ДСУ маймыл чечегин кайрадан өзгөчө кырдаал катары жарыялады

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму (ДСУ) шаршемби күнкү жыйынында mpox инфекциясынын коркунучун кайрадан дүйнөлүк өзгөчө кырдаал деп жарыялады.

2022-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) расизмге жана стигматизацияга каршы күрөшүү үчүн маймыл чечегинин анлисче аталышын “Monkey pox” деген сөздөн mpox деп кыскарткан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун расмий өкүлдөрү акыркы жумаларда Африка өлкөлөрүндө чечектин ири эпидемиясы болгонун жана оору башка континенттерге жайылышы мүмкүн экенин айтышты.

ДССУнун башкы директору Тедрос Гебрейюс X социалдык тармагында mpox инфекциясына байланыштуу кырдаал эл аралык деңгээлде тынчсызданууну жаратып жатканын жазды. Ал кошумчалагандай, ДСУ инфекциянын жайылышын алдын алуу жана дарылоо үчүн жаңы эпидемиядан жабыркаган өлкөлөрдө да, дүйнө жүзү боюнча да иш алып барат.

Мурдараак Африкада mpox кырдаалынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланган. Жыл башынан бери Африканын 18 өлкөсүндө 15,000ден ашуун учур жана 461 өлүм катталды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 160 пайызга көп. Анын 90 пайыздан ашыгы Конго Демократиялык Республикасына туура келет. Бир нече африкалык өлкөлөрдө – Бурунди, Кения, Руанда жана Угандада биринчи жолу mpox инфекциясы катталды.

Африкага ооруну көзөмөлдөө үчүн 10 миллион вакцина керек, ал эми учурда 200,000 гана вакцина бар.

2022-жылдын июль айында ДСУ mpox эпидемиясын глобалдык өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Ал убакта болжол менен 70 өлкөдө оорунун 16 миңден ашуун учуру катталган. Африкадан башка жерде mpox инфекциясынын учурлары биринчи жолу дээрлик бир жыл мурун катталган. Орусияда мындай эки учур тастыкталган. 10 айдан кийин ДСУ кырдаал көзөмөлгө алынганын жана өзгөчө кырдаалды токтотконун жарыялаган. Жаңы эпидемия вирустун жаңы штаммынын натыйжасы болушу мүмкүн.

Маймыл чечегинин белгилери кадимки чечек оорусунукуна окшош. Илдетке чалдыккан адамдын дене табы көтөрүлүп, башы, булчуңдары ооруп, бездери чочуп, алы кетиши мүмкүн. Андан кийин бетинде бүдүр пайда болуп, бара-бара денесинин башка жерлерине жайылышы ыктымал. Маалыматка караганда, бул дарттан көз жумгандардын пайыздык көрсөткүчү төмөн.

Комментарий жиберүү