Израилдин аба күчтөрүнүн Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарындагы чатыр лагерине жасаган соккусунан кеминде 40 киши өлүп, ондогон киши жарадар болду.
Бул тууралуу Палестинанын жарандык коргонуу кызматы тараткан билдирүүдө айтылганын WAFA маалымат агенттиги жазды.
“Израилдин соккуларынан 40ка жакын адам каза болуп, ондогон адам жарадар болду, алардын көбү балдар жана аялдар. Бул жерден 100 миңдей адам баш калкалоочу жай тапкан”,- деп айтылат билдирүүдө.
Палестинанын президентинин басма сөз катчысы Набил Абу Рудейна Израиль армиясынын Рафах шаарындагы жер которгондордун чатыр шаарчасына жасаган чабуулун сынга алып, аны “бардык чектен чыккан атайылап жасалган кыргын” деп атады.
«Израилдик оккупациялык күчтөрдүн бул жийиркеничтүү кыргыны БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бардык резолюцияларына, атап айтканда Эл аралык Соттун (ЭКС) Израилге Рафах шаарына аскердик чабуулун токтотуп, Палестина элин коргоону камсыз кылууга буйрук берген так чечимине каршы чыгуу болуп саналат”, – деди Абу Рудейна.
Ал бул кылмыш үчүн жоопкерчиликти АКШнын администрациясына жүктөп, Израилди финансылык жана саясий жактан колдоо боюнча америкалык позиция Израилдин бардык нормаларды бузуп, коркунучтуу кыргындарды жасап жатышынын негизги себеби болуп саналат деп билдирди.
Израиль Эл аралык соттун чечимине карабай Рафахка чабуулдарын улантууда.
Өткөн аптада Гаагадагы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соту 24-майда Израилди Газа тилкесиндеги Рафах шаарындагы операцияны токтотууга жана палестиналыктардын геноциди тууралуу билдирүүлөрдү иликтөө үчүн анклавга эл аралык инспекторлор тобун киргизүүгө милдеттендирген. Түштүк Африканын өтүнүчү менен каралган чечимди 15 судьянын 13ү колдоп, Уганда менен Израилдин өкүлдөрү каршы чыккан.
Чечим боюнча Израиль Рафахтагы операцияны дароо токтотуп, анклавга гуманитардык жардамдарды өткөрүү үчүн Газа тилкеси менен Египеттин чек арасындагы “Рафах” көзөмөл-өткөрүү пунктун ачышы керек. Андан сырткары, Израилдин бийликтери бир айдын ичинде бул буйруктун аткарылышы тууралуу отчет бериши керек.
Мындан тышкары, Израиль соттун чечимине ылайык, Газа тилкесине БУУнун жана гуманитардык жардам уюмдарына, палестиналыктардын геноциди тууралуу билдирүүлөрдү иликтөө үчүн фактыларды аныктоочу миссияларга, тергөөчүлөргө жана журналисттерге далилдерди чогултуу үчүн уруксат бериши керек.
Израилдин Рафахтагы кургактагы операциясы Газа тилкесинде согуш башталгандан жети ай өткөндөн кийин, 7-майга караган түнү башталган.
Израилдин армиясы миллиондон ашык палестиналык баш калкалаган Рафахтан элди эвакуациялоого буйрук берген. Андан бери Рафахтан 450 миңдей палестиналык чыгып кетүүгө аргасыз болду. Алар кайда барарын билишпейт, коопсуз жай жокко эсе. Израилдин аскерлери Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө уруксат берилген “Рафах” жана “Керем Шалом” өткөрмө пунктуларын да жапкан.
Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери анклавда 35 миңден ашуун адам каза болуп, 79 миңден ашууну жарадар болду.