагы башка өлкөлөргө да мүнөздүү болуп саналат. Капчыктуу орус мигранттары, реэкспорттор Кыргызстандын экономикасына оң таасирин тийгизүүдө. Мындай көрүнүштөр улантыла берсе, Батыш киргизген санкциялардын Россияга тийгизген таасири да начарлай бере турганы талашсыз. Батыштагылар аны каалашпайт. Ошондуктан ал жактан миссионерлер бул жакка тынбай каттап, өздөрүнүн кожоюндарынын конфиденциалдуу салам-дубайларын жеткирип жатышат. Алардын мазмундары эмнеде?
Биринчи, эң жумшак эскертүү, анан ар кандай преференцияларды убада кылган алдоо түрүндө болуп жатканы талашсыз. Анткени, ачыктан ачык опузалап, айрым республикаларга символикалык санкцияларды киргизишсе, анын пайдасынан зыяны көп болорун, антишсе Казакстан, Борбордук Азиядагы республикалар биротоло Россия менен Кытайга ыктап кетишерин, анда санкциялардын таасири дагы төмөндөөрүн билип турушат. Чындыгында Россия менен Кытайга Борбордук Азиядагылар гана эмес, Кавказдагы республикалар, Азиядагы көпчүлүк өлкөлөр биротоло ооп кетишсе, АКШнын, Европанын санкциялары практикалык маанисин жоготуп коюшу да ыктымал.
Кытай мышыктай аяр кадам жасаса, Батыш эски демагогияларын гана таңуулоодо
Кытай өзүнүн дүйнөгө таасирин экономикалык жумшак жолдор менен таркатып, бекемдөөгө артыкчылык берсе, АКШнын, Батыштын тышкы саясаттагы доктринасы өздөрүнүн саясый, экономикалык жана гуманитардык баалуулуктарын күчтөп киргизип, таңуулоого негизделген. Кытай башка өлкөлөрдүн ички иштерине таптакыр кийлигишпейт, анын тышкы саясаттагы үч принцибининин бири ошондой. Ал коммунисттердин “эки кадам алга, бир кадам артка” деген эски тактикасы менен баратат. Ошондуктан анын кадамын мышыктыкына салыштырса болот. Мышык да опурталдуу жерлерге туш болгондо алгач алдыңкы бир бутун сунуп, кыртышка, же башка нерселерге тийгизип, алардын жумшактыгын же катуулугун текшерип көргөндөн кийин анан кадам жасайт эмеспи. Кытай да тышкы саясатын ошол ыкмада жүргүзөт. Алсак, ал Россиянын Украинага жасаган атайын операциясын айыптаган да, колдогон да жок. Бирок, санкцияларга кошулбады. Си Цзиньпин өткөн айда Москвага мамлекеттик иш сапар менен келгенде дүйнөлүк коомчулук согушту токтотконго ортомчу болобу деп күттү эле, анын андай ою деле болбогонун, иш сапардын алдындагы 12 пункттан турган тынчтык сунушу жөн эле анын Москвага сапарына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн кызытып туруу үчүн эле чыгарылган жарнама экени ачык болду. Батыштагылар В. Путинди камоо жөнүндө вердикт чыгарышса, ал Россиянын президенти өзүнө жакын экенин билдирүү максатында жылуу жумшак “берегите себя” деп кетти. Франциянын президенти Эмманюэль Макрон менен Европалык комиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен согушту токтотуга ортомчу болушун өтүнүшүп Пекинге барышканда да ал “бар” же” жок” деген жооп айтпады. Жалпы сөздөр менен гана чектелди.
Кытай башка элдер менен АКШга окшоп демагогиялык басым-кысымдар, куралдын күчү менен эмес, экономикалык, гуманитардык жолдор аркылуу байланыштарын бекемдеп, таасирин арттыргысы келет. “Бир алкак жана бир жол” долбоору ошого багытталган.
АКШнын администрациясы өзү үчүн эң башкы атаандаш Кытай экенин ачык жарыялаган, Россиянын ага атаандаш болгонго күчү жетпейт, ал дүйнөлүк тартипке коркунуч туудуруп жаткан гана утурумдук “бейбаш”. Батыштагылардын пикирлери боюнча, Россияны экономикалык жолдор менен эле алсыратып, Борбордук Азияга таасирин төмөндөтсө болот. Бирок, Кытайдын таасирин экономикалык жолдор менен гана азайтууга мүмкүн эмес, анткени анын экономикасы дүйнөлүк экономиканын 20 пайызын түзөт. Кытайдын экономикасындагы олку-солкулар АКШнын, Еврошериктештиктин экономикаларына да таасирин тийгизбей койбойт. Ошондуктан Батыштагылар Кытайдын айланасындагы өлкөлөргө өздөрүнүн саясый, экономикалык жана гуманитардык таасирлерин күчөтүп, преференциялар аркылуу аларды өздөрүнүн сателлиттерине болбосо да тилектештерине айландырып, акырындап сырттан сыгып жакындап, санитардык алкак түзгөнгө умтулушууда. Бирок, алардын бул аракеттери ишке ашпайт, келечеги жок. Эмне үчүн?
