Түркмөн элинин улуттук лидери Иранга келди. Аны өлкө президенти жана Жогорку лидери кабыл алды

Түркмөн элинин улуттук лидери, Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов 28-августта иш сапары менен Иран Ислам Республикасына келди. Бул сапар Түркмөнстан менен Ирандын мамлекеттер аралык диалогун бекемдөөгө багытталган.

Сапардын алкагында, Бердымухамедов Тегеранда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жана Жогорку лидери Али Хаменеи менен жолугушуп, эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду.

Стратегиялык келишим

Ирандын президенти Масуд Пезешкиян Түркмөнстандын улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедов менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында ортодо жакшы жана эффективдүү диалог болгонун белгиледи.

“Иран менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык келишимдерге кол коюлду жана бул байланыштар жана макулдашуулар башка тармактарда дагы кызматташтыкты арттырууга алып келет деп ишенебиз”, – деди Пезешкиан.

Түркмөн лидери өз кезегинде Иран президентинин жылуу кабыл алгандыгына жана меймандостугуна  ыраазычылык билдирди.

“Биз ирандык бир туугандар менен кызматташууга ар дайым чоң маани беребиз, бул кызматташтык узак тарыхый салтка ээ жана аны мындан ары да кеңейтүүгө умтулабыз”, – деди Бердымухамедов Пезешкян менен биргелешкен маалымат жыйында.

Ал сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө газ, энергетика, электр энергиясы, жол жана транспорт сыяктуу ири маселелер жана долбоорлор талкууланганын айтып, алардын жыйынтыгы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн оң болоруна ишеним билдирди.

Бердымухамедов Иран менен Түркмөнстандын ортосундагы кеңири кызматташтыкты баса белгилеп, Пезешкянды Түркмөнстанда өтө турган түркмөн акыны Махтымкули Фрагинин жылдыгына арналган иш-чараларга катышууга чакырды.

Түркмөн элинин улуттук лидеринин Ирандын президентинин ортосундагы эки тараптуу, андан кийин эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда өткөн бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында энергетика, деңиз транспорту жана бажы тармагында эки тараптуу маанилүү документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

  • «Түркмөнгаз» мамлекеттик концерни менен Ирандын улуттук газ компаниясынын ортосундагы жаратылыш газы тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Түркмөнстандын Түркмөнбашы эл аралык деңиз порту менен Иран Ислам Республикасынын Амирабад портунун ортосундагы бир тууган шаарлардын порт мамилелери боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги менен Ирандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташуу планы;
  • 2025-2026-жылдарга карата Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Иран Ислам Республикасынын Бажы башкармалыгынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы.

Ирандын Жогорку лидери менен болгон жолугушуу

Халк Маслахатынын төрагасы менен Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи менен болгон жолугушуусында тараптар Түркмөнстан менен Ирандын достук, бир туугандык, жакшы коңшулаштык жана өз ара урматтоо принциптерине негизделген кылымдардан бери келе жаткан байланыштарын чыңдоону талкуулашты.

Бул жолугушууга Ирандын президенти жана эки өлкөнүн делегация өкүлдөрү да катышты.

Аятолла Хаменеи Гурбангулы Бердымухамедовду жылуу кабыл алып, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин динамикалуу өнүгүп жаткандыгына жогору баа берди.

Ал Иран менен Түркмөнстандын мамилеси акыркы жылдары жакшы өнүгүп жатканын, бирок мындан аркы кызматташуу үчүн дагы эле көп мүмкүнчүлүктөр бар экенин жана алар колдонулушу керектигин баса белгиледи.

Аятолла ошондой эле эки өлкөнүн биргелешкен долбоорлорун, анын ичинде Түштүк-Түндүк автожол долбоору жана Түркмөнстан газ куурларын өнүктүрүү долбоорлорун да маанилүү деп эсептеп, мындай чоң долбоорлордун ирандык эксперттердин жана адистердин катышуусу менен ишке ашырылышы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдей турганын кошумчалады.

Өз кезегинде түркмөн элинин улуттук лидери түркмөн-иран кызматташтыгынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Тегеранга болгон сапар бул мамилелердин стратегиялык маанисинин далили экенин белгиледи.

Түркмөнстандын улуттук лидери ошондой эле Ирандын маркум президенти Ибрахим Раисинин элесин эскерип, анын эки өлкөнүн алакасын кеңейтүү боюнча жасаган аракеттерин баса белгилеп өттү.

Ал Түркмөнстан менен Ирандын ортосундагы узун жана жалпы чек ара дайыма тынчтыктын жана достуктун чек арасы болуп келгенин жана болуп кала берерин белгилеп, Иран менен бардык тармактарда мамилелерди кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Тараптар ар түрдүү тармактарда, анын ичинде маданий-гуманитардык чөйрөдө жемиштүү өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти, бул мындан аркы кызматташуу үчүн кеңири перспективаларды ачат.

Комментарий жиберүү