Кытай иш жүзүндө дүйнөнүн экинчи борборуна айланган
Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөлөрдүн дээрлик баардыгы эбак эле экономикалык жактан Кытайга көз каранды болуп калган, андагы 14 өлкөнүн экономикасы, каржылык системасы этникалык кытайлардын колдорунда. Борбордук Азиядагы гана эмес, жалпы Азиядагы, Африкадагы, Латын Америкасындагы көпчүлүк мамлекеттер өздөрүнүн тышкы соода-экономикалык байланыштарын Кытайсыз элестете алышпайт. Маселен, өткөн 2022-жылда Кытай жалпы көлөмү 3,6 триллион долларлык товарларын экспорттоп, дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Алыска барбай өзүбүздү эле алсак, өткөн жылы Кытай менен болгон соодабыздын көлөмү 3,5 миллиард долларга жетти. Бул Кыргызстандын жалпы сырткы соодасынын 70 пайызынан ашык.
Жылдан жылга Кытайдын чет өлкөлөргө салган инвестицияларынын көлөмү да артууда. Анын инвестициялык мүмкүнчүлүгү абдан чоң, алтын валюталык кору 4 триллион долларга жакын. Кытай инвестицияларын экспорттогонго жараша, чет өлкөлөрдүн ага карызы да өсүүдө. Алсак, өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн эле Кытайга карызы 385 миллиард доллар. Эң негизгиси, Кытай кредиттик, гранттык иштерин саясатка аралаштырбайт, кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү болгон өлкөлөргө эч кандай саясый шарт койбостон, биринчи кезекте кошуналарына берип келет. Ал эми АКШ, Батыш өлкөлөрү кредит-гранттарынын баардыгын саясатка байлап коюшкан. Грант беришсе, мынабу мыйзамдарыңарды өзгөрткүлө, тигилерди киргизгиле дешсе, кредит ачышса, тармактарды реформалоону талап кылышат. Батыштын ПАСЕК программасы Кыргызстандын өнөр жайын, социалдык чөйрөсүн ошентип талкалаган. Дагы бир жагы, Кытай кредит-гранттарды мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, юридикалык жактарга гана берсе, Батыштагылар жарандык коом деген шылтоо менен НПОлор, жеке адамдар аркылуу берип жүрүп, аларды биротоло коррупциянын уюгуна айландырып салышты. Анткени, алар аркылуу келген кредит-гранттардын эң жакшы дегенде жарымы араң максатына жумшалса, калгандарын жол-белде жалган кагаздарды толтуруп жеп жутуп коюшууда.
Мына ушул реалийлерден алганда, Кытайды Борбордук Азия түгүл, жалпы Азиядан, Африка менен Латын Америкасынан деле сүрүп чыгарганга мүмкүн эмес. Батыштын кабинеттик ойчулдары, эксперт-баяндамачы дегендери ар кандай болжолдорду айта, жаза беришсин, алар ошон үчүн акча алышат, бирок Кытай ачык айтылбаган менен азыр дүйнөнүн экинчи борборуна айланды. Жылдан жылга өз позициясын бекемдеп гана бара жатат.
Россия менен Түркиячы?
Тилекке каршы, Союз кыйрагандан берки мезгилде Россия геосаясый жактан өз позициясын бекемдей албады, жаңы союздаштарды таппады. Экономикасында, аскер өнөр жай комплексинде дүйнөлүк мааниде жылыш болбоду, бир да бренддик товар чыгара албады. Эгерде саясый эрки болсо, Россия Борбордук Азиядагы, Кавказдагы республикалардын экономикаларын эбак эле өз таасирине өткөрүп алса болмок. Кыргызстанга, Тажикстанга ГЭСтердин каскаддарын, Өзбекстанга, Түрмөнстанга айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар тармагын куруп, көзөмөлдөөчү пакеттерди өзүнө алып калса, кош пайда көрмөк. Бир жагынан жумшаган каражаттарын акырындап кайтарып алса, экинчи жагынан экономикаларыбызды да көзөмөлдөмөк. Ага толук саясый, каржылык мүмкүнчүлүк бар болчу. Аларга Украинага берген преференцияларынча же Батыштын банктарында сакталып туруп, азыр камакта калган валюталарынын бештен бир бөлүгүнчө акча кетмек. Россия үчүн Союз таркагандан кийинки убакыт негизинен текке кеткен мезгил болду. Эми анын ордун толтурганга мүмкүн эмес. Мезгил Россияны эми артка гана сүрө берет. Бирок, дагы 20–30 жылга чейин Россиянын саясый, экономикалык таасиринде болобуз. Муну да көңүлдөн чыгарбоо керек.
Түркия азырынча биз үчүн маданий, этникалык фактор катары гана кабылданат. Чек араларыбыз чектеш болсо, интеграциялык процесстер жана соода-экономикалык, гуманитардык мамилелер азыркыдан кыйла тездемек. Бирок, түрк тилдүү элдердин өздөрүнүн тектик иденттүүлүктөрүнүн негизинде биригүүгө өзгөчө ынтаа-ыклас кылып жатуусу ага карабастан процессти илгерилетет. Эгерде конфедеративдик типтеги башкаруу органдары, бирдиктүү армия, ж. б. түзүлсө, анда түрк тилдүү мамлекеттер да чоң державага айланып, экономика-соода байланыштары мурдагыдай өнүгө берген менен кошуна жана шериктеш эки державанын саясый таасири кескин төмөндөмөк. Бирок, ага чейин көп убакыт бар.
Мирлан Дүйшөнбаев.
Булак: “Жаңы ордо”.